Бул жолугушуу маалында президент Жорж Уокер Буш Ху Цзинтаону Ирандын өзөктүк программасын токтотуу маселесинде анча-мынча болсо да расмий Вашингтонго жакындатуу аракетин көрмөкчү.
Эл аралык тынчтык боюнча Карнеги корунун синолог адиси Майкл Суэйн (Michael Swaine) мырзанын айтымында, расмий Бээжин башка өлкөлөрдө, болгондо да, өзүнүн чек арасына жакын мамлекеттерде өзөктүк куралдар өндүрүлүп жаткандыгына кайдыгер карап кала албасы анык:
- Түндүк Корея Кытайга чектеш эмеспи. Бул өлкө кооптуулуктун башкы коркунучунан болууда. Кытайлыктар мындай турумду каалабас эле. Ал эми Иранга келсек, ал деле Кытай чегинен анча узакта жайгашкан эмес. Ислам дүйнөсүндөгү Ирандын ордун жана исламдык фундаментализмдеги жагдайды талдасак, анда бул өлкө деле Кытайдын батыш өңүрү үчүн кыйла коркунуч туудурат.
Бирок, ошого карабастан, расмий Бээжин Иран уран байытуу далаалаттарын токтотпой турган болчу болсо, ага каршы жаза чараларын көрүү сунушун жактырбоо менен кабыл алууда.
Суэйн мырзанын оюнча, бул жолу деле президент Буш Тегерандын өзөктүк пландарын токтотуу үчүн жаза чараларын көрүү жаатында ири жеңилдиктерге барууга өзүнүн кытайлык кесиптеши Ху Цзинтаону ынандыра албай тургандай.
Орусия болсо бүгүн да өзүнүн буга чейинки мамилесин тастыктады.
Орусиянын Өзөктүк кубат агенттигинин башчысы, Орус-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Сергей Кириенко бүгүн Бишкекте премьер-министр Феликс Кулов менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүп жатып, Иран маселесине кайрыла кетти:
- Орусиянын туруму, бир жагынан, мындай: дүйнөдөгү ар кандай өлкө, анын ичинде Иран, өзөктүк отунду тынчтык максатта өнүктүрүүгө акылуу. Бул – биринчи принцип. Ал эми экинчи принциптин маңызы мында: эл аралык коомчулук өзөктүк курал-жарактарды жаңыдан өндүрбөө жана жайылтпоо талабын аткаруу жаатында кыйшаюусуз кепилдикке ээ болууну талап кылууга акылуу. Маселе – бул эки принциптик талаптарды айкалыштырууда турат.
Ал эми Ирандын коргоо министри Мустафа Мухаммад Нажжар болсо бүгүн Азери ордо шаары Бакуда чыгып сүйлөп, Батыштын, анын ичинде АКШнын эскертүүлөрүн четке какты:
- Буш мырзанын бул коркутуп-үркүтүүлөрү жаңы көрүнүш эмес. Алар ушул сыяктуу эскертүүлөрдү соңку 27 жыл ичинде бир далай жолу жасашкан. Кимде-ким уламдан-улам эле курулай бабырай берсе, демек, анын кудурети деле жок.
Демек, азырынча, ар ким өз турумунда кала берүүдө.