Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:49

АКШ: ДҮЙНӨ КООМЧУЛУГУ БАСАЕВДИ ТЕРРОРЧУ КАТАРЫ ТААНЫГАН ЭЛЕ


Чечен жикчилеринин айтылуу колбашчысы Шамил Басаевдин Ингушетиянын аймагында өлтүрүлгөндүгү тууралуу кремлдик кабар дүйшөмбү күнү кечинде чагылгандай таркады. Бирок анын чындап өлтүрүлгөндүгү тууралуу башка булактар аркылуу тастыктоо оңойго турган жок. Акыры чечен жикчилеринин интернет барагы да бул кабарды ырастап, бирок Кремл айткандай, ал атайын аскердик чаранын жүрүшүндө эмес, кокусунан болгон жарылуудан улам каза болду деп чыкты. АКШнын өкмөтү расмий Кремлди колдоп, Басаевди террорчу катары мүнөздөдү.

Орусиянын өкмөтү чечен жикчилеринин колбашчысы Шамил Басаевдин набыт болгонун кечээ (дүйшөмбү күнү) жарыялап, аны дүйнөдөгү эң коркунучтуу террорчулардын сабында турган жоочу катары сыпаттады.

Ал эми АКШ өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Тони Сноу ошол эле күнү бул окуяга кайрылып, азырынча Басаевдин өлүмү жөнүндө тастыктоого мүмкүн болбой жатканын, бирок Ак Үй анын иш-аракетин расмий Кремл сыяктуу эле кескин түрдө террорчулук катары баалаарын мындайча билдирди:

- Ал террорчу болчу. Ал бир катар ири террордук чабуулдар үчүн, анын ичинде 2004-жылкы Бесландын мектебине жасалган чабуул үчүн да жоопкерчиликти өз мойнуна алган болчу.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын жетекчиси Николай Патрушев өлкө президенти Владимир Путинге Шамил Басаев Ингушетияда атайын иш-чаранын натыйжасында өлтүрүлгөнүн билдирген.

Ингушетиянын вице-премьери Башир Аушевдин “Интерфакс” агенттигине билдиришинче, дүйшөмбүгө караган түнү жумурияттын Экажево аттуу кыштагында жардыргыч заттары бар бир КАМАЗ жарылып кетип, анын жанындагы жоочулар набыт кеткен.

Чечен жикчилеринин интернет барагы да бир нече сааттан кийин бул кабарды ырастады, бирок Кремл айткандай, Басаев атайын аскердик чаранын жүрүшүндө эмес, жардыргыч дүрмөт салынган машинанын кокусунан жарылып кетишинен улам каза болду деп чыкты.

Президент Путин Басаевдин өлүмү анын жасаган каргашалуу террордук чабуулдарынын кусурунан болду деп билдирди.

Ал эми чечен жикчилеринин Ичкерия аттуу таанылбаган өкмөтүнүн тышкы иштер министри саналган Ахмед Закаев кечээ “Азаттыктын” Түндүк Кавказ кызматы үчүн маек куруп, Басаевдин өлүмү жикчилердин биротоло ойрон болгонун далилдейт деген сыяктуу пикирлерди четке какты.

- Каршылык көрсөтүү кыймылынын өзөгүн бул сыяктуу кишилер түзбөйт, анын өзөгүн чечен эли түзөт. Мен ушунчалык ишенип турам, бир, эки, үч же он кишини өлтүрүп салуу менен эле кырдаалды өзгөртө коюу мүмкүн эмес.

Ал эми Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Тони Сноу Шамил Басаевдин кылган иш-аракеттери эл аралык коомчулук тарабынан терең айыпталып келгенин эске салды:

- Ал Кошмо Штаттар тарабынан 13224-токтомго ылайык террорчу деп табылган жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1267-резолюциясына ылайык, Бириккен Улуттар Уюму да аны террорчу деп тааныган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти болсо Басаевдин өлүмү тастыкталган соң расмий мамилесин маалымдаарын билдирген.

Шамил Басаев Бесландагы каргашалуу барымтачылыктан башка да бир катар террордук чабуулдарды өзү уюштурганын жар салып келген. Маселен, 1995-жылы Буденновск шаарындагы оорукананы басып алганы маалым. Дал ошол чабуулдун айынан жүздөй киши өмүрүнөн айрылган.

Ал эми жалпысынан, Чеченстандагы согуштун айынан болжол менен 250 миңдей киши өмүрүнөн ажыраганы айтылып келет.

XS
SM
MD
LG