Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

БОРБОРДУК АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК ЖАРАТЫЛЫШ КОРУГУНА МУКТАЖ


Тээ алмустактан келген табигый турмушту сактоо – аймактагы жапайы жан-жаныбарларды коргоо зарылчылыгы менен түздөн-түз байланышта. Ушул тапта бул экологиялык маселе мамлекеттер аралык кызматташтыкты талап кылууда. Уламышка караганда, Кыргызстанда жолборстор арбын жойлоп жүргөн аймактар көп болгон экен. Эми алар биротоло тукум курут болуп, аскар тоолордо саналуу гана илбирстер калганы айтылууда. Эмесе, Борбордук Азия буга чейинки кайгылуу сабактардан кантип таалим алып жатат?

Адам заты канчалык чарбачылык кылып, өндүрүштү кеңейткен сайын, ошончолук жапайы жан-жаныбарлардын чөйрөсүн тарытып келди.

Борбордук Азиядагы пахта талаалары канчалык кеңейип, канчалык химиялык жер семирткич уулуу заттар Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыяны булгаган сайын, жаратылышы ошончолук жарга кептелип, Арал деңизи гана соолуп чектелбестен, жалпы айбанат жана өсүмдүктөр дүйнөсү орду толгус жоготууларга учурап жатты.

Адистердин айтымында, кырдаалды татаалданткан жагдайлардын бири – Азиядагы чектеш өлкөлөрдүн бийликтеринин өзүмчүлдүгү менен да байланыштуу.

Маселен, тегерандык адис, табият таануу профессору Исмаил Кахрам Ооганстан менен Ирандын чек арасын тепчиген Хелманд дарыясынан суу келбей калып соолуп калган Хамун көлүнүн кайгылуу тагдырын эске салат:

- Хамун көлүндө мындай окуя болду: ар өлкө өз көйгөйлөрүн өз алдынча чечүүнүн камын көрдү. Анын кесепетинен, Хамун көлүнө куя турган дарыянын суусун Ооган өкмөтү бууп, жекече пайдаланып калды. Дамбалар курулду. Анын айынан Хамун көлү соолуп калды.

(Cүрөттө - Хамун көлүнүн орду. 2001-жылы тартылган. UNEP)


Эл аралык коомчулук Ортоңку Чыгыштагы жана Борбордук Азиядагы экологиялык оор кырдаалды оңдоо үчүн жардамга келүүдө.

Маселен, өзүбүздүн эле борбордук азиялык аймакты алсак, андагы өлкөлөрдүн чек ара аймактарындагы жапайы жан-жаныбарларды сактоо максатын көздөгөн айрым эл аралык долбоорлор жүзөгө ашырылууда.

Алардын бири – Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын чек ара аймактарындагы айбанат жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоого багытталган долбоор.

Кыргызстандын жаратылышты коргоо жана токойчулук боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкери, эколог адис Бактыбек Койчуманов бул долбоор тууралуу “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Шайлообек Дүйшеевге жакында мындай деп айтып берди:

- Батыш Теңиртоодо, ушул Кыргызстан, Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда, келишим түзүлүп туруп, чек аралар аралык чоң биорезервуар (табийгат коругу) түзүлүүдө. Ага үч мамлекеттин өкмөттөрү кол коюшуп, чек аралар аралык биосфералык аймак түзүлсө, ошондо, менимче, ушул жерде жайгашкан жапайы жан-жаныбарлар, - өсүмдүктөр да көчөт бир жактан экинчи жакка, - ошолордун корголуусуна чоң маани берилет эле го дейм.

Адистердин айтымында, эгерде чектеш өлкөлөр өз учурунда өкмөттөр аралык келишимдерге жетишпесе, анда Арал аймагындагыдай кайгылуу тагдыр Каспий деңизин да алкымдашы мүмкүн. Деңизди курчаган мамлекеттер - Азербайжан, Иран, Казакстан, Орусия жана Түркмөнстандын өкмөттөрү, деңиздеги жан-жаныбарларды сактоо жаатын мындай койолу, деңиздин “тигил же бул тилкесинин кожоюну ким?” деген суроону чече албай, али күнчө талашып-тартышып келишет.

XS
SM
MD
LG