Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:13

ИРАН “ХАМАС” ЖЕТЕКТЕГЕН ПАЛЕСТИН ӨКМӨТҮНӨ КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМ БЕРЕТ


Жекшембиде Иран каржылык жактан өтө оор кырдаалга кириптер болгон палестин автономиясынын бийлигине 50 миллион доллардык каржылык жардам бере турганын жарыялады. Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги Палестинада бийликке келген радикал “Хамас” кыймылынын өкмөтүнө каржылык жардамын токтоткон, ал эми Израил болсо салыктан, анын ичинде бажы салыгынан түшкөн кирешени тоңдуруп салды. Палестин бийлигине Иран эле эмес, Орусия да жардам бере турганына ишаара кылды.

Палестин бийлиги каржылык жактан банкрот болуу коркунучуна кириптер болуп турат. Анткени Батыш өлкөлөрү өздөрү “террорчул кыймыл” деп санаган “Хамас” кыймылынын өкмөтүнө каржылык колдоо көрсөтүүдөн баш тартууда.

Дал ушул опурталдуу учурда Иран палестин бийлигине 50 миллион доллардык жардам берүүнү чечти. Бул тууралуу жекшембиде (16-апрелде) Тегеранда өз ишин аяктаган Палестинага жардам көрсөтүү маселесине арналган эл аралык жыйындын жабылыш салтанаты учурунда Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки жарыя кылды:

- Мен Иран палестин элине 50 миллион доллардык каражаттык жардам берип жатканын жарыялоо сыймыгына ээ болдум.

Иран тышкы иштер министри Моттаки бул акча каражаты качан жана кандай жолдор менен Палестин өкмөтүнө жетээрин ачыктап отурган жок.

“Хамас” кыймылынын басма сөз өкүлү Сами Абу Захри мырза жекшембиде Газа шаарында чыгып сүйлөп, ирандыктарды бул кадамы үчүн алкап өттү:

- Бүгүн Иран палестин элине колдоо көрсөтөөрүн жарыялады. Биз, “Хамас” кыймылынын мүчөлөрү, палестин элин каржылык жактан колдоо тууралуу ирандык чечимди жогору баалайбыз. Мындай араб жана мусулман колдоосу – табигый нерсе. Ал – биздин палестин элибизге Батыш жасап жаткан камалоого карата жана палестин элине каршы израилдик баскынчылыкка карата жасалган табигый мамиле болуп саналат.

Бирок Ирандын бул кадамын чындап эле Батышка каршы жалпы мусулмандык такаат катары баалоого болобу? Дубайдагы “Перс булуңун иликтөө борборунун” өкүлү, Жакынкы Чыгыш аймагын иликтөө боюнча адис Мустафа Алани мырза Тегерандын соңку кадамын сыпаттоодо “мусулмандык тилектештик” түшүнүгүн колдонууга ашыкпоо керек деген ойдо:

- Мен ирандыктандын бул ишаарасын исламдык тилектештик деп карабас элем. Мен аны ирандыктардын стратегиялык чечими катары баалаар элем. Менимче, мында исламдык тилектештик маселеси турган жок. “Хамас” – бул суннийлердин ашынган өкүлдөрүнүн кыймылы. Ал эми Иран болсо – ашынган шийилердин мамлекети. Демек, мында биз көз караштардын төп келишине күбө болуп жаткан жокпуз. Мындагы маселенин маңызын таразаласак – анын диний мүнөзүнө караганда, саясий стратегиялык мүнөзүнүн ташы салмактуураак.

Айтмакчы, Батыш өлкөлөрү “Хамастын” колуна өткөн Палестин автономиясынын өкмөтүнөн обочодо турууга умтулуп жаткан чакта, бул өкмөткө жардамын сунуш кылган тарап – жалгыз гана Иран эмес.

Апрелдин 15инде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров палестин президенти Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшкөн соң, жакын арада Орусия Палестин бийлигине каржылык чукул жардам бере турганын билдирген. Бирок орусиялыктар каржылык көмөктүн көлөмү тууралуу ачыктап айткан эмес.

Эл аралык коомчулуктан бөлүндүдө калган “Хамас” уюмунун делегациясынын март айында Кремлде кабыл алынгандыгы да маалым. Бул ишаара Орусиянын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянындагы өз ролун чыңдоо аракети катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG