Азербайжан Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрдагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, мөөнөтү аяктап жаткан президент Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алиев добуштардын дээрлик 77 пайызын алып, жеңишке жетишкенин маалымдады. Оппозициячыл саясатчы Иса Гамбар болсо шайлоодо өзүнүн жеңип чыкканын айтууда. Өткөн дем алыш күндөрүнөн бери ондогон оппозициячыл саясатчылар убактылуу камакка алынды.
Кечээ кечинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтондо украин премьер-министри Виктор Янукович менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана Ирактагы кырдаал тууралуу талкуулашты. Ушул тапта Украинанын 1600дөй жоокери Иракта эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн катарында кызмат кылууда.
Шаршембиде, октябрдын 1инде Вашингтондо АКШ Конгрессинин жактыруусуна ээ болгон баяндама жарыяланды. Анда араб жана мусулман дүйнөсүндө улам күч алган анти-америкалык маанайды басайтуу зарылдыгы айтылган.
Бүгүнтөн (1-октябрдан) тартып Польша пост-советтик коңшулары – Украина, Беларус жана Орусиянын анклавы – Калининград облусу үчүн виза тартибин киргизди. Баарынан кызыгы – украиндер менен калининграддыктар виза үчүн акы төлөбөйт, ал эми беларустарга виза алуу үчүн өз капчыгын аңтарууга туура келет.
Жекшембиде Прага шаарында түркмөнстандык оппозициячыл күчтөрдүн эки күндүк жыйыны соңуна чыкты. Анын уюштуруучулары жана катышуучулары дүйшөмбүдө “Азаттыктын” Прагадагы баш ордосуна келип, жыйындын натыйжасы жана Түркмөнстандагы режимди алмаштыруу зарылчылыгы жөнүндө айтып беришти.
Октябрдын 15инде Азербайжанда кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Ансыз да көз карандысыз маалымат каражаттарына карата катаал саясаты боюнча мурдатан эле айырмаланып келген расмий Бакы эми эркин журналисттерге каршы чабуулун ого бетер күчөттү.
Бириккен Улуттардын Башкы жыйынында Ирак боюнча ар кыл талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер орун алган менен, эл аралык коомчулук Ооганстан жаатында бир колдон жең, бир жакадан баш чыгарып, анын азыркы кайра куруу жараянына жардамды ыкчамдатууну ырас көрүүдө.
Бүгүн Багдадда Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсеси жайгашкан имараттын жанында ири жардыруу болду. Анын айынан бери дегенде он алты киши набыт болуп, бир нече ондогон кишилер жаракат алганы кабардалууда. Курман болгондордун арасында Бириккен Улуттардын Ирактагы өкүлү Сержио Виейра де Мелло да бар.
Бейшембиде түркмөн президенти Сапармурат Ниязов Халк Маслахатынын – Элдик Кеңештин 14-жыйынында чыгып сүйлөп, өлкөдө үч-төрт жылдын аралыгында президенттик шайлоо өткөрүлөөрүн айтты. Укук коргоочулар анын бул сөзүн Түркмөнстанда авторитардык режим түзгөнү үчүн жана адам укуктарынын одоно бузулушу боюнча Ниязовдун наамына айтылган эл аралык коомчулуктун сынына карата жооткотуу катары баалашууда.
Шаршембиде Куба коммунисттеринин көсөмү Фидел Кастро 77 жашка толду. Өткөн айда эле Куба ыңкылабынын башталышынын 50 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилеген Фидел өлкөнүн эл аралык бөлүндүдө кала беришине башкы себепкер болууда.
Бир карапайым ирактык АКШ аскерлерине тымызын кабар берип, Саддамдын уулдары Удай менен Кусайдын жашырынган жерин көрсөткөн учурдан бери ирактыктардын америкалыктар менен кызматташтыгы артканы кабардалууда. Бирок АКШ аскерлерине кыргый кабак салып карагандар да жок эмес.
Орусиянын парламентинин мурдагы спикери Руслан Хасбулатов Чеченстандагы күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого талапкердигин койоорун айтты. Айрым адистер шайлоого он бештей талапкер катышуусу мүмкүн деп билдиришүүдө. Эмесе, Хасбулатовдун саясий бейнеси жана чечен шайлоосу тууралуу азыноолак кеп куралы.
Даңазалуу куудул киноактер жана режиссер Чарли Чаплиндин тасмалары видеотасма түрүндө гана эмес, DVD форматында да сатыкка түшүүдө. Алардын арасында 1940-жылы тартылган жана германдык нацизмдин жолбашчысын шылдыңга алган айтылуу “Улуу диктатор” (The Great Dictator) тасмасы да бар. Адолф Гитлердин бейнесин жана идеяларын сатиранын курч шылдыңына айландырган британдык киноактер жана режиссер тууралуу баянга назар салыңыздар.
Мурдагы Советтер Бирдигинде өнөрпоздордун мамлекеттик ири деңгээлдеги кызматтарга жетиши аздыр-көптүр учурайт. Бенилюкстагы элчи Чыңгыз Айтматовдун, маркум Төлөмүш Океевдин элчилик кызматтарын, Полад Бүлбүлоглынын, Даниял Назарматовдун, маркум Чолпонбек Базарбаевдин маданият министрлигин жетектегенин, Өзбекстандын мурдагы жетекчилеринин бири Шараф Рашидовдун жазуучу болгонун эскере кетелик. Адабиятчы Абдыганы Эркебаев Ош облусунун акими болгон жана азыр ал парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында төрагалык кылууда. Европада мындай окуя сейрек учурайт. Ал эми Калифорнияда даңазалуу кино акторлордун бири Арнолд Шварценеггер бай жана кубаттуу штаттын губернатордугу үчүн ат салышууга ниеттенүүдө.
Атажуртуна Ыраакы Чыгыштагы өлкөлөргө жасаган сапарынан шаршемби күнү кечинде кайткан британ премьери Тони Блэр Ирак согушуна жол ачкан чалгын маалыматы менен байланыштуу жаңы күч менен жанган саясий жаңжалга кабылууда.
Саддам Хусейндин уулдары Удай менен Кусай өлтүрүлгөнү тууралуу учкан куштай таркаган кабар АКШ тарабынан расмий тастыкталды. Кечээ Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында бир шектүү имаратка америкалык аскерлер чабуул коюп, айыгышкан аткылашуу болду. Кагылышуунун соңунда төрт ирактык набыт кетти. Алардын экөө - Саддам Хусейндин издөө жарыяланган уулдары Удай менен Кусай болуп чыкты.
Шейшембиде Брюсселде Европа Биримдиги менен Кыргызстандык кызматташтык кеңеши өзүнүн кезектеги отурумун өткөрдү. Ага Кыргызстандын биринчи вице-премьери Курманбек Осмонов катышып, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана адам укуктарынын кырдаалы тууралуу баяндап берди.
Мындан отуз жыл илгери дал ушул айда Ооганстанда сарай төңкөрүшү жүзөгө ашырылган. Италияга убактылуу токтогон кезинде ооган падышасы Захир шах тактыдан кулатылган. Анын тууганы, колбашчы Мухаммед Дауд-хан өзүн президент жарыялаган. Ооганстандын соңку азап-тозокторунун башаты ошол күндөргө барып такалат.
Шейшембиде Брюсселде Европа Биримдигинин Кыргызстан жана Казакстан менен кызматташтык кеңештери кезектеги отурумун өткөрмөкчү. “Хюман райтс уотч” (HRW) сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары Европа Биримдигинен бул эки өлкөдөгү адам укуктарынын абалынын начардашына байланыштуу алардын өкмөттөрүнө кысым көрсөтүүнү өтүнүүдө.
Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязовдун жардыгына ылайык, жогорку окуу жайына өтүүнү каалаган улан-кыздар үчүн жаңы чектөөлөр киргизилди. Кыргызстанда университеттердин саны ыксыз көбөйүп кетти деген сындар айтылып жатса, Түркмөнстанда болсо – орто мектепти бүтүрүүчүлөр милдеттүү түрдө эки жыл иштеген соң гана ансыз да азайган жогорку окуу жайларга кирүүгө жолдомо алмакчы.
Дагы жүктөңүз