Дүйнөдөгү бийликте эң узак турган өкүмдарлардын бири – Кубанын мамлекет башчысы Фидел Кастро шаршембиде өзүнүн 77 жашка толгонун белгиледи. Быйыл март айында өлкө парламенти аны дагы беш жылга мамлекет башчысы кызматына шайлаган. Ошентип, дээрлик 45 жыл бою коммунисттик Куба Фиделге Мамлекеттик кеңештин президенти, Министрлер кеңешинин президенти жана Куба компартиясынын Биринчи катчысы кызматын ишенип тапшырып келет.
Албетте, ага ишенбегендер да учурайт. Балким, “учурайт” сөзү өтө эле жумшактыр, себеби он миңдеген кубалык диссиденттер АКШга жана башка чет өлкөлөргө бозгунчулукка кеткен. Быйыл жаз айларында Кастронун режимине каршы маанайын билдирген дагы 75 киши камакка алынып, 28 жылга чейинки ар кыл мөөнөткө абакка кесилишти. Кеме айдай качуу аракетин жасады деген доо боюнча кармалган үчөө быйыл 11-апрелде жазалоочу жоокерлерге аттырылды.
Мурда Фидел Кастрону жанындай көргөн латын америкалыктар да соңку учурда ага ирээнжүү менен мамиле кыла башташты. Маселен, уругвайлык жазуучу Эдуардо Галеано бир кезде Кастрону “улуттук ар-намыстын символу” деп баалаган. Галеано мырза эми Кастронун өзү кас-душманынын кылык-жоругун кайталай баштады деп аны сынга алды.
Эл аралык коомчулук кубалык диссиденттердин тагдырына санаркоосун билдирип келет. Апрелдеги атуудан соң, Европа Биримдиги расмий Гаванага коммунисттик пикирге кайчы көз караштагылардын тагдыры үчүн өзүнүн тынчсыздануусун билдирген. Сын пикирге жаалданган Кастро болсо Испания менен Италиянын премьерлерин “фашист” деп атап, бул өлкөлөрдүн элчиликтеринин маңдайына ири демонстрациялар уюштурду.
Июлдун 26сында, Кубадагы ыңкылаптын башталышынын 50 жылдыгын белгилөө маалында, Фидел Кастро Европа өзүнүн өткөн тарыхы үчүн уялууга тийиш, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр тарыхта кишилерди кулдукка сатуу, талап-тоноолор, бүтүндөй бир элдерди тукум курут кылуу чаралары үчүн жоопкер болушкан деп билдирди.
Кастронун “Куба Европа Биримдигинин жардамына муктаж эмес” деген сөзү өлкөнүн эң ири донору болгон Европа Биримдигинде уу-дуу сөз жаратты.
Июлдун 29унда Европа Биримдигинин аткаруу бийлиги – Еврокомисссиянын басма сөз өкүлү Жан-Шарл Эллерман-Кингомб “Азаттык” үчүн курган маегинде Биримдик Куба менен карым-катнашты үзүүгө ашыкпай турганын билдирген:
- Биз өз ара кызматташтыгыбызды улантууну каалаарыбыз тууралуу көз карашыбызды билдирдик. Бирок, дагы бир жолу кайталап айтчу болсом, мунун баары Куба өкмөтүнүн ниетине багыныңкы.
Үстүбүздөгү жылдын башында Европа Биримдиги Гаванада өзүнүн өкүлчүлүгүн ачып, өлкөгө берилчү 15 миллион евролук жардамды таркатуу ишин ага тапшырган. Кошмо Штаттар болсо Кастронун режиминин кулашына кызыкдар жана ал Кубага каршы экономикалык чектөөлөрдү алып сала элек.
Ал эми Фидел Кастро болсо мамлекет башчы катары алтынчы мөөнөткө жигердүү киришти. Буюрса, ал 81ге чыкканда кайра шайлоо болот. “Менин жазмышым ушул экен, өмүрүмдүн соңуна жакындаганда эс алсамбы дегем, бирок тагдыр муну мага буюрбаганына эми көзүм жетип турат”, - деп март айында Сантягодо сүйлөгөн Кастро мырза өзүнүн өлбөс-өчпөс эмес экенине, ичээр суусу бүтчү күн да келээрине ишаара кылган.
Сталиндин, Маонун режимдери алар “о дүйнөгө” узаган жылы эле алсырай баштаганы маалым. Кастронун Кубасы болочокто да кыйла өзгөрүүлөрдү баштан кечирээри анык, Бирок анын четин Фидел өзү көрөөр бекен?