Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Чаплиндин “Улуу диктатор” жана башка тасмалары жаңы өмүр алды


Даңазалуу куудул киноактер жана режиссер Чарли Чаплиндин тасмалары видеотасма түрүндө гана эмес, DVD форматында да сатыкка түшүүдө. Алардын арасында 1940-жылы тартылган жана германдык нацизмдин жолбашчысын шылдыңга алган айтылуу “Улуу диктатор” (The Great Dictator) тасмасы да бар. Адолф Гитлердин бейнесин жана идеяларын сатиранын курч шылдыңына айландырган британдык киноактер жана режиссер тууралуу баянга назар салыңыздар.

Социалдык турмуштун өксүктөрүн юмор менен сатирага ширелтип сынга алган бул куудул бүт дүйнө жүзүндө анын чыгармачыл мурасы менен тааныш кишилердин урмат-сыйына татыган.

Ал өзү жараткан тасмалар жана ойногон кейипкерлери аркылуу миллиондогон замандаштарынын көңүлүн уйгу-туйгуга салып, ойлонуп жатып күлүүгө, күлүп жатып ойлонууга аргасыз кылган. Чарли Чаплиндин жылмаюуга эрксиз кылчу кейпин туурагысы келбеген цирк куудулдары чанда чыгаар.

Чаплин мырза майда-чүйдө социалдык маселелерди чагылдыруу менен чектелбестен, адамзат үчүн “күрөң тумоо” болгон фашизмге каршы да айбаттуу чыккан. 1940-жылы Чаплин жараткан “Улуу диктатор” фильми гитлердик нацизмди ашкерелеген классикалык чыгармага айланган.

Чаплиндик бул тасма үчүн бута болчу материалды Германиянын нацисттик режимин негиздеген Адольф Гитлердин жасаган иштери, жүрүш-турушу, турпаты, кылык-жоругу берген. Маселен, Гитлердин 1934-жылы Берлиндеги парадда чыгып сүйлөгөн сөзүн алалык:

“Урматтуу менин жолдошторум! Биз Германиябыз үчүн таштай бекем турабыз! Биз өзүбүздүн Германиябыз үчүн таштай бекем турууга милдеттүүбүз!”

Гитлердин митинг стихиясына баткан массаларды арбап сүйлөө ыкмасын анын замандашы Чарли Чаплин “Улуу диктатор” тасмасында кыябын таап чагылдырган.

Фильмде Чаплин ойдон чыгарылган Томания деген мамлекеттин диктатору Аденоид Хинкелдин ролун аткарат. Ушул эле тасмада Чаплин ойногон башка кейипкер – жүүт улутундагы тартынчаак, жоош чачтарач.

Диктатор менен чачтарачтын сырткы окшош кебетеси миңдеген кишилер кыңк этпей моюн сунган диктаторду келекеге алуу үчүн Чаплинге дурус мүмкүнчүлүк берген.

Фильмдин сюжетине келсек, Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында учак кыйрап, бул кырсыктын айынан жүүт чачтарач 20 жылдай эс-учу жок ооруканада жатат.

Ал ооруканадан чыккан кезде, Томаниянын режими согушка даярдык көрүп жаткан. Албетте, согушчан диктатура үчүн демократиялык баалуулуктар – жек көрүмчү түшүнүк эмеспи.

“Эркиндик деген – жарабаган нерсе. Сөз эркиндигин четке кагуу керек. Томания – дүйнөдөгү эң ири армияга, дүйнөдөгү эң кубаттуу деңиз аскерлерине ээ!”

Диктатор Хинкел ири демонстрацияда дал ушинтип заарын чачып чыгып сүйлөйт. Анын кыймыл-аракетин Чаплин мырза Гитлердикине койондой окшош кылып аткарат.

Хинкелдин жүүттөргө каршы саясатынын азабын чачтарач да көрөт. Аны концлагерге айдашат. Чачтарач лагерден качып чыгып, Остерлих деген ойдон чыгарылган коңшу өлкөгө келет. Ошол учурда бул өлкөнү диктатор Хинкел каратып алмакчы болуп жаткан. Диктатор Хинкел өз калкын баскынчыл согушка үндөйт.

Остерлихтин тургундары бозгун чачтарачты диктатордун ордуна кабыл алып, чогулган элдин алдына сүйрөп келишет. Ошол эле учурда диктатор Хинкелди өз аскерлери Томанияда камакка алат.

Чачтарач болсо – коңшу өлкөдө тынчтык жана бири-бирине кайрымдуу болуу чакырыгы менен чыгып сүйлөйт. Тасма окуясы ушул маанайда бүтөт.

1945-жылы Чаплиндин тасмасынын үзүндүлөрү ойрон болгон нацисттик Германиянын калкы үчүн көрсөтүлгөндө, жеңилүү ызасы унутула элек жана айрым фашисттик тоталитардык идеологиялык таасирден кутула элек көптөгөн немистер аны салкын кабыл алышкан.

Андан бери немистердин нацизм идеяларынан эркин болгон эки мууну жаралды. Былтыркы Эл аралык Берлин кинофестивалынын салтанаттуу жабылышында Чаплиндин “Улуу диктатор” фильминин техникалык жактан жакшыртылган жаңы вариантынын премьерасы өзгөчө ийгилик менен өттү.

Берлин фестивалынын деректири Дитер Косликтин (Dieter Kosslick) айтымында, Чарли Чаплин тасманын эң соңундагы чачтарачтын жалындуу сөзү аркылуу азыркы муундар үчүн мааниси көөнөргүс керээзин калтырган. Ал эми үстүбүздөгү жылы Чаплиндин фильмдери дүйнөдөгү кеңири коомчулукка Ди-Ви-Ди (DVD) форматында сунуш кылына баштады.
XS
SM
MD
LG