Июлдун 22синде Белгиянын ордо шаары Брюсселде Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташтык Кеңешинин бешинчи отурумунда тараптардын өз ара кызматташтыгынын азыркы акыбалын жана болочогун талкуулаган олуттуу жыйын болду. Ага Кыргызстандын биринчи вице-премьери Курманбек Осмонов жетектеген өкмөттүк делегация катышты. Осмонов расмий Бишкек Европа Биримдигин өлкөнүн олуттуу өнөктөшү катары караарын айтты. Европа Биримдигине бир катар пост-коммунисттик өлкөлөрдүн ыктыярдуу түрдө кошулушу сыяктуу эл аралык маселелерден тышкары, Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы демократиялык жараян жөнүндө кеңири талкуу болду.
Кыргызстандын өкмөттүк өкүлчүлүгүнүн баяндамасы, негизинен, Европа Биримдиги тарабынан жактыруу менен кабыл алынды. Бул тууралуу отурумдан кийинки басма сөз жыйынында да белгиленди.
- Мага биринчи вице-премьер-министр Осмоновдун жана анын тобунун баяндамасы чоң таасир калтырды, - деди басма сөз жыйынына катышкан Биримдиктин өкүлү. Ал 5-отурумда өтө кеңири маселелер талкууланганын айтты.
Курманбек Осмонов мырза болсо Биримдик менен саясий, соода-экономикалык кызматташтык, Борбор Азиядагы коопсуздук, аймактагы демократиялык жараян жана башка суроолор отурумда козголгонун билдирди. Алардын арасында адам укуктары маселеси да болду:
- Тараптар жумурияттагы демократиялык жараян, адам укуктарынын сакталышы жана сөз эркиндиги менен байланыштуу суроолор менен байланыштуу айрым жагдайларды да талкуулады.
Ал эми Кыргыз президенттик кеңсесинин экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Кубат Каниметов Европа Биримдиги менен Кыргызстандын өз ара соода мамилелери кескин төмөндөп кеткенин журналисттерден жашырган жок. Каниметов мырзанын айтымында, былтыркы статистикалык көрсөткүчкө караганда, Европа Биримдиги менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү дээрлик 45 пайызга чейин төмөндөп кеткен.
Кыргыз бийлигинин өткөн ишембидеги тегерек үстөл жыйыны, президент Аскар Акаевдин 2005-жылы өтчү президенттик шайлоого өз талапкердигин койбой тургандыгы тууралуу “Өнөктөштүк форумундагы” ырастоосу Европа Биримдигинин жетекчилигине олуттуу таасир тийгизген сыяктанат. Жалпысынан, Биримдик ТАСИС сыяктуу программалар аркылуу ар кыл долбоорлорду Кыргызстанда жүзөгө ашырууну улантууга макулдугун берүүдө.
Брюсселдеги отурум көрсөткөндөй, Батыш Кыргызстандагы жалпы демократиялык стратегиялык багыт тууралуу дурус баасын берди, бирок бул жараянды сөз жүзүндө эмес, чындап жүзөгө ашыруу – Батыштын эмес, Кыргызстандын өзүнүн, анын атуулдук коомго умтулган күчтөрүнүн иши экендиги да түшүнүктүү. Бала ыйлабаса, эмчек жок эмеспи.