Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

БАГДАДДА ТЕРРОРДУК ЖАРДЫРУУДАН УЛАМ БУУнун ӨКҮЛҮ СЕРЖИО ВИЕЙРА де МЕЛЛО КУРМАН БОЛДУ


Бүгүн Багдадда Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсеси жайгашкан имараттын жанында ири жардыруу болду. Анын айынан бери дегенде он алты киши набыт болуп, бир нече ондогон кишилер жаракат алганы кабардалууда. Курман болгондордун арасында Бириккен Улуттардын Ирактагы өкүлү Сержио Виейра де Мелло да бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун Багдаддагы кеңсесиндеги жардыруунун эпкини окуя болгон жерден бир чакырымдай алыстыктагы үйлөргө чейин жетип, алардын терезелери күбүлүп түштү.

Багдаддын чордонунан саал чыгышыраактагы “Канал” конок үйү Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кеңсе катары пайдаланылып келет. Мында БУУнун көп сандаган агенттиктеринин кеңселери жайгашкан. Алдын-ала иликтөөгө караганда, жергиликтүү убакыт боюнча түштөн кийинки саат 4:30 да америкалык аскерлер кайтарып турган кеңсеге бомба катылган бир машина чукул келип жардырылган. Жардыруу болгон чакта, имаратта киши көп болгон, анткени журналисттер үчүн басма сөз жыйыны өткөрүлгөнү жаткан. Имаратта бир нече жүздөгөн кызматкер иштейт.

Коопсуздук маселелери боюнча лондондук адис Мустафа Аланинин “Ройтерс” агенттигине маалымдашынча, бул жардыруу он күн мурда Иорданиянын элчилигине каршы уюштурулган бомбалык чабуулду эске салат. Эми Ирактагы каршылык көрсөтүү топтору сейрек уюштурулган кол салуу аракеттеринен алдын-ала мыктылап даярдалган иш-чараларга өсүп чыккандай көрүнөт, - дейт Алани мырза. Башка адистер да бул кол салууну Ирактагы пост-саддамдык түзүлүшкө каршы саботаж жана башка уюмдашкан иш-аракеттердин бир бөлүгү катары баалашууда.

Жардыруу учурунда кеңседе болгон БУУнун Ирак боюнча өкүлү, 55 жашар бразил дипломаты Сержио Виейра де Мелло урандылардын арасында калып, набыт болду. Бул баяныбыз даярдалып жаткан чакта, террордук кол салуудан улам канча киши набыт болгондугу жөнүндө так маалымат айтууга мүмкүн болгон жок. Айрым агенттиктер бери дегенде он алты киши өмүрүнөн ажыраганын кабардоодо.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Багдаддагы жардыруу менен байланыштуу шейшембиде шашылыш жыйын өткөрдү. Август айында Коопсуздук Кеңешинин төрагалык милдетин аркалап жаткан өлкө - Сириянын БУУдагы элчисинин орун басары Файсал Мекдад отурумда кабыл алынган атайын билдирүүнү мындайча жарыялады:

- Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү Бириккен Улуттардын Ирактагы өзөккү мааниге ээ ролун жокко чыгарууга багытталган бул тири шумдуктуудай чабуул өз максатына жете албайт деп баса белгилейт. Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү мындай чабуулга каршы бирдиктүү турмакчы жана ирак элине алардын өлкөсүндө тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүү жаатында көмөк көрсөтө бермекчи.

Ал эми Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон дагы бир мусулман өлкөсүнүн – Пакистандын өкүлү Мунир Акрам Ирактын карапайым калайыгына БУУнун түпкү мүдөөсүн дурусураак түшүндүрүү керек деп эсептейт:

- Сыягы, биз Бириккен Улуттардын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын чаралар көрүүгө тийишпиз. Ошол эле учурда биз Бириккен Улуттар Уюму алардын бакыбаттыгы үчүн аракет кылып жатканына жана биздин уюм алардын кадыресе турмушун калыбына келтирүү үчүн жардам көрсөткөнү келгенине ирак элин ынандыруу үчүн бар арганы жасоого тийишпиз.

Ал эми Иракта жергиликтүү полиция күчтөрүн калыбына келтирүүгө кол кабыш кылып жаткан америкалык адис Бернард Керик: “Террордук чабуулдардан майнап чыкпайт. Иракты демократиялык нукта кайра куруу жараяны үзгүлтүксүз улантыла берет”, - деген ишеничин “Азаттыкка” билдирди.

Дүйнө коомчулугу Багдаддагы террордук кол салууну уюштургандарды терең айыптоодо.

XS
SM
MD
LG