Аткаминерлер менен “дежур аксакалдардан” турган Халк Маслахаты – Элдик Кеңеш азыркы Түркмөнбашы (мурдагы Красноводск) шаарында өзүнүн 14-жыйынын өткөрүүдө. Августтун 14үндө анын ачылышы маалында узак убакыт сөз сүйлөгөн президент Сапармурат Ниязов “чөнтөк парламенттин” мүчөлөрүнүн оозун ачырып, жакынкы болочокто президенттик шайлоо өткөрүлөөрүн айтты:
- Биз президенттик шайлоо да өткөрөбүз. 2005-2006-жылдары бул маселе Халк Маслахатында талкууга алынат. Эч нерсе түбөлүктүү эмес. Президент да алмаштырылууга тийиш.
Азыркы түркмөн президенти 2010-жылы 70тин кырына келет. 1985-жылы Түркмөнстан Коммунисттик партиясынын Биринчи катчысы болуп калган Ниязов ошол убактан бери бийлик тизгинин колдон түшүрбөй келет. “Кудай жалгап”, Советтер дөөлөтү кулап, Ашгабатка “асмандан түшкөндөй болгон” эгемендик Ниязовдун чырагына май тамызды. Аймактагы башка көпчүлүк президенттер деле ордунан оңой менен козголбой тургандай, ал эми Түркмөнбашы Борбор Азияда “түшпөс хан” болоору шексиз деген жоромолдор көп айтылып келет.
Көшөкөрлөр чогулган парламент аны өмүрүнүн соңуна чейин мамлекет башчысы болот деп 1999-жылы жарыялаган. Ал кезде муюп берген Ниязов 2001-жылы бул маселени кайра козгоп, 2008-2010-жылдардын аралыгында кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлүшү керектигин айткан.
Эми болсо Түркмөнбашы өлкөнүн баш мыйзамын эске салды. Конституциядагы талапка ылайык, 70 жашка чейинки атуул гана президент боло алат.
Деги, пайгамбар жашындагы жана өзүн дээрлик пайгамбарга теңеген Ниязовдун соңку билдирүүсүнө ишенүүгө болобу? Анын бейшембидеги долбооруна караганда, 2005-жылы өлкөнүн ар аймагы, ар дубаны жана району өзүнүн президенттикке талапкерин сунуш кыла башташы керек.
Укук коргоочулар болсо анын соңку сөзү эл аралык коомчулукта Түркмөнстандын авторитардык режимине каршы айтылган курч сынга карата жооп экенин билдирүүдө.
Президент Ниязов болсо өмүрүнүн соңуна чейин бул кызматта калуу ниети жоктугун айтуу менен, өлкөдө өзгөрүүлөр болооруна ишаара кылып, коомчулукту жооткотууда.
Албетте, 2005-жылы ар бир аймак өзүнүн президенттикке талапкерин сунуш кылышы ажеп эмес. Бирок, көз каранды эмес серепчилердин оюна караганда, ар башка оодан-дубандардан сунуш кылынган талапкерлердин ысымы жыйынтыгында бир эле кишиникине таандык болуп калышы да ыктымалдан алыс эмес.