"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан 14-августта - эгемендик майрамында Кашмирдин Исламабад көзөмөлдөгөн аймагына келди.
Орусиянын Росатом мамлекеттик корпорациясынын башчысы өткөн жумадагы Архангелск облусунун Ненокса аскер полигонунда болгон жарылууга карабастан жаңы үлгүдөгү куралдарды сыноо уланарын билдирди.
Гонконгдо 5-августта демократиячыл күчтөрдүн чакырыгынан улам жапырт иш таштоо башталды. Жолдор жабылып, метро иштебей, жүздөгөн аба каттамдары аткарылбай калды.
АКШда дем алыш күндөрү Техас жана Огайо штаттарында 29 адамдын өмүрүн алган куралдуу чабуулдарга байланыштуу аза күтүү жарыяланды.
Ирандын тандамал аскер бөлүгү - Ислам революциясынын сакчылар корпусу Перс булуңунда араб өлкөлөрүнө контрабандалык мунай алып бараткан делген чет өлкөлүк танкерди кармаганын жарыялады.
Кытайлык жана америкалык расмий өкүлдөр 31-июлда Кытайдын Шанхай шаарында бир жылга созулган "соода согушун" токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрүн кайра баштады.
Москва шаарынын соттору жекшембидеги борбор калаадагы нааразылык акциясында кармалгандардын ичинен кырктан ашуун кишини үч күндөн 15 күнгө чейин камады.
Улуу Британия Иран менен мунай танкерлерин алмашпай турганын билдирди.
Амрулла Салихтин кеңсесинде бомба жарылып, анын артынан болгон атышууда кеминде 20 киши мүрт кетти.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Исфара-Ворух, Ош-Исфана жолу ачылды.
АКШнын мурдагы атайын прокурору Роберт Мюллер 24-июлда Конгресстин өкүлдөр палатасында Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу көрсөтмө берди.
Лондон Иранды Ормуз кысыгында британ желеги менен бараткан кемени колго түшүргөнү үчүн айыптап, аны жана ичиндеги 23 экипаж мүчөсүн тез арада бошотууну талап кылууда.
Вашингтон ирандык учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн билдирсе, Тегеран бул кур доомат экенин айтууда. Жекшембиде Украинада парламенттик шайлоо өтөт. Тажикстан Ирактан алып келген ондогон балдарды убактылуу санаторийге жайгаштырды.
АКШ президенти Дональд Трамп 17-июлда Ак үйдө өз өлкөсүндө диний ишеними үчүн куугунтукка кабылган ондогон адамдар менен жолукту.
Евробримдиктин жаңы парламенти узак соодалашуудан жана талаш-тартыштан кийин Европа комиссиясынын президенттигине Урсула фон дер Ляйенди бекитти.
АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу жыйынына катышуу үчүн барган Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин иш сапарына чектөө киргизди. Улуттар Уюму анын жүргөн-турганына чектөө коюлганына тынчсыздануусун билдирди.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (8-14-июль, 2019-жыл).
Босния жана Герцеговинада 1995-жылы Сребреница аймагында 8 миң мусулман өлтүрүлгөн кандуу окуя эскерилди.
АКШ Иранга уран байытууну 2015-жылкы өзөктүк келишимде белгиленген чектен ашырганына байланыштуу кошумча санкцияларды киргизет.
Дагы жүктөңүз