Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:16

Гонконгдо жапырт иш таштоо башталды


Нааразылыка чыккандар полиция менен кагылышты.
Нааразылыка чыккандар полиция менен кагылышты.

Гонконгдо 5-августта демократиячыл күчтөрдүн чакырыгынан улам жапырт иш таштоо башталды. Жолдор жабылып, метро иштебей, жүздөгөн аба каттамдары аткарылбай калды.

Гонконгдо нааразылык акциялары баш-аягы үч айдан бери уланууда. 5-августтагы нааразылыктар учурунда полиция көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, 80дей адамды кармады.

Гонконгдо демократиячыл күчтөр 5-августта эртеден кечке бир жагынан полиция, экинчи жагынан алардын ацияларына каршы жергиликтүү топтор менен кагылышып жатты. Өлкө боюнча иш таштоого чакырган демонстранттар таң эрте метронун ишин токтотуп, поезддердин жүрүшүнө тоскоол кылышты. Ошондой эле айрым ири автожолдорго да баррикадаларды коюшкан.

Демонстранттар.
Демонстранттар.

“Иш таштоолор элдин турмушуна абдан таасир этип жатат. Биз жумушка бара албай, каалаганыбызды кыла албай жатабыз. Алар өз бактысын элдин кыйынчылыгына куруп жатышат”, - деди демонстранттарга нааразы болгон жергиликтүү тургун.

Иш таштоолордон улам бир катар дүйнөлүк ири дүкөндөр иштеген жок. Демократиячыл күчтөрдүн чакырыгынан улам массалык акцияга аэропорт, темир жол кызматкерлери да кошулду. Бул күнү кеминде 230дай аба каттамы аткарылбай калды. Гонконгдун аба бекети аймактагы ири авиахаб болуп саналат жана жылына 70 миллион элди тейлейт. Поезддер да каттаган жок.

Гонконгдун лидери Кэрри Лэм мындай каршылык акциялары шаарды жана анын жарым-жартылай автономиялуу макамын «өтө опурталдуу кырдаалга кептейт» деп эскертти:

Керри Лэм.
Керри Лэм.

- Кайсы бир талаптарды коюп жана кызматташуудан баш тартып, мындай кыйратууга баруу Гонконгдун укук тартибине олуттуу кедергисин тийгизет жана көпчүлүгүбүз өз колубуз менен курган биздин сүйүктүү шаарыбызды кыйын жагдайга кептейт.

Гонконгдо июнь айынан бери кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар өтүп жатат жана нааразылык акциялары кагылышуу менен коштолууда.

Демонстранттар мыйзам кабыл алынса, Гонконг автономия укугунун бир бөлүгүнөн кол жууйт жана экстрадициялангандар Кытайдын сот системасында өзүн коргой албай калат деп чочулашкан. Ошондой эле алар Кытайдын бийлиги бул документти борбордук бийликти сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонушу мүмкүн деп сындашкан.

Бийлик документти кароону токтотуп койгону менен оппозиция долбоор парламенттен биротоло кайтарылып алынышын талап кылып келет.

Гонконгдун башчысы Керри Лэм экстрадиция тууралуу мыйзам жөн гана шылтоо болгон, а чынында массалык акциянын уюштуруучулары башка максатты көздөгөн деп билдирди.

Гонконгдо нааразылык акциялары баш-аягы үч айдан бери уланууда. Акциянын катышуучулары азыркы учурда Гонконгдун администрация башчысы Керри Лэмдин кызматтан кетишин, демонстранттарга козголгон кылмыш ишинин токтотулушун талап кылууда. Өткөн жумада коомдук тартипти бузган, чагым жасаган деген айып менен 40тай кишинин соту башталды. Алар күнөөсү далилденсе, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Нааразылыкка чыккандар полиция менен кагылышты.
Нааразылыкка чыккандар полиция менен кагылышты.

“Мен эки баланын энесимин. Биз кийинки муунду коргошубуз керек. Эгер азыр биз эч нерсе жасабасак, менин баламдын жашоосу да Кытайдагыдай болот. Мен демонстранттарды ушул үчүн колдоп жатам”, - деди нааразылык акцияларына чыккан Хелен Ху.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

Кытайдын армиясы Гонконгдогу баш аламандыктарга кийлигише элек. Кытайдын өзүндө бийликти Гонконгдогу кырдаалда көзөмөлгө алууга чакырган айрым саясатчылар да болууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG