Бул азалуу күн маркумдардын миңдеген туугандарынын жана чет элдик делегациялардын катышуусунда жыл сайын белгиленет.
Быйыл Сребреница кыргынын эскерүүдө жакында сөөктөрү табылып, ДНКсын текшерүү аркылуу аты-жөнү такталган 33 маркум кайра жерге берилди.
Мунира Субашич 1995-жылдагы капсалаңдуу окуяда күйөөсүн жана эки баласын жоготкон:
"Биздин жалгыз гана максатыбыз – биздин балдардын сөөгүн табуу жана бул иштерди жасаган аскер кылмышкерлери жоопко тартылышына жетишүү. Бирок соттор биздин үмүттү актаган жок. Көпчүлүк учурда энелер жакындарынын сөөгүн таап, аны жибекке ороп көмсөм деп айтышат. Бирок алар жакындарынын сөөгүн таппай өлүп кетишүүдө".
Ушул кезге чейин 6610 адамдын аты-жөнү такталып, сөөгү кайра көмүлдү, дагы миңдей адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. 1995-жылдагы кандуу окуяда каза тапкандардын эң кичүүсү 14 жашта болгон.
"Мен атамды, бир туугандарымды жана жакын ага-инилеримди, баарын жерге бердим. Менин эч кимим калган жок. Мен жана балам гана калды", - дейт 56 жаштагы жесир Фатима Мехмедович.
1995-жылдын июлунда Босния сербдери Сребреница шаарында 8 миңдей мусулман эркек менен балдарды кырып салган.
1992-1995-жылдардагы согуштун соңку күндөрүндөгү босниялык мусулман эркектердин жапырт өлтүрүлүшү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жана уюмдун кеңейүү боюнча комиссары Йоханнес Хан Сребреница кыргынынын кезектеги жылдыгына байланыштуу биргелешкен билдирүү жасады.
“Европанын соңку тарыхындагы эң капсалаңдуу учурлардын бири болгон Сребреница тууралуу дайыма эскерип туруу - биздин милдет”, - деп айтылат Еврошаркеттин өкүлдөрү тараткан билдирүүдө.
Сребреницанын эркектерин жапырт өлтүрүү 1995-жылы аталган шаар Ратко Младич жетектеген серб топторунун колуна өткөндөн кийин болгон. 1990-жылдардагы Босния согушунда бул аймак дайыма болбосо да Бириккен Улуттар Уюмунун коргоосунда деп эсептелген.
Кандуу окуяда өлтүрүлгөндөрдүн арасында 18ге чыга элек жүздөгөн өспүрүмдөр болгон. Кийин тергөөдө аныкталгандай, кылмышты жашыруу үчүн көптөгөн сөөктөр атайын башка жерге кайра көмүлгөн.
Мурдагы Югославия боюнча ишти караган Эл аралык трибунал 2004-жылы апрелде Ратко Младичтин орун басары катары белгилүү босниялык серб, генерал Радислав Крстичти жоопко тартып жатып, биринчи жолу Сребреницада геноцид болгон деген жыйынтыкка келген.
Деген менен Балканда Сребреницадагы кыргын боюнча талаш токтой элек. Бир катар сербиялык саясатчылар бул кылмыштардын масштабы тууралуу айтылган маалыматтарга каршы жана бул жылдары сербдерге жасалган кылмыштарды да таанууга чакырып жүрөт. Сребреницадагы кылмышты геноцид деп таанууга босниялык сербдер да каршы болуп келе жатат.