Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:42

АКШ-Кытай: соода тиреши токтой элек


Бир жылдан бери "соода согушу" деп аталып жаткан талашта Вашингтон менен Бээжин бири- биринин жалпы баасы 360 миллиард доллардык товарына бажы тарифтерин көтөргөн.
Бир жылдан бери "соода согушу" деп аталып жаткан талашта Вашингтон менен Бээжин бири- биринин жалпы баасы 360 миллиард доллардык товарына бажы тарифтерин көтөргөн.

Кытайлык жана америкалык расмий өкүлдөр 31-июлда Кытайдын Шанхай шаарында бир жылга созулган "соода согушун" токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрүн кайра баштады.

Буга чейинки ондон ашык ушундай эле жыйындарда эки тарап орток пикир таба алган эмес жана май айында өтө турган сүйлөшүү белгисиз мөөнөткө токтоп калган.

АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзер жана каржы министри Стивен Мнучин дүйнөнүн эң алдыңкы эки экономикасынын соода сүйлөшүүлөрүнүн он экинчи айлампасын баштоо үчүн Шанхайга келип, Кытайдын вице-премьери Лю Хэ менен жолугушту.

Бир жылдан бери соода согушу деп аталып жаткан талашта Вашингтон менен Бээжин бири-биринин жалпы баасы 360 миллиард доллардык товарына бажы тарифин көтөргөн.

Бул соода талашы АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы «эки тараптуу соодада адилетсиздик бар», Кытай «интеллектуалдык менчикти уурдап жатат» деп билдирип, америкалык компанияларга тең шарттарды талап кылгандан кийин башталган.

Бээжин менен Вашингтон декабрдан бери эки тараптын кызыкчылыгына туура келген жаңы соода келишимин түзүүнүн жолун издеп, бирок мунаса таба элек. Май айындагы сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктап, Дональд Трамп Кытайды мурдагы сүйлөшүүлөрдө жетишилген сөзүнө турган жок деп айыптаган.

Азыркы сүйлөшүүлөр - июнда Дональд Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң "соода согушун" убактылуу токтотуу тууралуу макулдашкандан кийинки биринчи жолугушуу.

Шанхайда соода мамилесинде чыңалуу жараткан АКШ-Кытай сүйлөшүүлөрү башталып жаткан чакта Дональд Трамп «Твиттерге» билдирүү калтырып, Бээжинди дагы сындады.

Журналисттерге маек курган президент «менин командам сүйлөшүү жүргүзүп жатат, бирок алар макулдашууну дайыма өз кызыкчылыгына ылайык өзгөртө берет» деди.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

"Кытай жыл сайын биздин жүз миллиарддаган долларыбызды алып кетип жатат. Мен тарифтерди киргизгенден кийин алар 27 жылдан бери биринчи жолу эң начар жылды баштан кечиришти. Миңдеген компаниялар Кытайды таштап кетти. Мен сиздерге айтып коеюн, Кытай мени менен келишим түзүүнү көздөп турат. Бирок муну жасайбызбы же жокпу, менден көз каранды. Бул Кытайдын колундагы иш эмес", - деди Трамп.

АКШ президенти Бээжин америкалык айыл чарба продукцияларын сатып ала турган мөөнөт келгенин, бирок эч кандай кадам жасалбаганын айтты.

Ал арада Кытайдын коммунисттик партиясынын жарчысы болгон басылма Трамптын атын атабастан, «сүйлөшүү башталган кезде айрым америкалыктардын барабаны тескери урулуп, обонду бузуп жатат» деп жазды.

Ал эми Кытайдын тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү Хуа Чунин Вашингтон соода сүйлөшүүлөрү учурунда басым көрсөтүүсүн токтотушу керек деп эсептейт.

Хуа Чунин
Хуа Чунин

"Мен АКШнын мүмкүн болушунча басым көрсөтүү тактикасын колдонгону маанисиз деп ойлойм. Оорукчан адамдын башка бирөөгө "менин ордума дары ичип кой" деп суранганы эч пайда алып келбейт. Мен соода сүйлөшүүлөрү тууралуу сөз болуп жатканда АКШ чынчылдыгын, ак ниеттүүлүгүн көрсөтүшү зарыл деп эсептейм".

Өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп Бээжин жаңы соода келишимин түзүүнү 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки мезгилге калтырууну көздөп жатат жана демократ президент шайланса, “өлкөнү тоноону уланткысы келет” деп билдирген. Мындай үмүт ишке ашпай турганын эскерткен.

Кытай менен АКШ дүйнөдө экономикасы ири алдыңкы эки өлкө экени белгилүү. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайдын АКШга жөнөткөн экспорту 478 миллиард долларды түзсө, америкалык товарлардын экспорту 155 миллиард болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG