Страсбургда 16-июлдагы добуш берүүдө 60 жаштагы Урсула фон дер Ляйенди Европарламенттин 751 депутатынын 383ү колдоп, 327си каршы болду. Анын шайланышы үчүн 374 добуш зарыл болгон, демек Ляйен тогуз добуш аз алганда Еврокомиссиянын президенттигине шайланбай калышы мүмкүн эле. Ошондуктан Европарламенттеги добуш берүү оңой болбогонун Ляйен да моюнга алды.
«Мен жеңилдеп жана кубанып турам. Менде Европа парламентин жана анын мүчөлөрүн ынандырууга 13 күн гана убакыт болду. Албетте, алар мен киммин, эмнелер тууралуу толгоном, менин иш программам кандай экенин билүүгө кызыгышты. Ушунун баарын 13 күндүн ичинде жасоо марафонго тете иш болду, бирок ал ошого татыды», - деген Урсула фон дер Ляйен климаттын өзгөрүшү маселесине жана АКШ менен соода алакаларды күчөтүүгө көңүл бура турганын билдирди.
Жети баланын энеси, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин командасында 14 жылдан бери саясатта келе жаткан Урсула фон дер Ляйен 2013-жылдан бери коргоо министри болуп келди. Германияда аялдардын ичинен биринчи коргоо министри катары белгилүү Ляйен Европа комиссиясын башкарган да алгачкы аял саясатчы болмокчу.
Ал бул кызматка ноябрдын башында киришип, люксембургдук Жан-Клод Юнкердин ордун ээлейт. Еврокомиссия уюмдун аткаруучу органы катары мыйзамдарды иштеп чыгып, сунуш кылат, бюджетти аныктайт жана каражаттын сарпталышын көзөмөлдөйт. Евробиримдиктин жылдык бюджети - 166 миллиард доллар.
«Парламенттин курамы абдан көп түрдүү. Бирок убакыттын өтүшү менен биз чечүүгө милдеттүү болгон чоң саясий маселелерди көтөргөн борбор түзүлөт деп ойлойм. Бул борбор европалык борбор болушу керек. Ал бүгүн жаралды десе да болот. Анткени менде көпчүлүк болду. Эми биз аны бекемдешибиз керек», - деди Урсула фон дер Ляйен.
Ушул айдын башында ишин баштаган Европарламенттин жаңы шайланган депутаттары үч күндүк талаш-тартыштан жана бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдөн кийин Урсула фон дер Ляйендин талапкерлигине токтолушкан. Бирок ал жалгыз талапкер болгонуна карабастан, парламенттеги добуш берүүгө чейин анын жыйынтыгы кандай болоору белгисиз болуп жатты. Бир катар европалык мамлекеттер Урсула фон дер Ляйенди алып чыгуу Германия менен Франциянын эле «көшөгө артындагы макулдашуусу» болуп калды деп санашат.
Буга чейинки жылдары Европарламенттеги салттуу күчтөр - Оңчул-борборчул Европа элдик партиясы жана борборчул-солчул Социалисттер менен демократтардын прогрессивдүү альянсы үстөмдүк кылып, Еврошаркеттин жетекчилерин шайлоо кыйынчылыксыз өтүп келген. Бирок май айындагы добуш берүүдө ашынган оңчулдар менен «жашылдар», ири бизнестин таламын талашкан либералдар, тескерисинче, көбүрөөк ийгиликке жетишкен. Жогорудагы эки салттуу партия мурдагыга салыштырганда жетимиштей мандатынан кол жууган. Ошондуктан бул ирет уюмдун жетекчилери боюнча талапкерлерди алып чыгуу карама-каршылыктар менен коштолду.
Акыркы шайлоо ансыз да Брекзит окуясынын шартында оңой эмес кырдаалды баштан кечирип жаткан Европа Биримдигиндеги бир канча ажырымды көрсөтүп, уюмдун биримдиги жана анын ишмердиги боюнча суроолорду жараткан.