"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Мозамбикте Идай кара нөшөрүнөн жана бороон-чапкынынан курман болгондордун саны миңден ашышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкө президенти кабарлады.
Ал эми оппозиция өкмөт мүчөлөрүнүн гана эмес, президент Николас Мадуронун өзүнүн да кызматтан кетишин талап кылууда.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Орусиянын Федерация кеңеши Мамлекеттик Думадан өткөн «жалган» маалымат тараткандарды, бийлик органдарына, мамлекеттик символдорго акарат келтиргендерди жазалоо тууралуу мыйзам долбоорлорун жактырды.
Ондогон өлкөлөр “Боинг” компаниясынын «Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү лайнеринин учуусуна тыюу салды. Мындай чечимге алар 10-марттагы Эфиопиядагы авиа кырсыктан кийин келишкен. Бирок “Боинг” компаниясы учактын коопсуздугуна толук ишенерин айтып жатат.
12-мартта Казакстандын Астана шаардык прокуратурасы кытайлык кайрылмандардын жана шинжаңдыктардын укуктарын коргогон «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси, активист Серикжан Билаштын кармалышы тууралуу түшүндүрмө берди.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова өз өмүрүнө кол салган деген маалыматты четке какты.
Эфиопиядагы кырсык «Боинг 737 MAX 8» учагынын коопсуздугу боюнча талкууну күчөттү. Кытай менен Эфиопия аталган үлгүдөгү учактарды колдонууга тыюу салды.
Узап бара жаткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.
7-мартта Ооганстандын борбору Кабулда шииттердин лидери Абдул Али Мазарини эскерүү учурунда бир канча жардыруу болду. Ал жерге жогорку кызмат адамдары жана президенттикке талапкерлер да чогулган. Окуядан үч адам өлүп, 30дай киши жаракат алган.
Түндүк Корея курал сынап, ракета учурган жайын калыбына келтире баштаганы кабарланууда.
Ооганстандын Нангархар провинциясында согушкерлердин кол салуусунан кеминде 16 киши көз жумду. Өткөн аптада да «Талибандын» чабуулунан 25 аскер мерт болгон. Нангархар провинциясында талибдерден тышкары «Ислам мамлекети» тобу да чабуулдарды уюштуруп келет.
Өкүлдөр палатасынын демократ Жеррольд Надлер жетектеген Юридикалык комитети АКШнын президенти Дональд Трампка каршы жаңы иликтөөнү баштады.
Венесуэланын оппозиция лидери, өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдо 4-мартта мекенине кайтып келет. Өлкө бийлиги ал кайтып келгенде камакка алынарын эскертүүдө.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдын борбору Ханойдогу жолугушуусу 28-февралда эч кандай макулдашуусуз жана күтүлгөндөн эрте аяктады.
Дональд Трамптын мурдагы юристи Өкүлдөр Палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетинде көрсөтмө берди.
27-февралдагы нааразылык акциясында Казакстанда "Назарбаев кетсин!" деп кыйкыргандарды полиция алып кетти.
Казакстандын жаңы премьер-министри болуп Аскар Мамин дайындалды. Ошондой эле өкмөттүн жарымы алмашып, айрым министрликтердин аталышы өзгөрдү.
Молдовада алгач ирет аралаш шайлоо системасы менен өткөн парламенттик шайлоодо төрт партия алдыга чыкты. Алдын ала эсептер боюнча, арасында Орусия менен да, Батыш менен да мамилени күчөтүүнү жактаган партиялар бар.
Дагы жүктөңүз