АКШ менен Кыргызстан мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол койду. Анын алдында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы массалык маалымат каражаттарындагы Бакиевдин жана анын жакындарынын Кыргызстанга келиши мүмкүндүгү тууралуу кабарлар боюнча билдирүү таратты.
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык активдерди кайтаруу иштерин эки тараптуу кызматташтыктын жетишкендиги катары сыпаттады:
- Экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү уурдаган 4,6 миллион долларлык активдерди териштирүү жана кайтарып алуу - эки өкмөттүн, атап айтканда, биздин укук коргоо органдарынын көп жылдан бери уланып жаткан кызматташтыгынын туу чокусу болуп саналат. Бул каражаттарды кайтарып алуу - чоң жетишкендик жана биздин эки тараптуу мамилелер үчүн абдан маанилүү учур. АКШ өкмөтү президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүнө колдоо көрсөтөрүн баса белгилейт жана коррупцияга малынган аткаминерлер кыргыз мамлекетинен уурдаган каражаттарды кайтарып берүүгө АКШнын ынтызарлыгын көрсөтөт.
АКШнын Юстиция министрлиги 27-февралда аталган акча каражаты Кыргызстанга кайтарылганын жарыялады. Мекеменин расмий сайтындагы кабарга караганда, каражаттардын изи Бакиевдердин жеке банкири, өнөктөшү аталган Евгений Гуревичтин кылмыш ишин иликтөөдө табылып, 6 миллион доллар конфискацияланган. Анын 4,5 миллион долларга жакыны кайтарыла турган болгон. Калган каражатты кайтаруу үчүн кошумча аракеттер пландаштырылып жатканы маалымдалды.
Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, АКШда да жазага тартылган Евгений Гуревич былтыр “Азаттыкка” берген маегинде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен деген оюн айткан. Ал өзү Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча кыргыз бийлиги менен кызматташууга даяр экенин да билдирген.
Евгений Гуревич сөз болуп жаткан 4,6 миллион доллар 2012-жылдын жаз айларында мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиевге бейрасмий түрдө таандык болгон Гонконгдогу компаниядан АКШга которулганын “Азаттыкка” ырастады. Ал эми "24.kg" жаңылыктар агенттигине курган маегинде Гуревич АКШ бул акчага 2014-жылы “инсайдердик соодада” колдонулду деген шек менен арест койгонун, өзү Американын Юстиция министрлиги менен кызматташып, бул каражат кайдан келгенин аларга толук айтып бергенин билдирген.
Бакиевдин режими тушундагы финансылык махинацияларды талдаган “Чек арасыз диктаторлор” китебинин авторлорунун бири, Британиядагы Эксетер университетинин профессору Жон Хезершоу "Бакиевдин тушунда чет өлкөгө чыгарылып кеткен каражаттын бир бөлүгү дээрлик тогуз жылдан кийин кайтарылып жатканына сиз кандай баа бердиңиз?" деген суроого мындайча жооп берди:
- Ыңкылаптан бери узак убакыт өттү. Бул Кыргызстандан уурдалып кеткен деп шек саналган каражаттын көлөмүнө салыштырмалуу кыйла аз акча. Бирок мунун өзү узакка созулган иликтөөлөрдөн жана мыйзамдык аракеттерден кийин “уурдалган акчаны кайтарса болот” деген принципти бекемдеген жагдай. Биз эми бул байлык чындап уурдалып кеткен жана мыйзамдуу түрдө таандык болгон тарапка же кыргыз элине кайтарылып жатат деп ишенимдүү айта алабыз. Менимче, бул жакшы жышаан. Бирок акчаны кайтаруу оор жана жай процесс. Алар каражаттын баарынын изин таба алышайт.
Жон Хезершоу белгилегендей, “Бакиевдин президенттигинин акыркы бир-эки жылында анын үй-бүлөсү Кыргызстанга келген чет өлкөлүк инвестициянын баарын көзөмөлдөп турган. Ал акчанын басымдуу бөлүгү “Азия универсал банкына” түшкөн. Алар ал жерден өлкөнүн сыртындагы жеке эсептерге которуп турушкан.
Чет өлкөгө чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу жана уурдалган акчанын изин табуу багытында иш жүргүзгөн Швейцариянын Базел башкаруу институтунун директору Гретта Феннер кандай эффективдүү иш жүргүзсө болору тууралуу ой бөлүштү:
Максим Бакиевдин таржымалы
40 жаштагы Максим Бакиевдин аты калың журтка атасы 2005-жылы президент болгондон кийин белгилүү болгон. Кезинде айрым бизнесмен жана мамлекеттик кызматкерлер анын коркутуп-үркүтүүлөрүнө кабылганын айтып чыгышкан.
2009-жылы ал ЦАРИИ же Өнүгүү жана инвестициялар боюнча борбордук агенттиктин башчылыгына дайындалган. Бул агенттик экономикасынын күрөө тамырын кармап турган.
7- апрель окуялары маалында АКШда жүргөн Максим Бакиев 2010-жылдын июнунда Британияга келип, кийинчерээк баш паанек алган.
Кыргызстанда Максим Бакиев коррупция жана башка бир катар экономикалык кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылып, 25 жылдан өмүрүнүн акырына чейин бир нече жолу сыртынан абакка кесилген.
Кыргыз тарап мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулун ири суммадагы акчаны өлкөдөн чыгарып кетти деп айыптап келет.
Мисалы, ал өнөктөштөрү менен бирге “Азия универсал банкы” аркылуу Социалдык фонддун кеминде 2 миллиард сомунун изин жашырган деп өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө сыртынан кесилген. Бакиев өзү 2010-жылдан бери жаңы бийликтин саясий куугунтугуна кабылып келе жатканын билдирген.
2012-жылы Бакиевге АКШда баалуу кагаздарга байланыштуу көз боёмочулук кылган деген айып тагылып, бир жылга жетпей бул иш кайра жабылып калган.
2013-жылы кыргыз өкмөтүнүн өкүлү Максим Бакиевдин АКШдагы 74 миллион доллардык эсептери жабылганын айткан. Бирок андан кандай майнап чыкканы белгисиз.
Анын атасы, 2005-жылы Кыргызстандын президенти болгон Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан.
90 жакын адамдын өмүрүн алган апрель окуясы боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.
Башы прокуратуранын Бакиевдер тууралуу билдирүүсү
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 22-февралда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жана анын жакындары боюнча капилет маалымат таратты. Ага чейин маалымат каражаттарына Бакиевдер Кыргызстанга келиши мүмкүндүгү тууралуу кабарлар чыкканы айтылган. Маселен, Курманбек Бакиевдин инилеринин бири Адыл Бакиев "Майдан" гезитине берген маегинде акыркы жылдары Казакстанда жашап жүргөнүн, Кыргызстанда ага мыйзамдык жактан доомат жок экенин айтып, мекенине кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан эмес. Агасы Курманбек Бакиев учурда Кыргызстанга инвестиция тартып келүү үстүндө иштеп жатканын кошумчалаган.
Көзөмөл мекемеси мурда козголгон кылмыш иштеринин алкагында 2010-жылы 7-апрелдеги окуялардагы адам өлтүрүү, коррупция жана мүлктү басып алуу фактылары боюнча Бакиевдерге карата сот өкүмдөрү чыкканын эскерткен. Ошондой эле учурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башка фактылар боюнча коррупциялык ишмердүүлүгү боюнча териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилери айтылган.
Атамбаев доого жыгылган сот иши
Бул жумада экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атына байланышкан эки сот иши өттү. Эки сот иши тең Алмазбек Атамбаевдин пайдасына чыгарылган жок.
Бишкектеги Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди саясатчылар Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирсе, Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин президент болуп турган кезинде "Ата Мекен" партиясынын эки юристине койгон 10 миллион сомдук доосу боюнча иш кайра Октябрь райондук сотуна жиберди.
28-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Акматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына каршы берген арызы боюнча чечимин чыгарып, алардын доосун жарым-жартылай канааттандырды. Сот мурдагы президентти үч саясатчынын ар бирине 100 миң сомдон кенемде төлөп берүүгө, ал эми "Апрель" телеканалын такталбаган маалымат таратканы жөнүндө төгүндөө берип, доогерлерге эфирдик убакыт берүүгө милдеттендирди.
Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалында 10-декабрда чыккан маегине байланыштуу мурдагы президентти жана каналдын жетекчиси Дмитрий Ложниковду сотко берген.
Ал эми 27-февралда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атына байланышкан дагы бир ишти Бишкек шаардык соту карады. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде анын ар-намысын коргоп Башкы прокуратура "Ата Мекен" партиясынын юристтери Канатбек Азизди жана Таалайгүл Токтакунованы сотко берген. Бул ишти караган Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын декабрында чыгарган чечими жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарылып, аталган райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү:
- Чечим 27-февралда чыгып, доо толугу менен жокко чыгарылды. Бирок Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоп сотко берген Индира Жолдубаеванын арызы калды. Бишкек шаардык соту аны кайрадан Октябрь райондук сотуна жиберди. Себеби кайсы сот мыйзамсыз чечим кабыл алса, кайра ошол сот аны жокко чыгарат. Бирок коюлган 10 миллион сомдук доо жана "АКИпресске" барып, "туура эмес маалымат бериптирбиз, жүк Атамбаевдики эмес экен" деген сөздөрдү айтуу боюнча соттун чечими жокко чыкты. Эми соттук материалдар Бишкек шаардык сотунан Октябрь райондук сотуна өткөрүлдү. Мыйзам боюнча райондук сот аны бир айдын ичинде карап чыгыш керек. Мүмкүн ал 10 же 20 күндүн ичинде болуп калышы ыктымал.
Токтакунова менен Канатбек Азиз 2017-жылдын март айында Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, "Дача-СУ айылына кулаган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар" деген маалымат тараткан. Атамбаев муну жалган жалаа катары сыпаттап, жүк анын үй-бүлөсүнө тиешеси жок экенин бир нече жолу кайталаган.
Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 4-декабрдагы чечимине ылайык, Атамбаевге материалдык доону өндүрүп бериш үчүн эки юристтин айлыгы түшчү банктагы эсеби жабылган. Алардын маалыматына караганда, банкта Канатбек Азиздин 204 миң сому, Токтакунованын 167 миң сому турат. Андан тышкары Токтакунованын үч автоунаасы, Бишкектеги эки үйү менен эки жер тилкеси камакка алынган. Ошол эле соттун чечими менен “Ата Мекен” партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган. Ошол соттук териштирүүлөрдө экс-президенттин өкүлү "кулаган учактагы жүк Атамбаевдики эмес деп төгүндөгүлө, 10 млн. сом айыппулду да төлөгүлө" деп талап кылган.
“Ата Мекен” – мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге оппозицияда болгон. Партия лидери Өмүрбек Текебаев анын саясатын катуу сындап, парламентте импичмент жараянын баштоо демилгесин да көтөргөнү маалым. Кийин ал "орус жаранынан пара алган" деген айып менен сегиз жылга соттолуп, азыр абакта. "Ата Мекендин" лидери ага коюлган айыптардын баарын четке каккан.
Атамбаев президент болуп турган кезде бир катар маалымат каражаттары, журналисттер жана укук коргоочулар менен соттошуп, он миллиондогон сомдук доолорду койгон.
Экс-президент башкарган КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаевге байланышкан акыркы соттук чечимдерди бийликтин тапшырмасы катары сыпаттады:
- Бир жылдан бери эле экс-президент Алмазбек Атамбаевди каралоо өнөктүгү жүрүп жатат. Муну бийликтин өзүнүн башкы саясий каршылашына кылып жаткан басымы, кысымы деп эсептейбиз. Азыр соттор толугу менен өз алдынча иш алып барган жок. Мисалы, Бишкек шаардык сотунун кечээ кабыл алган чечими деле кайсы бир көрсөтмөнүн көрсөткүчү болсо керек.
Бишкектеги Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген чечими кызуу талкууланууда.
Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев Алмазбек Атамбаевди саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген иш боюнча мындай дейт:
- Кыргызстанда ар бир адам кылган ишине, айткан сөзүнө жооп бериши керек. Ошол эле учурда айтылган сөз, сын да объективдүү болушу керек. Бизде экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам бар эмеспи. Бул жагдай Алмазбек Атамбаевден «экс» деген макамды алууга карата биринчи кадам болуп калды окшойт. Дагы бир жагдай - бизде сотко ишенүү оор. Эгерде Атамбаев азыр президент болуп турганда сот таптакыр башкача чечим чыгармак. Аны биз көрбөдүк беле. Өзү убагында айрым бир адамдарды сотко берген, миллиондогон доого жыккан.
Үч саясатчы “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, мурдагы президент менен телеканалдан жалпы жонунан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнүшкөн.
- Менин көз карашымда бул жерде сотторго эч кандай басым жок. Болгону үч саясатчы Атамбаевге теңелип өтө чоң сумманы коюп беришкен эле да. Ал эми сот алардын аброюн 100 миң сом менен баалап берди. Кыргызстандын өзүнүн шартында негизи ошондой эле болуп келген. Анан Атамбаевдин учурунда эле соттор анын командасынын баасын миллион-миллион кылып, кымбаттатып коюшкан да, - деди "Легендарлуу парламенттин" депутаты, юрист Мукар Чолпонбаев.
Пакистан – Индия чатагы
Кыргызстан менен бирге Шанхай кызматташтык уюмуна кирген Индия менен Пакистандын мамилеси ушул жумада курчуп кетти. Индия учактары 1971-жылдагы акыркы согуштан бери биринчи жолу чек ара тилкесин кесип өтүп, Пакистан тарапта аба соккуларын жасады.
Пакистандын бийлиги 1-мартта эки күн мурда колго түшүрүлгөн индиялык учкучту өткөрүп бергенине карабай, талаштуу Кашмир аймагында кырдаал курч бойдон калууда. 2-мартта Индия менен Пакистандын куралдуу күчтөрү талаштуу чек ара тилкесинде бири-бири тарапка ок атты. Исламабаддын билдиргенине караганда, индиялыктардын аткылоосунан алардын эки жоокери набыт болду.
Ага чейин Индиянын полициясы Пакистан жоокерлеринин артиллериялык аткылоосу чек ара тилкесиндеги үйгө тийип, 24 жаштагы келин, анын беш жаштагы уулу жана тогуз айлык кызы мерт болгонун маалымдаган.
Эки тарап 2-мартта бири-бирин мындан башка да адам курмандыгына алып келген аткылоолорго айыпташууда.
Дели менен Исламабаддын ортосундагы акыркы чыңалуу Индия 26-февралда да Пакистандын аймагындагы "террорчулардын лагерине" сокку ургандан кийин күчөдү. Индиянын аскер аба күчтөрүнүн Пакистандын Балакот аймагындагы жоочуларды бутага алган бул операциясы 1971-жылдагы акыркы согуштан берки чек ара тилкесин кесип өткөн алгачкы аба соккусу катары мүнөздөлүүдө.
Индия мындай кадамга 14-февралда Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө кеминде 41 полиция кызматкеринин өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусунан кийин барган. Индиялык жоокерлердин өмүрүн алган чабуулга Пакистан тараптагы "Жаиш-е-Мухаммад" тобу жоопкерчилик алган.
Ал эми 27-февралда Пакистан Индиянын аскердик учагы Кашмирди экиге бөлүп турган чек ара тилкесинен учуп өтүп, Пакистандын аба мейкиндигине киргенде атып түшүрүлгөнүн жарыялаган. 1-мартта өткөрүлүп берген индиялык учкуч ошондо колго түшүрүлгөн.
Индия Пакистанды "согушкерлерди таптап жатат" деп күнөөлөсө, расмий Исламабад андай айыптарды четке кагат. Делинин көз карашында, Исламабад "көзөмөл сызыгына өзү машыктырган согушкерлерди жөнөтөт”. Пакистан болсо Кашмир аймагынын өз тагдырын аныктоо күрөшүнө дипломатиялык колдоо көргөзүп жатканын гана билдирип жүрөт.
Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган талаштуу Кашмирди талашып, чатакташып келе жатат. Атомдук куралга ээ эки өлкө ортосундагы үч согуштун экөө азыр экиге ажырап турган Кашмир чөлкөмү үчүн болгон. Талаштуу аймакта адам курмандыктарына алып келген кагылыштар жана атышуулар тез-тез кайталанып турат.
АКШ, Европа Биримдиги, Кытай жана Орусия Индия менен Пакистанда кырдаал курчуп жатканына тынчсыздануусун билдиришүүдө. 27-февралда Кошмо Штаттардын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан эки тарапты тең аскердик аракеттерден алыс болуп, тирешти деэскалация кылууга чакырды.
Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Федерика Могерини Индия менен Пакистанды "болушунча сабырдуу болууга" үндөп, бул олуттуу кесепеттердин алдын ала турганын билдирди.
Пакистандын жакын өнөктөшү болуп саналган Кытай эскалацияга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирип, Исламабад менен Дели кырдаалды жөнгө салыш үчүн болгон күчүн жумшайт деп үмүттөнөрүн белгиледи.
Орусия эки өлкөнү сабырдуулукка чакырып, бул жагдайды саясий-дипломатиялык жол менен чечүү зарыл экенин билдирген.
Индия менен Пакистан дүйнөдө өзөктүк куралы бар деп саналган тогуз өлкөнүн катарына кирет.
Алар өзөктүк арсеналдарын мүмкүн болушунча кеңейтүү багытында иштеп жатканы Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдо жайгашкан эл аралык институттун 2016-жылдагы баяндамасында айтылган. Алардын эсебинде Пакистанда 110-130, Индияда 100-120 өзөктүк дүрмөт бар.
2017-жылы Астана шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун 17-саммитинде дүйнөдөгү ядролук державалар - Индия менен Пакистан аталган уюмга толук кандуу мүчө болуп киришкен.
ШКУга Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Орусия мүчө.