Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

АКШда Трампка каршы жаңы иликтөө башталды


Дональд Трамп, 2-март, 2019-жыл.
Дональд Трамп, 2-март, 2019-жыл.

Өкүлдөр палатасынын демократ Жеррольд Надлер жетектеген Юридикалык комитети АКШнын президенти Дональд Трампка каршы жаңы иликтөөнү баштады.

Жаңы иликтөөнүн алкагында Конгресстин Юридикалык комитети Орусиянын президенти Владимир Путин менен байланыштагы бизнесмен Евгений Пригожинге таандык компанияларга жана орусиялык миллиардер Виктор Векселбергге байланышкан документтерди сурады. Мындан тышкары, Трамптын Орусия менен болжолдуу байланыштары тууралуу маалымат бериш үчүн дагы 80дей адамга жана мекемеге суратуу жөнөтүлгөн.

Өкүлдөр палатасынын демократ Жеррольд Надлер жетектеген Юридикалык комитети АКШнын президенти Дональд Трампка каршы жаңы иликтөөнү баштады. Алар Трамп ыйгарым укуктарынан аша чапкан, сот адилеттигине тоскоолдук кылган болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Дүйшөмбү күнү парламенттик иликтөөнүн алкагында 81 адамга, мекемеге жана компанияга суратуу жөнөтүлдү.

Өткөн жумада Трамптын мурдагы юристи Майкл Коэн Конгрессте сүйлөп, президентти «шылуун, жалганчы жана расист» деп атаган. Анын көрсөтмөсү - президентке байланыштуу жаңы иликтөө баштаганга түрткү берген себептердин бири.

- Буга чейин бир күбө, Майкл Коэн айткан көптөгөн кылмыштар бар. Биз көбүрөөк күбөнү угуп, көбүрөөк далилдүү документтерди алгыбыз келет. Майкл Коэн көптөгөн документтерди көрсөттү. Бирок биз администрациядагы коррупция жана мыйзамсыздык тууралуу андан да көп документтер бар деп эсептейбиз, - деди демократ, Мэриленд штатынан шайланып келген Жейми Раскин.

Өкүлдөр палатасынын Юридикалык комитети маалымат бериш үчүн суратуу жөнөткөн 80дей тизменин ичинде Ак үй, ФБР, Юстиция министрлиги, анын кызматтан кеткен мурдагы башчысы Жефф Сешнз бар. Ушундай эле катты Трамптын балдары Эрик менен Дональд, күйөө баласы Жаред Кушнер да алган. Андан тышкары, суратуу Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү боюнча иликтөөнүн фигуранттарына, Трамптын штаб башчысы Пол Манафортко, мурдагы юристи Майкл Коэнге, штабдын кеңешчиси болгон Жорж Пападопулоско, Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге, «Викиликстин» башчысы Жулиан Ассанжга, орусиялык-америкалык лоббист Ринат Ахметшинге, грузин-америка бизнесмени Ираклий Кавеладзеге жана башка орусиялык жарандарга да жөнөтүлгөн.

Конгресстеги демократтардын жаңы иликтөөсүнүн алкагында 81 адамга жана компанияга суратуу жөнөтүшүн Ак үй сындап, аны «шермендечилик» жана «кордоо» деп атады. Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерстин сөзүнө караганда, демократтар Трамптын Орусия менен байланышы тууралуу эки жылдан бери айтып келе жаткан маалыматтары далилденбей калганынан коркуп жатышат.

Ал эми президент Дональд Трамп «Демократ Жеррольд Надлердин жаңы иликтөөсү менен кызматташасызбы?» деген суроого:

- Мен дайыма баары менен кызматташам, - деп жооп берди.

Ошол эле кезде дүйшөмбү күнү Конгресстеги чалгын, мамлекеттик реформа жана жана эл аралык иштер боюнча комитеттер Ак үйдөн жана Мамлекеттик департаменттен АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин жолугушуулары жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү тууралуу көптөгөн документтерди берүүнү талап кылышты.

«Президент Трамп президент Путин менен байланыштарын администрациянын жетекчилеринен, Конгресстен жана америка элинен жашырууга бир канча ирет аракет кылган» деп айтылат конгрессмендердин билдирүүсүндө. Алар сүйлөшүүлөрдүн протоколдору жок кылынган болушу мүмкүн деп да божомолдошот.

АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер дээрик эки жылдан бери президент Трамптын 2016-жылкы шайлоо учурундагы штабынын Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду утуш үчүн Орусия менен байланыштары болгон-болбогонун иликтөөдө. Трамп өзүнүн шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун билдирип жүрөт.

Москва да Кремль АКШдагы шайлоого кийлигишкен деген дооматтарды четке кагып келе жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG