Кыргызстандагы Социал-демократтар партиясында ажырым болуп көрбөгөндөй күчөдү. Алар жакында эки башка курултай өткөргөнү жатышат.
Партиянын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган топ 6-апрелде курултай өтөт деп жарыяласа, партиянын парламенттеги фракция башчысы Иса Өмүркулов жана башка мүчөлөрү курултайды 3-апрелде өткөрүүнү чечкени маалым болду.
- Устав боюнча кезектеги съездди чакыруу туптуура. Кезектеги съездди саясий кеңеш көпчүлүк добуш менен чечет. Ошон үчүн биз ушул жол менен чечтик. Партиянын төрагасы кезексиз съездди чакырганга укугу бар. 3-апрелге баарын чакырам, келип катышсын, ойлорун ошол жерден айтышсын. Өмүркуловгобу же дагы башка бирөөгөбү, сыны болсо толук айтышсын, - деди Иса Өмүркулов ВВСнин кыргыз кызматы менен болгон маегинде.
Өмүркулов 3-апрелге белгиленген курултайга 300 делегатка квота берилгенин кошумчалады.
Иса Өмүркуловдун соңку билдирүүсүнө байланыштуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү, аталган партиянын парламенттеги депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова 5-мартта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алардын айтымында, партиянын курултайы 6-апрелге белгиленген. Карамушкина Өмүркуловдун аракети партиянын уставы менен регламентине каршы келерин, ал былтыр эле партиянын катарынан чыгарылганын билдирүүдө:
- Партиянын регламенти менен уставына ылайык, төрага менен анын орун басарлары гана саясий кеңешти жыйнап, курултайдын күнүн, программасын бекитет. Биздин мурунку партиялашыбыз Иса Өмүркулов легитимдүү эмес. Анткени ал партиянын катарынан чыгарылган. Саясий кеңеште Иса Өмүркуловду чыгарып салгандан кийин 35 мүчөсү бар. Азыр ал көптөрүнүн ишеним каты бар экенин, 3-апрелде курултай өткөрүүгө жетишерлик добуш алганын билдирип жатат. Саясий кеңештин жети мүчөсү форумда отурат, үчөө парламентте, төрт мүчөсү жабык жайларда. Алар көпчүлүк добуш алышы мүмкүн эмес. Бул жөн гана коомчулуктун башын айлантуу, партиянын калган бөлүгүн ажыратуу аракети. Бул «Атамбаевсиз КСДП» долбоорунун уландысы. Бийликтин колдоосу болбосо бул долбоор иштебейт эле, Иса Өмүркулов мындай билдирүү таратмак эмес. Ал партиянын уставын бузду.
Өзүн "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсүмүн" деп атаган Сагынбек Абдрахманов Бишкекте жана аймактарда "Атамбаевсиз КСДП" деген ураан менен былтыртан бери жыйындарды уюштуруп келе жатат. КСДПнын катчылыгы аталган кыймыл партияны бөлүп-жаруу жана тартып алуу максатында түзүлгөнүн, артында азыркы бийликтин өкүлдөрү турарын жана Абдрахманов партиянын мүчөлүгүнөн чыгарылганын билдирген.
КСДПнын катчылыгынын маалыматына караганда, өлкө боюнча партиянын 50 миңге жакын мүчөсү бар. Экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган партиянын мүчөлөрү 22-февралда "партиялык курулуштун жаңы этабы" башталганын жарыялаган. Атамбаев партия азыр оор учурду баштан кечирип жатканын белгилеп, "бул бир жагынан партиянын тазаланышына шарт түзүп жатат" деген оюн айткан:
- Атамбаев партияны дайыма эле башкарбайт. Мамлекетти башкаргандай эле бир күнү партияны да өткөрүп беребиз. Мен партияны ким башкарса да партия өзүнүн духун, рухун, жүрөгүн сактап калат деп ишенем. Биздин партия эң кыйын кезде өзүнүн сөзүн айтчу.
КСДП 1994-жылы түптөлгөн жана апрель ыңкылабынан кийин, тактап айтканда 2010-жылдан бери бийликте турат. Өз катарынан эки президент чыгарган. Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп туура бир жыл мурун шайланган.
Бийликтеги партиянын ичиндеги бул тиреш эми эмне менен бүтүшү мүмкүн? Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясий талдоочу Алишер Мамасалиев ушул жана башка суроолорго жооп берди.
- Бул талаш эртеби-кечпи сотко такалат. Бир тарап сөзсүз сотко кайрылат. Апрелде эки тарап эки башка курултай өткөргөнү жатат. Май айында бир тарап сотко берет деп ойлойм. Эгер сотко кайрылса, анда сот иши парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү маалына чейин созулушу мүмкүн. Эгер ошол учурга чейин созулуп кете турган болсо, алардын парламенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясында катталышында суроо жаралышы да ыктымал. Мындай талаш-тартыштар менен КСДП шайлоого такыр эле катышпай калат го. Атамбаев өзү ушул кырдаалды түшүнүп, кошумча башка да партия түзүүгө аракеттениши мүмкүн. Анткени КСДПда буга чейин шайлоого катышкан бир топ эксперттер бар. Ошондуктан мындай варианттарды да жокко чыгарууга болбойт.
“Азаттык”: Биз учурда мурда-кийин кыргыз саясатында болбогон нерсеге күбө болуп жатабыз. Азыр бийликте турган, өкмөттү кураган партия кайра өзүнө оппозиция болуп жатат. Бул кыргыз саясатынын өзгөчөлүгүбү же кемчилигиби?
- Бул боло турган эле процесстер. Муну “өсүү илдети” деп коёт. Негизи сөзсүз түрдө оппозиция болушу керек. Эгер биздин коомдо оппозиция болбосо, анда кайра эле авторитардык режимге кетебиз. Күчтүү оппозиция, альтернативдүү телеканалдар болсо, бул коомго пайда алып келет. Анткени альтернативдүү саясат, көз караш жаралат. Ошондуктан бул процесстерди мен кемчилик деп айта албайм. Биз аз-аздан кадам шилтеп, алдыга бара жатабыз. Эки-үч шайлоо процесстеринен өтсөк, биз жакшы эле коомдук саясий системаны түзүп алабыз.
КТРКга жаңы директор шайланды
6-мартта Коомдук телерадио корпорациясынын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Аны колдоп КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү добуш берди. Каналдын директорлугуна тандоонун финалдык баскычына сегиз талапкер өткөн. Ал эми жалпысынан бул сынакка 20дай адам катышуу ниетин билдирген. Алардын арасында Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов, Сураган Босумбаев, Мирлан Самыйкожо жана башкалар болду.
Коомдук каналдын башчылыгына шайланган Жайнак Үсөн уулу алдыдагы пландары, аткара турчу иштери тууралуу буларга токтолду:
- Мени кандай жоопкерчиликтүү иш күтүп турганын азыр сезип жатам. Анткени КТРК корпорациясы - ири ишканалардын бири. Ал көп тармактуу жана эмгек жамааты да көп. Мен өзүмдүн программамды сунуш кылгам. Эми аны ишке ашырганга аракет кылам. Буга чейин топтогон тажрыйбамды, алган билимимди ушул жерге колдоном деп максат коюп турам. Бул коомдук телеканал болгондон кийин эң биринчи коомчулуктун кызыкчылыгын көздөш керек.
Коомдук телерадио корпорациясынын төрт жыл жетектеген Илим Карыпбековдун мөөнөтү 19-мартта бүтөт жана Жайнак Үсөн уулу ошол күнү ишке киришет. Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев "шайлоодо Байкоочу кеңешке бийлик басым кылды" деген сөздөрдү четке какты.
Жайнак Үсөн уулу 2015-жылдан бери саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экендиги айтылып жүргөн НТС телеканалын башкарып келет.
КТРКнын башкы директору Байкоочу кеңеш тарабынан төрт жылга шайланат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда Коомдук канал бийликтин саясий атаандаштарын негизсиз каралаганы үчүн анын жетекчиси Илим Карыпбековго карата көп жыйындарда, анын ичинде парламентте да ачуу сын-пикирлер айтылып келди.
Коомдук ишмер, мурдагы депутат, учурда жеке телеканалды иштетип келе жаткан Равшан Жээнбеков КТРКнын башчысын шайлоо жараяны, андагы кемчиликтер, коомдук каналдын табияты тууралуу ойлору менен бөлүштү:
- КТРКны шайлоодо коомго алып чыккан процедуралар демократиялуудай, атаандаштыкты киргизип жаткандай, коомго бир жакшы жышаан баштагандай сезилет. Бирок мунун баары жасалма процесстер жана ал коомду алдоо болуп эсептелет. Жасалма атаандаштыктын, жасалма ачыктыктын артында бийликтин эки жүздүүлүгү турат. Анткени алар ошол атаандаштыкка, ачыктыкка жамынып, өздөрү көзөмөлдөгөн күнкарама Байкоочу кеңешти чакырып туруп, кимге добуш берүүнү алдын ала айтып койгон. Балээнин баары ушул жерде жатат.
“Азаттык”: КТРКнын эфиринен Атамбаевдин учурундагыдай журналистиканын стандарттарын сактабай, бийликтин саясий атаандаштарын бир тараптуу каралаган материалдар мындан кийин да берилип калышы мүмкүнбү? Же бул сыяктуу нерселер тарыхта калды, эми болду кайталанбайт деп ишенсе болобу?
- Бийликтеги адамдар алмашса эле мурдагы бекем калыптанган көз караш, бекем калыптанган саясий система жана мамлекетти башкаруу ыкмасы да бир түндө өзгөрүп калат дегенди түшүндүрбөйт. Бизде бийликтеги адамдар өзгөрдү, бирок бийликтин жаратылышы, саясий система жана мамлекетти башкаруу модели эч өзгөргөн жок. КТРКда деле ушундай көрүнүш. Адамдын өзгөргөнү ал маанилүү эмес. КТРКны башкаруу системасы өзгөрбөсө, Байкоочу кеңеш көз карандысыз болбосо, КТРКнын саясаты өзгөрөт деп айтуу акылсыздык болуп калат. Ошондуктан коомдук канал мурда бийликтин куралы катары башка көз караштагы адамдарды, саясий атаандаштарды жамандоого пайдаланылып келсе, ошол саясат толугу менен эле кала берет.
Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: «КТРК», «КТРК Музыка», «Маданият-Тарых-Тил», «Баластан», «КТРК Спорт» жана «Ала-Тоо 24» обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: «Биринчи радио», «Кыргыз радиосу», «Миң кыял», «Достук», «Балдар FM» радиолору бар. Телеканалга мамлекеттен жылына 400 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт.
Түндүк Корея ракета учурууга камынып жатабы?
Ушул жумада Түндүк Корея курал сынап, ракета учурган жайын калыбына келтире баштаганы тууралуу кабарлар тарады.
Пхеньян ракета учурууга камынып жатышы мүмкүн экенин ишембиде америкалык "National Public Radio" радиостанциясы да маалымдады. Маалымат каражаты космостогу жана жердеги объекттерди сүрөт жана видеого тартуу менен алектенген "DigitalGlobe" компаниясына таандык сүрөттөрдү жарыялаган. Андан адистер Пхеньяндан алыс эмес, Санумдон полигонунда атайын транспорт каражаттары, жүк вагондору жана крандар жүргөнүн байкашкан.
5-мартта Сеулдун “Yonhap” кабарлар агенттиги Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматынын маалыматына таянып, "Tongchang-ri" полигонунда иш жүрө баштаганын билдирген. Маалыматка караганда, ал жердеги комплекстин чатыры жана эшиктери оңдолуп жатат. Калыбына келтирүү иштери Сохэ космодромунда да жүрүп жатканы айтылууда.
Аталган жайлар былтыркы АКШ жана Түндүк Корея президенттеринин биринчи жолугушуусунан соң бузула баштаганы айтылган болчу.
АКШ президенти Дональд Трамп 6-мартта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Түндүк Корея ракета учурган жайын калыбына келтире баштаганы тууралуу маалымат чын болсо, бул анын көңүлүн калтыра турганын билдирди:
- Эгер чындап эле ушундай болсо, анда менин абдан көңүлүм калат. Бул эми алдын ала гана маалыматтар. Бирок ошондой боло турган болсо, менин Ким Чен Ындан абдан көңүлүм калат. Бирок мен андай эмес деп ойлойм. Көрөбүз эмне болорун.
Ошол эле кезде Дональд Трамп президент Барак Обаманын тушунда АКШ Түндүк Корея менен согуш абалында турса, азыр ортодо диалог бар экенин билдирүүдө.
Айрым америкалык талдоочулар Ким Чен Ын башынан эле АКШ тарапка өзөктүк курал боюнча чындыкка туура келбеген маалыматтарды берип келген деп санашат.
- Бардык далилдер Түндүк Корея биринчи саммиттен бери өзөктүк курал жасоону улантып келгенин көрсөтүп жатат. Болгону алар сыноо өткөргөн эмес, - деди Атлантикалык кеңеш уюмунун илимий кызматкери Роберт Мэннинг.
28-февралда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдын борбору - Ханойдогу экинчи жолугушуусу эч кандай макулдашуусу жок жана күтүлгөндөн эрте аяктаган.
Анда Пхеньян өзүнүн өзөктүк курал жасоо программасын канчалык чектөөгө даяр жана АКШ Түндүк Кореяга салынган экономикалык санкцияларды канчалык алып салат деген маселеден улам орток пикир табылган эмес.
Дональд Трамп “Ким Чен Ын көп аймакта өзөктүк куралсыздандыруу иштерин жасоого даяр, бирок АКШ бул иштер башка аймактарда да жасалышын каалайт” деп айткан. Ошондой эле ал Түндүк Корея санкцияларды толук алып салууну талап кылып жатканын, АКШ буга даяр эместигин билдирген.
“Рейтер” кабар агенттигинин корей бөлүмүнүн башчысы Со Юунг Ким кырдаалды мындайча чечмеледи:
- Түндүк Кореянын жападан жалгыз берген убадасы куралдарды сыноону токтотуу болгон. Азыркы учурда Түндүк Корея өзөктүк курал жасоону токтотот деген эч кандай келишим жок. Ал эми алар Ханойдо макулдашууга жетише албай калгандан кийин куралдануу боюнча программасын өз ыктыяры менен токтотууга дем берген жагдайлар аз болушу мүмкүн. Демек, эми бул багытта иш уланып жатканы боюнча көбүрөөк маалыматтарды көрүшүбүз ыктымал.
АКШ БУУнун көп тараптуу жана өзүнүн бир тараптуу экономикалык санкциялары Пхеньян өзөктүк куралдан толук жана биротоло арылганын текшергенде гана жоюлушу керек деп эсептейт.
- Түндүк Кореянын көз карашында алар өз ыктыяры менен Пунгери өзөктүк сыноо полигонун жок кылып, Сохэ космодромун буза баштоо менен өз убадасын аткарып бүттү. Алар азыр АКШ жооп кадамга барган жок деп эсептеп жатышат. Ошондуктан азыр алар эгер макулдашуу болбосо, анда Түндүк Корея курал жасоо программасын улантат деп, АКШга белги берүүгө аракеттенүүдө, - деди “Рейтер” кабар агенттигинин корей бөлүмүнүн башчысы Со Юунг Ким.
Былтыр 12-июнда Сингапурда Трамп менен Ким Чен Ын кол койгон документте Вашингтон "коопсуздук кепилдиктерин", ал эми Пхеньян "Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга" убада берген. Бирок андан кийин бул иштерди аткаруу жайлап калды.
Ал эми 2018-жылга чейин Пхеньян ядролук куралдарын үзгүлтүксүз сынап келди.