Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Кабул: эскерүүдөгү чабуулдан үч киши өлдү


Жардыруу болгон жер. Кабул, 7-март, 2019-жыл
Жардыруу болгон жер. Кабул, 7-март, 2019-жыл

7-мартта Ооганстандын борбору Кабулда шииттердин лидери Абдул Али Мазарини эскерүү учурунда бир канча жардыруу болду. Ал жерге жогорку кызмат адамдары жана президенттикке талапкерлер да чогулган. Окуядан үч адам өлүп, 30дай киши жаракат алган.

Хазар азчылыгынын лидери, 1995-жылы “Талибандын” колунан өлгөн жергиликтүү шииттердин башчысы Абдул Али Мазарини эскерүүгө чогулгандардын арасында жогорку кызматтагы ооган аткаминерлери, өлкөнүн аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла, тышкы иштер министри Салахуддин Раббани, экс-президент Хамид Карзай, президенттикке талапкерлер Ханиф Атмар, Латиф Педрам жана Мухаммад Мухакик да болгон.

Ооганстандын улуттук конгресси партиясынын лидери Латиф Педрам “Фейсбук” баракчасына жарылуудан жеңил жаракат алганын жазды.

Ал эми Ханиф Атмардын өкүлү Кадыр Шах “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна президенттикке талапкердин сегиз жансакчысы жаракат алганын, ал эми Атмар өзү аман экенин билдирди.

Жарылууда жаракат алган адамдардын бири. Кабул, 7-март, 2019-жыл
Жарылууда жаракат алган адамдардын бири. Кабул, 7-март, 2019-жыл

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы маалымдагандай, өкмөт башчы Абдулла Абдулла маркум Абдул Али Мазари тууралуу эскерүү сөзүн бүткөн кезде аталган аймакта бир канча жарылуу болгон. Мааалыматтарда миномёттон атылган снаряддар үйлөргө да тийген.

- Мен үйгө кетип баратып, адамдын дүрбөлөңгө түшүп жатканын көрдүм. Ушундан кийин бир канча снаряд ушул аймакка, анын ичинде үйлөргө түштү, - деди окуяга күбө болгон Ниматулла аттуу жигит.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Мухайбулла Заир Кабулдагы ооруканалардын баарын текшерип чыгышкандан кийинки алдын ала маалыматтарга таянып, кол салуудан үч адам өлүп, 32 киши жаракат алганы аныкталганын кабарлады. Жаракат алгандардын арасында кеминде үч бала бар. Башка бир маалыматтарда өлгөн адамдар жети киши болушу мүмкүн.

Кабулдагы "Истиклал" ооруканасынын директору Худудулла Нури аларга курман болгон үч адам жана жаракат алган 17 киши жеткирилгенин маалымдады.

- Тилекке каршы, бул ооруканага жаракат алган 17 кишини алып келишти. Алардын ичинде үч бала, бир аял бар. Жаракат алгандардын биринин абалы оор.

Ооган коопсуздук күчтөрү. Кабул, 7-март, 2019-жыл
Ооган коопсуздук күчтөрү. Кабул, 7-март, 2019-жыл

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна өкмөттүк күчтөр миномёт Кабулдун түндүк-чыгышынан атылганын аныкташканын жана чабуулга тиешеси бар деген согушкерлер курчоого алынганын маалымдады.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Хошал Садат "Твиттерге" кол салууга шектүү бир адам кармалганын жазды.

Бул кол салууга эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Исламдын шиит агымын карманган Ооганстандагы хазар азчылыгы “Талибан” кыймылынын жана "Ислам мамлекети" террордук тобунун кол салууларына учурап келет.

Ооганстанда президенттик шайлоо быйыл 20-июлда өтөт. Ага азыркы мамлекет башчысы Ашраф Гани баштаган ондогон адам катышуу ниетин билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG