Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Казакстандын жаңы өкмөтү ишке кирди


Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин парламенттин жыйынында сүйлөп жаткан кези. 25-февраль, 2019-жыл.
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин парламенттин жыйынында сүйлөп жаткан кези. 25-февраль, 2019-жыл.

Казакстандын жаңы премьер-министри болуп Аскар Мамин дайындалды. Ошондой эле өкмөттүн жарымы алмашып, айрым министрликтердин аталышы өзгөрдү.

Бирок жаңы дайындалган министрлердин дээрлик баары мурдатан эле өкмөттө иштеп келе жаткан адамдар. Талдоочулар өкмөт алмашкан менен өлкөдө топтолуп калган маселелер чечилеринен күмөн санап турушат. Казакстанда өкмөттүн алмашуусу көп балалуу энелердин нааразылыгы күчөгөн учурга туш келди.

Президенти Нурсултан Назарбаев парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйынында премьер-министрлик кызматка Аскар Маминдин талапкерлигин көрсөтүп, депутаттар аны колдоп берди. Мажилис депутаты Бейбит Мамраев:

- Өкмөт мүчөлөрү ушул күндөрү болгон өзгөрүштөн өздөрү бир сабак алышы керек. Аскар Маминдин кызматтык жолу ал иштин азаматы экенин көрсөтүп турат, - деди.

53 жаштагы өкмөт башчы Аскар Мамин 21-февралда кызматтан кеткен мурдагы премьер-министр Бакытжан Сагинтаевдин биринчи орун басары болуп иштеген. Өкмөткө келгенге чейин "Казакстан темир жолу" улуттук компаниясын, Астана шаарын, Транспорт жана байланыш министрлигин жетектеген. Казак өкмөтүндө башка да кадрдык өзгөрүүлөр болуп, бир катар министрликтери бириктирилип, аталыштары өзгөртүлдү.

- Элде топтолуп калган маселелерди чечүүгө толук аракет кылат деп айтууга негиз бар. Ага тиешелүү каражаттар да бөлүнүп жатат. Ошол каражаттарды үнөмдөп, максатына ылайык жумшаса, Астанадан бөлүнгөн каражат айылга жетсе, анда абалдын баары оңолот, - деди мажилис депутаты Нуртай Сабильянов.

Өкмөт башчынын орун басарлыгына буга чейин Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигин жетектеп келген Женис Касымбек дайындалды. Финансы министрлигине Алихан Смаилов башчы болуп келди, ал премьер-министрдин биринчи орун басарынын да кызматын аркалайт. Премьер-министрдин дагы бир орун басарлыгына Гүлшара Абдыкаликова дайындалды. Бердибек Сапарбаев эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри, Руслан Даленов улуттук экономика министри болду. Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги буга чейин вице-премьер болуп иштеп келген Роман Склярга тийди. Аскар Жумагалиев санариптик өнүгүү, коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай министри, Даурен Абаев маалымат жана коомдук өнүгүү министри болду. Абаев буга чейин Маалымат жана коммуникация министрлигин жетектеген. Ал эми жети министр орундарын сактап калды.

Казакстанда өкмөттүн алмашуусу бир катар аймактарда көп балалуу энелердин нааразылыгы токтобой жаткан учурга туш келди. Казакстандык саясатчы Уалихан Кайсаров бийлик бутактары бир адамга кызмат кылып жаткан шартта кандай өкмөт келсе деле өзгөрүү болорун күмөн санап турганын айтты:

- Эгер өкмөт бир адамдын же бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, бүтүндөй мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек деген негизде тандалса, анда бизде өкмөт мүчөлөрү такыр башка адамдар болмок. Анда биздин ички гана эмес, тышкы саясатыбыз да азыркыдан башкача болмок. Элдин турмушу азыркыдан да кыйла өзгөрүлмөк.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 21-февралда Бакытжан Сагинтаев башкарган өкмөттү «экономиканын өнүгүшүн камсыз кыла алган жок, министрлер эл менен иштей албайт» деген сын менен кызматтан кетирген.

Ал «Нур Отан» партиясынын 27-февралда өтө турган курултайында калктын маселелерин чечүүнүн жолдорун жарыяларын, жаңы планда аз камсыз болгон жарандарга социалдык жардамды көбөйтүүгө басым жасалаарын кошумчалады:

- «Нур Отан» партиясынын жакынкы курултайында социалдык колдоону күчөтүү, элдин жашоосун жакшыртуу боюнча бир катар чараларды сунуш кылам. Бул үчүн бюджеттен жана улуттук фонддон аз эмес каражат бөлүнөт. Ал төмөнкү маселелерди чечүүгө жумшалат. Биринчиси - аз камсыз болгондорго социалдык колдоону күчөтүү. Экинчиси - элдин аялуу катмарынын турак жай шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Үчүнчүсү - аймактарды өнүктүрүү саясаты олуттуу өзгөртүлөт.

Казакстанда 1991-жылдан бери өкмөт кеминде 11 жолу алмашты. Советтик доордо өзү да Министрлер кеңешин жетектеген Нурсултан Назарбаев 30 жылга жакын убактан бери президенттик кызматта келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG