«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы.
Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь коогалаңында набыт болгондорду эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. 10-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарындагы "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коюп, набыт болгондорго куран түшүрдү.
2010-жылы июнь айында адам курмандыктары менен коштолгон коогалаңга он жыл болду.
8-июнда 50дөй айдоочу «Эркечтам» бажы бекетинен кытайлык «Абу-Сахий» карго компаниясынын автоунаалары гана өтүп жатканына нааразы болуп, Ош облустук администрациясынын алдына топтолушту.
Кыргызстандыктар 10 жыл мурун өлкө түштүгүндө болгон кооганы эскерип жатышат. Июнь окуяларында 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн үй-жай, имараттар өрттөнгөн. Азыр Ошто жашоо-турмуш, улут аралык мамиле кандай экенин шаар тургундарынын өздөрүнөн уксак.
“Данистенин” бул жолку чыгарылышында ордолуу Ошту аралап, шаар тургундары менен баарлаштык.
Кытайдан жүк ташыган айрым айдоочулар «бажы бекетинде бардык айдоочуларга бирдей мамиле болбой жатат» деп нааразы. Алар «Эркечтам» бажы бекетинен «Абу-Сахий» аттуу кытай компаниясына таандык жүк гана өтүп жатканын айтышууда.
Кыргызстан боюнча экинчи коронавирустун очогу 20-мартта Ноокат районунда катталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул райондон COVID-19дан бир нече киши каза болгон.
24-май - Кыргызстанда Орозо айт майрамы. Жыл сайын бул күнү айт намазы аянттарда, мечиттерде окулуп келген.
Өзбекстанга келин болгон ондогон келиндер чек аралар ачык учурда келип, кайра үйүнө кете албай калышкан. Алар 21-майда Тышкы иштер министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгүнө жардам сурап кайрылды. Алар үйүндө балдары күтүп жатканын айтып, коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевден жардам сурашты.
Алар Орусияда каза болгон айылдашынын тажиясына катышкан.
Милиция кызматкери менен айдоочунун ортосундагы келишпестик тартылган видеонун жыйынтыгы чыкты.
Ош шаарындагы көчмө посттор элдин нааразычылыгын жаратууда. Шаар ичиндеги блокпосттор алынып, 20дан ашуун көчмө посттор иштеп жатат. Айрым тургундар посттор максатсыз иштеп жатканын ырасташууда.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө абал режими 11-майда алынды. Ал эми жалпы өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими кала берет. 11-майдан тартып бир катар мекеме-ишканаларга иштөөгө уруксат берилди.
Ош облусунун Чоң-Алай районунда коронавируска шектүү катары обсервацияда жаткан адамдан дарыгер акча талап кылганы тууралуу маалымат иликтенип жатат.
Экинчи борбор калаа Ошто 11-майдан өзгөчө абал режими алынып, карантиндик режим күчүндө калды. Өкмөт ишкердүүлүктүн төрт багытына уруксат берди. Ал арада шаардын чыгыш тарабындагы кире беришине райондордон агылган автоунаалардын тыгыны пайда болду.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Ош облусунун Араван районунун Чек-Абад айылына балалуу келинди жеткирип барган таксист жигит токмок жеген.
Ош шаарында өзгөчө абал 10-майга чейин уланат. Ага чейин иштөөгө уруксат берилген кызматтарга такси да кирди. Эки күндүн ичинде такси кызматын көрсөттүү үчүн патент алгандардын саны 200дөн ашты.
Ош шаарындагы ишкерлер мэрия көрнөк-жарнактарды "мыйзамсыз алып салды" деп даттанып, прокуратурага кайрылышты.
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Дагы жүктөңүз