«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы.
Облустагы айылдарда дарыгерлер тиешелүү адамдарды үймө-үй кыдырып текшере баштады.
Мартта Ош шаарынын казынасына пландагыдан 39 миллион сомго аз акча топтолду.
Кыргызстанда коронавирус коркунучунан улам өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери бир айдай болуп калды.
Пандемиянын айынан чек аралар жабылып, аба каттамдары токтоп, Кыргызстанда калып кеткен чет өлкөлүктөр да бар. Алардын басымдуу бөлүгү студенттер.
Комендант Малик Нурдинов 13-апрелде Ош шаарында, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган буйрук чыгарган. Көп өтпөй ал буйрукту кайра чакыртып алды.
Ош шаарындагы элдик штаб бүгүнкү күнгө чейин миңдеген адамды тамак-аш, азык-түлүк менен камсыз кылды. Ыктыярчылардын айтуусунда, жардам сурап кайрылгандардын саны күн санап өсүп, өзгөчө абалдын узарганынан улам демөөрчүлөр азая баштаган. Бүгүн 16-апрелде штабдын кампасындагы "акыркы жардам баштыгын
Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдан улам ири жана чакан ишканалардын басымдуу бөлүгү жабылып, анда иштеп, акча тапкан студенттер да жумушсуз калды.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Ош шаары - Жибек Жолу өткөн эң байыркы шаарлардын бири. Калаанын дал ортосунда орун алган "Сулайман-Тоо" комплекси ЮНЕСКОнун тизмесине да кирген. Коронавирус илдетинин чектөөлөрүнө чейин шаарда кыймыл эч токтобой, башка аймактардан жана өлкөлөрдөн келген коноктордун катары калың болчу.
Дарыгерлер коронавирусту ажы тойдо эмес, обсервацияга алынган кишилерден жуктуруп алышканын айтышууда.
Өкмөттүн айрым медкызматкерлердин коронавируска чалдыкканы боюнча билдирүүсү дарыгерлердин нааразылыгын жаратты.
Ош шаарына коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргенден бери бир нече партия ачык жарыя кылуу менен элге жардам бере баштаган. Бул коомчулукта алардын саясий упай топтоо аракети катары кабыл алынууда.
Ош облусунун Кара-Суу районунда «өзгөчө абалдын эрежелерин сактаган эмес» деген кине менен бир нече кишини милиционерлер кызматтык машинеге зордоп салып жатканы тартылган тасма талкууга түштү.
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Саламаттык сактоо министрлиги Ноокатта каза болгон маркумду "коронавирустан өлдү" деп айтууга эрте экенин билдирди.
Ошто шаардыктардын сыртка чыгышына күндөн-күнгө көзөмөл күчөтүлүп жатат.
Коронавируска байланыштуу аба каттамдары токтоп, анын айынан Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр да мекенине кайта албай жаткан кези.
Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алыш үчүн Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланды. Алардын катарында Ош шаары да бар.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.
Кыргызстандыктар быйылкы жазды үйдөн тосууда. Коронавируска байланыштуу көчөдө басып, парк аралагандар сейрек. Айрым коомдук жайлар жабык турат.
Дагы жүктөңүз