Кыргызстандын экинчи борбору - Ош калаасында ишкерлер менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы талаш апрель айынын алгачкы күндөрү эле башталган. Буга мэрияга караштуу Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн көрнөк-жарнактарды тазалоо аракети себеп болгон.
«Мэрия карантин учурунан пайдаланып, эч кандай эскертүүсүз ишкананын сыртындагы жарнактарды сыйрып кетиптир», - деп бир нече ишкер айтып чыкты. Алардын бири Исламбек Келдибаев буларды билдирди:
«Биз болбогон учурда келип, чечип кеткенин мыйзамсыз деп ойлойм. Макулдашып, буга тиешелүү акт түзүшү керек эле. Балкон жагыбызда кандайдыр бир нерсебиз жоголуп калышы мүмкүн эле, - деди Келдибаев. - Сырттагы жолдо турган устун же башка нерсе болсо түшүнөт элем. Бул эми жеке менчик болуп жатпайбы. Ага да канча каражатыбыз кеткен. Жарнакты азыр жасаш кыйын. Болбой калды дегенде эски материалдарды өзүбүзгө калтырып кетишсе, баннерди өзгөртүп коймокпуз».
Ал арада ЖИА ассоциациясы мэриянын үстүнөн арыз жазып, прокуратурага кайрылды. Мекеменин юристи Бакыт Сартмаметовдун айтымында, ишкерлердин жеке менчикке болгон укугу бузулууда.
«Жарнамаларды колдонуу эрежелери боюнча шаардык кеңештин токтому бекитилген. Анын негизинде мэрия бул багытта өз алдынча чечим кабыл алуу үчүн бир канча баскычтарды басып өтүшү керек эле, - деп түшүндүрдү Сартмаметов. - Эгер ишкер жарнакты мыйзамсыз илсе, мыйзамдаштыруу үчүн кат түрүндө эскертүү берилиши зарыл. Аны да аткарбаса, жарнамасын кайсы бир убакыттын ичинде алып салышы керектигин айтышы керек эле. Андан да майнап чыкпаса, акт түзүлүп, мэрия мажбурлоо түрүндө чечип салса болот. Бирок аны өзүм билемдик менен жыйнап кетип калганы туура эмес. Бул жерде жеке менчикке болгон укук бузулуп жатат. Жарнама да ишкердин өз акчасына алынган жеке менчиги болуп эсептелинет».
Юрист алынган жарнак ээлери менен мэриянын ортосунда келишими жоктор басымдуулук кыларын танган жок. Бирок мэрия келишими бар ишкерлердин да жарнактарын жыйнап кеткен.
Ишкерлердин арызы прокуратурада өндүрүшкө алынып, тиешелүү кызматтардын аракеттерине баа берүү үчүн териштирилип жатат. Кээ бир учурда прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аракеттер токтотулат. Бирок прокуратура мэрияга андай акт берген эмес. Сартмаметов прокуратуранын бейтараптуулугунан шек санап жатканын кошумчалады.
ЖИА ассоциациясынын маалыматы боюнча, алардын мүчөлөрүнүн 50 пайызына эскертүү келген. Бул маалыматты мэриянын муниципалдык менчик бөлүмү да тастыктады.
Мэрия: шаарды иретке келтиришибиз керек
Буга чейин Ош шаардык мэриясы «көрнөк-жарнактар ишкерлерге эскертүү бербестен алынып жатат», — деген маалыматты «чындыкка жатпайт» деп «Азаттык» радиосуна билдирген.
Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров борбордук көчөлөрдү, аялдамаларды тазалоо үчүн атайын тапшырма болгонун, алардын максаты — шаарды иретке келтирүү экенин айтты.
«Уруксаты жокпу, карантинби же башка абалбы - мунун эч кандай тиешеси жок. Мындан кийин деле алына берет. Мэрия алардын акчасын тартып алган жок да. Болгону шаарды иретке келтириш керек. Ушундай каршылыктар, түшүнбөстүктөр сөзсүз болот. Бирок шаар иретке келиши керек. Эки жылдан берки катуу күрөштүн жыйынтыгын байкаган адамга шаар бир топ иретке келип калды».
Мэриянын аракетин колдогон ишкерлер да жок эмес. Алар шаарда башаламан жайгашкан көрнөк-жарнактар толуп кеткенин айтышат.
Бүгүнкү күндө Ош шаардык мэриясынын карамагында ири жарнама жайгаштыруучу 300гө жакын тактай бар.
«Демөөрчү» ишкерлер
Шаарда кыймыл токтоп, чоң базарлардан башап кичи дүкөндөргө чейин жабылып, ишкерлер чыгашага учурап турган учурда аларга калаа бийлиги «көмөк көрсөтүүнүн ордуна тоскоолдук жаратып, стресс абалын түзүп жатат» деген ишкерлер арбын.
Жеке ишкер Гүлнура Абылкасымова ишканаларын карантин башталганда эле жапкан. Ал бир айдан ашык убакыттан бери чыгашага учурап жаткан ишкерлерге карата мэриянын мамилесин «кыянатчылык» катары баалады.
«Жеке ишкер депрессияга кабылып, ишканасынын эртеңки тагдыры чечилүүчү учур келип, карантиндин айынан бир жарым ай иши токтоп, элдин чөнтөгү жукарып турган маалда көбүнүн бизнеси жабылат. Мамлекеттин алдыга жылуусу үчүн ишкерлер иштеп, товарды сатышы керек да. Жөнөкөй тил менен айтканда мамлекет (мэрия) досуна кыянатчылык кылды. Мамлекетке жардам керек болгондо ишкерлер четте турбайт. Канчалаган бизнесмендер гуманитардык жардам таратышты. Буга чейин деле тынымсыз жардам берип келишет. Ишкерлер шаарды көркүнө чыгарганга да чоң салым кошушкан. Эми карантин учурунда мамлекеттик кызматтар жаман жагын көрсөтүп алышты», — деп кейиди Абылкасымова.
Мэрия «Ишкерлер менен тыгыз мамиле мындан ары да ушундай нукта улана берет. Биз мыйзам ченемдүү иш алып барып жатабыз. Бул пландуу эле иш. Мындан саясат издөөнүн кереги жок», — деп жооп берди.
Ошол эле кезде шаардык кеңешке шайлоонун алдында илинген баннерлер алына элек. Мыйзам боюнча алар марттын аягында эле алып салынышы керек болчу. Анткени Борбордук шайлоо комиссиясы пандемия маалында үгүт иштерин убактылуу токтоткон.
Калаа бийлиги акыркы жылдары бизнесмендерди отургучтарды орнотуудан тартып, стадионду оңдоого чейин иштерге демөөрчү катары тартып келет. 2019-жылы жаз айларында Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионду оңдоп-түзөөгө ишкерлер 10 миллион сом бөлүп беришкен.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.