Алар “Эмне үчүн бажы бекетинде жергиликтүү жүк ташуучу автоунааларга эмес, кытайлык компанияга артыкчылык берилип жатат?” деген суроо менен буга чейин да келишкен.
Жергиликтүү бийлик чогулгандардын өкүлдөрүн кабыл алганы менен, маселенин тек-жайын так түшүндүрүп бере алган жок. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына келген айдоочулардын бири Жолборс Орозалиев буларды айтты:
«Барган сайын ишибиз артка кетип, айдоочулар үйдө отуруп калдык. Кытайдан 20 машине чыкса, анын экөө гана Кыргызстандын жеке автоунаалары. Калганыбыз үйдө жатабыз. Төрт-беш айдан бери ишсиз отурабыз, - деди Орозалиев. - Мунун себеби «Абу-Сахий» деген фирманы жетектегендер бажы кызматын башкарып бизге иш калган жок».
Кытайдан жүк ташыган айдоочулар аларга карата тандалма мамиле карантинге чейин деле болуп келгенин, бирок акыркы учурда «Абу-Сахий» жергиликтүү айдоочулардын иштешине мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтышты.
Жүк ташыгандардын бири Байыш Урайымов «Абу-Сахийдин» бийликте чоң колдоосу бар деп божомолдойт.
«Мамлекет көзөмөлдөбөй жатат. Чоңдордун кызыкчылыгыбы же бир адамдыкыбы, муну билбейбиз. Пайдасы чоңдордун чөнтөгүнө түшөт окшойт. Эч ким биздин көйгөйүбүздү чечип бербейт. Көптөн бери кайрылабыз, арызданабыз, - деди Урайымов. - Негизги талабыбыз — «Абу-Сахий» деген фирманы жок кылып, карапайым айдоочуларга иш таап берсин. Кытайдын жолун ачып, жүктү карапайым элге берсин. Акыркы убакта өтө эле ашыкча болуп, көкөйүбүзгө тийди».
Нааразы тарапты облустук бийликтин өкүлдөрү кабыл алып, койгон талаптарын карап чыгышарын айтышты.
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов бул маселени бир канча кызмат чогуу чечиши керектигин айтты:
«Кимдин жүгү чыга алат, кайсы фирманыкы – бул тизмени кытай тараптын кызматы берип жаткан экен. Ошондуктан бул жерде маселени эки өлкөнүн чек ара, бажы кызматтары чогуу чечиши керек», - деди ал.
Бажы бекетиндеги тартипке нааразы айдоочулар өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн администрациясына экинчи жолу чогулуп жатышат.
5-июнда да жүк ташуучулардын өкүлдөрү облус бийлигине кайрылган. Бирок анда да майнап чыккан эмес.
Кытайлык «Абу-Сахий» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Нурбек Керимбеков кыргызстандык айдоочулардын дооматын четке какты.
«Жалган, айдоочулар коомунун, элдин баарынын машинелери бар. Бизде эч кандай саясат жок. Кадимкидей эле өзүбүздүн ишти кылып жатабыз», - деп айтты Керимбеков.
«Абу-Сахий» эл аралык жүк ташуучу компаниясы катары белгилүү. Ал апрель айында коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан кыргыз бийлигине медициналык каражаттарды жардам ирети карматкан.
Суммасы 531 миң доллар болгон «Абу-Сахийдин» гуманитардык жардамын өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабыл алып, Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берген.
Кытайдан жүк ташып иштеген айдоочулардын бири Исабай Сулайманов «Абу-Сахийдин» жардамын «парага» салыштырды:
«Ош облустук администрациясынын алдына «Абу-Сахийдин» өкүлү бир-эки машинедей жүк алып келип, «мына, гуманитардык жардам» деп турду. Муну пара десек болчудай. Балким ушул негиз болуп атабы же башка кызыкчылыктар барбы? Себеби бүгүнкү күнгө чейин Кытайдын чек арасынан Кыргызстанга 30 оор жүк ташуучу автоунаа кирсе, анын 20-25и «Абу-Сахийдики». Ошолор кирип Кытайдан жүк алып чыгып жатышат. Ал эми башка айдоочулар 10-15 күндөп кире албай, саргарып отурушат».
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып, «Абу-Сахий» берген жардам «маселени чечүү үчүн берилген болсо, албай эле койсок жакшы эле» деген пикирин айтты:
«Жардам берген бир эле ал фирма эмес (“Абу-Сахий”). Көрүп жатасыңар, жардам Кыргызстанга бүт жактан келип жатат. Көңүлү менен берген болсо, аларга жеңилдик жок. Эч кимге мыйзам чегинде же болбосо акимчиликте да артыкчылык берүүгө укугу жок. Менин жеке оюмда, (саясий эркибизге) таасир этсе ал туура эмес. Ал өз көңүлү менен, бирок маселени чечүү үчүн берген болсо ал да туура эмес. Андай ой менен берген болсо, биз албай койгонубуз эле жакшы эле».
Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов 4-июнда берген комментарийине караганда, алар жүктүн мыйзамдуулугун гана карайт, ал эми кандай транспорт менен ташылып жатканына Траспорт жана жол министрлиги жооптуу болсо, жалпы сүйлөшүүнү Тышкы иштер министрлиги жүргүзөт.
Транспорт министрлигинин өкүлү Арслан Касымаалы уулу иштин мазунунун мындайча түшүндүрдү:
«Бардык эле автоунаалар чиркемелерди илип кете албайт. Ал жерде Кытайдын автоунааларына ылайык келген Кыргызстандын фуралары гана иштей алат. Анткени техникалык абалы талапка жооп бериши керек. Ал жерде өзүнүн алгоритми бар».
«Азаттыктын» кыргыз кызматы, «Kloop» басылмасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) биргелешип жүргүзгөн иликтөөдө шектүү схемалар аркылуу иш кылганы айтылган «Абу-Сахий» аттуу компаниядан өкмөттүн жардам алып жатканы түкшүмөл ойлорду жараткан.
Түркияда өлтүрүлгөнү кабарланган уйгур улутундагы кытай жараны Айеркен Саймаити журналисттерге үлгүрүп берген маалыматы боюнча бир нече жылдары бою Кытайдан Өзбекстанга товар ташыган «Абу-Сахийдин» кирешеге марышына Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматындагы күмөндүү схема, андагы жетекчилердин ролу чоң болгон. Бажыдагы таасирдүү жогорку кызмат адамдары жүк ташууда бул компанияга артыкчылык берип турушкан.
Дээрлик үч ай жабык турган «Эркечтам» бекети Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тартып ишин жанданткан. Кыргыз-кытай чек арасында «Эркечтамдан» тышкары «Торугарт» өткөрмө бекети да бар. Ал 8-июндан тартып иштээри макулдашылган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.