Дарыгерлер ооруканадагы бейтаптарды дарылап эле тим болбой, чет жерден келген жарандарды аэропорттон тосуп алып, айрымдары айылдарда коронавирус жугузуп алгандар менен байланышта болуп, үй карантинге алынгандарды үймө-үй кыдырып текшерип жатышат. Өз ден соолугун тобокелге салып, милдетин аткарып жүргөн ак халатчандардын иш күнү сүрөттөрдө.
Коронавирус менен кармашкан ак халатчандар
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.

1
Үй карантиндеги тургундардын акыбалына байкоо салган дарыгер. Өзгөн району.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 29 миңге жакын жаран үй карантинге алынган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 29 миңге жакын жаран үй карантинге алынган.

2
Коронавирус жугузуп алгандар менен байланышта болуп, учурда үй карантинде отурган карыянын акыбалын сурап жаткан дарыгерлер. Кара-Суу району.

3
Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан бейтапты дарылап жаткан Ноокат аймактык ооруканасынын дарыгерлери.

4
Коронавирус жугузуп алгандар менен байланышта болгон жарандан тест алып жаткан дарыгер. Кара-Суу району, Ош облусу.

5
Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында иштеген кыргыз дарыгерлерине кеңеш берип жаткан польшалык адистер. Бишкек шаары.

6
Чет жерден келген кыргызстандыктарды "Манас" аба майданынан медицина кызматкерлери тосуп алууда.

7
Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кадырбек Атабиев COVID-19га чалдыккандарды вируска каршы дарылар менен, өпкөсү сезгенген учурда (пневмония) антибиотиктер менен дарылап жатканын "Азаттыкка" айтып берди.

8
Үймө-үй кыдырып, жарандарды текшерип жүргөн дарыгерлер. Кара-Суу району.

9
Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Дилшат Мамажанов 12 сааттык нөөмөттөн кийин.

10
Өзгөн районунун тургунуна кеңеш берип жаткан дарыгер.

11
Коронавируска тест алып жаткан дарыгер. Бишкек шаары.

12
Кара-Суу районундагы дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топ ишке киришер алдында.

13
Карантинге алынган үйлөрдү дезинфекциялап жаткан медицина кызматкери. Өзгөн району.

14
Коронавирустан айыгып чыккан бейтаптарды үйүнө узатып жаткан ноокаттык дарыгерлер.

15
Ноокат аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө иштеп жаткан врач-реаниматолог Улукбек Урулбаев "Азаттык" радиосуна берген маегинде бир айдан бери үйүнө барбай иштеп жатканын айткан.

16
Учурда өлкөдөгү абалга байланыштуу дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатышат. Сүрөт "Манас" аба майданында тартылган.

17
Оштогу облустар аралык клиникалык ооруканасынын дарыгерлери. Бул ооруканада эки инфекциялык бөлүм бар.

18
Дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топ Кара-Суу районунун тургунунун дене табын текшерип, кеңеш берип жатышат.

19
Коронавирус жугузган жарандар менен байланышта болгондордун короо-жайын, үйүн дезинфекциялап жаткан медицина кызматкери. Ноокат району.

20
Дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топ тургундардын дене табын текшерип, ПЦР анализдерин алат. Ага кошумча коронавирус жугузган жарандар менен байланышта болгондордун короо-жайын, үйүн дезинфекциялайт. Ноокат району.