"Азаттык" радиосунун баяндамачысы.
Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын башчыларынын кеңешинин жыйыны эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын төрагалыгы алдында өттү.
Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окуудан өттү.
Президент Сооронбай Жээнбеков аткаминерлердин мыйзамсыз топтогон байлыгын башкаларга каттатып, жоопкерчиликтен качкан система ашкереленип жатканын айтты.
Кыргызстанда “Санариптешкен Кыргызстан – 2019-2023” улуттук программасынын концепциясы талкууланууда.
Кытайдагы кыргыздардын Кыргызстандагы өкүлдөрү Бээжиндин “саясий тарбиялоочу борборунда” кармалып турган туугандарынын чоо-жайын билүүгө жардам берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.
Жарандык авиация агенттиги Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) "кара тизмесинен" 2019-жылдын экинчи кварталында чыгып калышы ыктымал экенин билдирди.
Орусиялык ишкер, мурдагы депутат Маевскийдин Москвада камалышы Текебаев, Чотоновдун соттук иштерин кайра кароого негиз берет деген маселе коомчулукта, парламентте да коюла баштады.
Жогорку Кеңештин депутаттары 2019-жылдагы өлкө бюджетинин долбоорун талкуулап жатышат.
Президент Путин Орусиянын миграциялык саясатынын жаңы концепциясын бекитти.
Орусиянын "РусГидро" компаниясы "Жогорку Нарын ГЭСтер каскады" долбооруна байланыштуу кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна берди.
Өкмөттүн маалыматына караганда “Кумтөр” ишканасы 2018-жылы алтынды былтыркыдан аз өндүрөт деп күтүлүүдө. Мунай иштеткен “Жунда” заводу, “Макмал” алтын комбинаты ишин токтотту.
Президент Сооронбай Жээнбеков жол коопсуздугун камсыз кылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик топтун сунушун жактырды.
Кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен Ооганстандан келген кыркка жакын адамдын жарымы “жайкы эс алууга барып келебиз” деп үйлөрүнө кеткен боюнча Кыргызстанга кайтып келишкен эмес.
Эл аралык "Lonely Planet" басылмасы Кыргызстанды саякаттоого эң жакшы он мамлекеттин катарына кошту.
Өзбекстан Орусия менен бирге атом электр станциясы куруу жөнүндө келишимге кол койду.
"Кыргызстанда саясий жана административдик жетекчи кызматтарга даярдоо менен дайындоонун сапаты өзгөрдүбү? Кадрлардын улуттук резервин түзүү натыйжа бердиби?" деген суроолор кайрадан күн тартибине чыкты.
Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) 2018-жылдын жыйынтыгы менен Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен экономиканын эң төмөн көрсөткүчү Кыргызстанда болорун билдирди.
Парламенттеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы депутат Кожобек Рыспаев фракциядан чыгарылбай тургандыгын жарыялады. Ага чейин депутатты фракциядан чыгарууну КСДПнын саясий кеңеши сунуш кылган. 26 депутат "каршы", төртөө “макул” деп добуш берген.
Бишкекте Борбор Азиядагы коопсуздук боюнча кызматташтыкты талкуулаган Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын сессиясы өтүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунда Борбор Азиядагы суу-энергетика ресурстарын пайдалануу тажрыйбасынын жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу зарылчылыгын айтып чыкты. Кыргыз парламентинде болсо кошуна өлкөлөргө суу сатуу маселеси кайрадан көтөрүлдү.
Дагы жүктөңүз