Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тармактагы абалды оңдойбу? “Ачык асман” долбоору кандай иштеши керек? Кыргыз авиациясынын өнүгүшүнүн келечеги дагы эмнеге байланыштуу?
“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев жана эксперт Асылбек Раджиев катышты.
“Азаттык”: Махабат айым, Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатасыздар. Кандай негизги өзгөртүүлөр кирмей болду? Кабыл алынып калса тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзө алабы?
Махабат Мавлянова: Биринчиден, бул мыйзам долбоору “Аба эркиндигинин бешинчи даражасы деген түшүнүк кандай иштейт?" деген суроого шарт түзөт. Мындан сырткары авиа тармагын көзөмөлдөөчү мамлекеттик орган – Жарандык авиация агенттигинин ыйгарым укуктарын, анын ишин либералдаштыруу маселеси каралууда.
Негизи бул мыйзам кандай натыйжа берет? Учурда биздин эл аралык каттамдарыбыз өтө эле аз. Болгону тогуз өлкө менен аба каттамыбыз бар. Көпчүлүк биздин жарандарыбыз, Кыргызстанга келген туристтер башка өлкөлөргө барганда, келгенде Алматы, Стамбул жана Москва аркылуу учат.
Биздин чет өлкөдө билим алабыз деген канчалаган жаштарыбыз, дарыланабыз деген жарандарыбыз, туристтерибиз үчүнчү өлкөлөр аркылуу каттап, көп убара болуп жатышат. Төрт саатта учуп барчу жерге он сааттан ашык убактысын коротушууда. Мындай абал биздин элдин, мамлекеттин экономикасына да тескери таасирин тийгизип жатат.
Кыргызстан эгемендүү болгондон кийин жеке авиакомпаниялар көбөйдү. Тилекке каршы, алар эл аралык талаптарга ылайык иштей албай жатышат. Баары “кара тизмеде” турат, эмгиче эч кимиси андан чыга элек. Учактарыбызда учуу-конуу да кооптуу бойдон калууда, жүргүнчүлөргө жагымдуу шарттарды түзө алган жокпуз. Кыскасы, авиация тармагына мамлекет жетиштүү көңүл бура элек. Каралып жаткан мыйзам долбоору өлкөнүн авиация тармагын комплекстүү өнүктүрүүгө мыйзамдык жакшы шарттарды, өбөлгөлөрдү түзөт десек болот.
“Азаттык”: Курманбек мырза, учурда Жарандык авиация агенттиги Эл аралык авиация (ICAO) уюму менен кошо план түзүп, "аны аткаруу 90 пайызга ишке ашырылды" деп жатасыздар. ICAO койгон кайсы талаптар аткарылды, дагы эмне бүтө элек?
Курманбек Акышев: 2017-жылдын башында биздин өкмөт менен Эл аралык авиация уюму – ICAOнун ортосунда келишим-план түзүлгөн. Ал пландын негизги максаты – мурда жасалган аудитте көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу болчу.
Аудитте авиация коопсуздугу, аны көзөмөлдөгөн инспекторлордун абалы, билими, каржылоо маселесинин чечилбегени, жалпы кадрлар, адистердин жетишпегендиги ж.б. көйгөйлөр айтылган. Кудайга шүгүр андан бери көп маселе чечилүүдө. Авиация кызматкерлеринин, адистердин айлыгы көтөрүлдү, кадрларды кайра даярдоо колго алынды. Чет өлкөлөрдөн окуп келип жаткан адистерибиз да бар.
ICAOнун адистери бизге келишип тренинг өтүп жатышат. Ушул күндөрү да ал уюмдун адистери биз менен тыгыз иштешип, кеңештерин, жардамын берип жатышат. Ушул жана башка талаптарды аткаруубуз 90 пайызга жетти десек болот. Убагында Казакстан да эл аралык авиаинспекторлор, адистер менен тыгыз иштегендиктен бир топ өнүгүп-өсүп кетишти. Биз эми калган кемчиликтерди да толук жойгондон кийин ICAO уюмуна кат жазып, “кара тизмеден” чыгаруу жөнүндө өтүнмө беребиз. Алар келип кайра аудит өткөрүшөт, анан корутунду чыгарып беришет. Талаптар толук аткарылды, кемчиликтер жоюлду деп эсептелгенден кийин биз кайрадан өтүнмө берсек, алар туура чечим кабыл алса 2019-жылдын үчүнчү-төртүнчү кварталында Кыргызстандын учактары “кара тизмеден” чыгып калышы ыктымал.
“Азаттык”: Асылбек мырза, Аба кодексинин кабыл алынышы, Кыргызстанды "кара тизмеден" чыгарып, “Ачык асман” долбоорун ар тараптуу жүргүзүүгө шарт түзө алат деп эсептесек болобу?
Асылбек Раджиев: Мен туризм жаатындагы эксперт катары айтсам, туризмдин өнүгүшүнө авиациянын, “Ачык асман” долбоорунун таасири, жардамы аябай чоң. Азыр Кыргызстанга учуп келүү, кайра учуп кетүү аябай оор. Дүйнөгө чыгуу транзиттик мамлекеттер аркылуу ишке ашууда. Өзүбүздүн авиациябыз, учактарыбыз, авиабекеттерибиз да оңолбой жатат. “Ачык асман” долбоору чет элдик туристтерге эмес, биринчи кезекте Кыргызстандын жарандары үчүн керек.
“Ачык асман” долбоору ишке кирсе, Кыргызстанды дүйнөгө ачык өлкө катары тааныта алабыз. Андан кийинки кадам - эл аралык авиакомпаниялар менен жакшы иштеш керек. Авиация – бул чоң бизнес. Эл аралык жаңы каттамдарды ачуу оңой иш эмес. Бул милдетти өкмөт өз колуна алып, ар бир авиакомпания менен сүйлөшүү жүргүзүшү керек, алар менен тыгыз иштеп, чуркаш керек.
"Азаттык”: Махабат айым, Кыргызстандын авиациясын өнүктүрүш үчүн Аба кодексин кабыл алуу жетиштүүбү? Дагы кандай укуктук-нормативдик актыларды кабыл алыш керек? Тармакты өнүктүрүш үчүн өкмөт эмне кылышы керек?
Махабат Мавлянова: Албетте, Аба кодексин кабыл алуу менен маселе чечилип калбайт. Өкмөт мыйзамдарга тиешелүү укуктук-нормативдик мыйзам актыларын иштеп чыгышы зарыл. Эл аралык стандарттарга ылайык авиациянын эрежелери, нускоолору өзгөрүшү мүмкүн. Буга биздин өкмөт убакытты чойбой, алты-жети ай ичинде бардык документтерди иштеп чыгып, талапка шайкеш келтириши керек.
Биздин чет өлкөлөрдөгү элчилерибиз да Кыргызстандын авиациясындагы болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө кеңири маалыматтарды таратышып, ири авиакомпаниялар менен алдын ала суйлөшүүлөрдү жүргүзүшү зарыл.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)