Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:52

Санариптен чыккан санаа


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда “Санариптешкен Кыргызстан – 2019-2023” улуттук программасынын концепциясы талкууланууда.

Өлкөнү санариптештирүү кандай жолдор менен жүрөт? Аны натыйжалуу ишке ашырууга каржылык жана кадрлык мүмкүнчүлүктөр барбы же сырттан колдоого муктажбызбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна президенттин кеңешчиси Дастан Догоев жана маалыматтык технологиялар боюнча эксперт Талант Султанов катышат.

“Азаттык”: Дастан мырза, “Санариптешкен Кыргызстан-2023” улуттук программасынын негизги концепциясынын максаты, маңызы эмнеде, ал кандай багыттар менен ишке ашат?

Дастан Догоев: 2018-жылдын июнь айында президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча атайын эксперттик кеңеш түзүлгөн.

Бул кеңешке тиешелүү мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдар, мекемелердин өкүлдөрү, жеке менчик тармактарда иштеп жаткан адамдар мүчө болушкан.

Дастан Догоев.
Дастан Догоев.

Эксперттик кеңештин максаты – өлкөнү санариптештирүү боюнча коомчулукту бирдиктүү түшүнүктөргө алып келүү эле. Ошондон улам ал кеңеш программаны ишке ашыруунун архитектуралык моделин иштеп чыккан. Ал модел президенттин кароосуна киргизилип, жактырылгандан кийин өлкөнү санариптештирүүнүн беш жылдык концепциясы иштелип чыкты.

1-ноябрдан бери документ талкууланып жатат. Негизги максат – Кыргызстандын 2020-40-жылдарга өнүгүү стратегиясына ылайык Кыргызстан жогорку маалыматтык технологиядагы мамлекет болушу керек. Ар бир жарандын билимине жараша маалыматтык технологияларды өздөштүргөнү жетишүү.

Программанын жемиши менен мамлекеттик башкаруу системасы жогорку деңгээлге коюлушу керек. Адамдарга мамлекеттик, муниципалдык жана жеке уюм-мекемелердин кызмат көрсөтүү сапатын жогорку деңгээлге чыгаруу да ушул программада камтылууда.

Бул программанын алкагында санариптик экономиканын көп тармактарын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Ушул максатка жетүү үчүн беш жылдык программа иштелип чыкты. Азыр бул программа боюнча ар кандай аянтчаларда кызуу талкуулар болууда.

“Азаттык”: Мурда кулагыбызга сиңип калган “Таза коом” программасы көп айтылчу эле, эми “Санарип Кыргызстан” программасы жөнүндө кеп болууда. Эки программанын айырмасы барбы же аттары эле өзгөрдүбү?

Дастан Догоев: Кыргызстанды 2040-жылга чейинки өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы максаттын аты – “Таза коом”.

Ошол максатты ишке ашыруу үчүн биз “Санарип Кыргызстан” деген концепцияны иштеп чыктык. Биз бир жыл мурда баарыбыз “электрондук кызмат”, “электрондук өкмөт”, “электрондук парламент” деген терминдерди колдоно баштаганбыз. Ага жараша парламентте да “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалган. Эми болсо “санариптештирүү” деп калдык, күн сайын технология өсүп жатат, өзгөрүп жатат.

Биз сунуш кылып жаткан беш жылдык концепцияда негизинен үч максат коюлган. Биринчиси - билим берүү тармагында жарандардын жаңы технологияларды колдоно билүү жөндөмүн жогорулатуу, адамдын дараметин толук пайдалануу. Экинчиси - жарандарга, ишкер чөйрөгө мамлекеттик жана муниципалдык сапаттуу кызматтарды көрсөтүү. Мында коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарган автоматташтырылган системаларды түзүү зарыл. Үчүнчү максат - экономиканы санариптештирүү: инфрастуруктураларды, платформаларды түзүү.

“Азаттык”: Талант мырза, сиз да мурдагы өкмөт башчыга кеңешчи катары “Таза коом” программасын ишке ашырууга кириштиңиз эле, көп пландар айтылды эле. Азыркы өкмөт ошол сиздер болжогон иштерди ишке ашырууга киришип, улантып жатат десек болобу же азыркы жол башкабы?

Талант Султанов
Талант Султанов

Талант Султанов: Дастан мырзанын сөзүн угуп кубанып отурам. “Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба” деген бир кеп бар. Программанын “Таза коом” же “Санарип Кыргызстан” болобу айырмасы жок. Эң негизги максат документтин ички мазмуну жана анын ишке ашканында болушу керек. Азыр айтылып кеткен концепциялар “Таза коом” программасында да болгон. Моюнга алсак, “Таза коом” программасы Кыргызстан үчүн “глобалдык бренд” болуп калды эле, БУУнун баш катчысы бизге келип колдоо көрсөткөн, Давос эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында, Кытайдагы ири иш-чараларда бул долбоор кызуу колдоо таап, кеп болгонун баарыбыз билебиз. Кыргызстан эли, сырттагылар болобу “Таза коом” дегенде баарына тегиз түшүнүктүү болчу.

Улуттук стратегиябызда “Таза коом” деп жазылып тургандан кийин аны өзү аты менен чакыргандан коркпош керек. Эми бул максаттарды ишке ашыруу үчүн бийликтин, коомчулуктун да колдоосу керек. Менин байкашымча, бул программа боюнча президенттин кеңешчиси менен маалыматтык технологиялар комитети эле иштеп жаткандай. Бизде бул программаны турмушка ашыруу үчүн бийликте саясий эрк жана бардык мамлекеттик органдардын түздөн катышуусу керек.

Азыр көп мамлекеттик органдар, ал жердеги кызматкерлер иштин баары компьютерлештирилсе жумушсуз калам деп коркушу мүмкүн. Аларга саботаж кылдыртпай толук маалыматтарды бериш керек, керек болсо окутуу керек.

“Кыргызстанда маалыматтык жаңы технологиялар боюнча кадрлар, адистер жок” деп оозду куу чөп менен аарчый беребиз. Чындыгында Кыргызстанда бул тармакта кадрдык потенциал күчтүү. Керек болсо, биздин мекендеш адистер башка мамлекеттер үчүн программаларды түзүп жүрүшөт. Биздин мамлекетке керектүү даярдап койгон программалары да бар, аларды ишке тартып, пайдалануу керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

“Санариптешкен Кыргызстандын” санаасы (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:42 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG