Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

Өзбек АЭСинин зоболосу менен залакасы


Өзбекстан Орусия менен бирге атом электр станциясы куруу жөнүндө келишимге кол койду.

Бул ири энергетикалык долбоор Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурбайбы? Аны ишке ашырууда кошуна мамлекеттердин макулдугу керек беле? Негизи эле аймактын энергетикалык кызматташтыгынын келечеги кандай болуш керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна физика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев жана физика-математика илимдеринин кандидаты, серепчи Кубан Абдымен катышты.

“Азаттык”: Каныбек мырза, атомдук энергетика, станция дегенде биздин коомчулук совет заманында авария болгон Чернобыль АЭСин түшүнүп, кооптонуу менен мамиле кыларын байкайбыз. Технология өнүккөн бүгүнкү замандын атомдук электр станциясы деген эмне, анын кандай зарылчылыгы бар?

Каныбек Осмоналиев: Азыркы күндө атомдук электр станциялары дүйнөдөгү өндүрүлгөн энергиянын 16 пайызын берип жатат. Учурда дүйнө жүзүнүн 32 мамлекетинде 193 атомдук электр станциясы болсо, аларда 449 энергоблок иштеп жатат. Алардын алдында Америка, Түштүк Корея, Франция, Жапония, Орусия, Кытай мамлекеттери турат. Кийинки жылдары Түштүк-Чыгыш Азиянын “арстандары” да АЭСтерге көп көңүл бура башташты.

Атом энергетикасынын тарыхы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин башталган. АЭС илимдеги чыныгы чоң ачылыш болгон. Атомдун энергиясы СССР академиги Курчатовдун демилгеси менен 1948-жылдан баштап тынчтык максатта колдонула баштаган. Андан бери АЭСтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча дүйнөдө көп тажрыйба топтолду. Учурда атом электр станциясын куруу боюнча дүйнө мамлекеттери жогорку технологиялык деңгээлге жетти. Физик, техник илимпоздор технология жана коопсуздук жагынан чоң кепилдиктерди берип жаткандыктан Америка, Азия же Европа болобу, көп жерлерде АЭСтерди куруп, иштетип жатышат. Ушул негизден алып караганда Өзбекстандын Орусия менен бирге кура турган атом электр станциясын куруу боюнча макулдашуусу абдан чоң келечектүү долбоор десек болот.

“Азаттык”: Кубан мырза, орус президенти Владимир Путин Өзбекстандагы мамлекеттик сапарында эки өлкөнүн ортосунда 27 миллиард долларга бааланган ондогон келишимдерге кол койду. Алардын эң ириси Өзбекстанга атомдук электр станциясын куруу болуп турат. Аны Өзбекстанга куруунун кандай зарылчылыгы бар эле? Дегеле Борбор Азия аймагы үчүн анын кандай маани-маңызы бар?

Кубан Абдымен: Атом электр станциясын куруу идеясын Өзбекстан эле эмес, казактар да мындан мурда көтөрүп чыгышкан. Биздин аймакта экономиканы, өндүрүштү өнүктүрүүгө энергиянын зарылчылыгы, таңкыстыгы бар.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстанга президент болгондон бери өлкөнүн ички саясатында эле эмес, сырткы саясатында да чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Өзбекстан башка тармактарды коюңуз, Франция менен космосту изилдөө боюнча кызматташабыз деп максат коюуда.

Өзбекстан көп маселелерде "ачылып", жаңы саясат жүргүзүп жатат. Ал экономикасынын келечектеги дараметин көтөрүүгө азыртадан кам көрүп жатат. Ал кам көрүүнүн эң негизгиси – энергетикалык муктаждыкты чечүү. Өзбекстан эмне үчүн Орусия менен кызматташкысы келип жатат? Орусия Азия аймагынын 16 мамлекетинде, анын ичинде Кытайда бир нече АЭСти куруу боюнча ишенимдүү тажрыйба топтой алды. Орусиянын АЭС куруу тарыхы 1948-жылы башталганын эске алсак, ал дүйнөдөгү эң мыкты үлгүлөрдү көрсөтүп келет.

“Азаттык”: Каныбек мырза, адистердин айтымында, Борбор Азия сейсмикалык жактан кооптуу аймакка кирет эмеспи. Ушундай жерге АЭС курууга болобу? Жапониянын Фукусимадагы АЭС кырсыгы көп кыйынчылыктарды жаратпадыбы?

Каныбек Осмоналиев: Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, техногендик кырсыктар болот, керек болсо ошол Европада болушу да мүмкүн. Физикада “пайдалуу аракет коэффициенти” деген түшүнүк бар. Илимдин жыйынтыгында АЭСтер 40-45 пайыз “пайдалуу аракет коэффициентин” берет. Ал эми бул көрсөткүч жылуулук электр борборлорунда (ЖЭБ) болгону 20-25 пайызды түзөт. Эми салыштырып көргүлө. ЖЭБдерге караганда АЭСтердин коопсуздук чаралары 40 эсе жогору. АЭС деген энергия өндүргөн эле өндүрүш эмес, өзүнчө шаар, илимий борбор, жабык объект болот. Акыркы алтымыш жылда АКШда АЭСке байланыштуу бир да окуя болгон эмес. Жапония болсо өзгөчө, экстремалдуу өлкө, ал жерде кырсыктар көп болот, Фукусимадагы кырсык жүз жылда болуучу чоң цунамиге туш болуп калды. Болбосо АЭСтердин коопсуздугун камсыз кылуу эң жогорку деңгээлге коюлган, ишенимдүү коргой алат, кайтаруу иши катуу колго алынган десек болот.

“Азаттык”: Кубан мырза, Борбор Азия аймагы сейсмикалык эле эмес, терроризм коркунучу жогору экенин эске алганда болочок АЭСтин коопсуздугун кантип сакташ керек? "Эгер жарылуу, кырсык болсо Кыргызстанга зыяны тийбейби?" деген суроолор көп...

Кубан Абдымен: Бул маселени биринчи иретте Өзбекстан өзү колго алат. Террористтик эле эмес, коопсуздук боюнча МАГАТЭ уюмунун катуу талаптары бар, Өзбекстан аны аткарышы керек. Мындан сырткары терроризмге каршы күрөшүүдө Өзбекстанда чоң тажрыйба топтолгон. Өзбекстан терроризм коркунучу боюнча эле эмес, АЭС курула турган Навои аймагынын айланасындагы жер кыртышы, суулары, аба ырайы, инфраструктуралык ж.б. коопсуздугу боюнча аябай катуу иштеп жатат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Өзбек АЭСинин зоболосу менен залакасы (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:22 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG