Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:56

Туризмди тушаган тоскоолдуктар


Караколдогу лыжа базасы.
Караколдогу лыжа базасы.

Эл аралык "Lonely Planet" басылмасы Кыргызстанды саякаттоого эң жакшы он мамлекеттин катарына кошту.

Кыргызстандын алдыңкы орунга чыгышына кайсы критерийлер себеп болду? Туризмди өнүктүрүүгө укуктук жана инфраструктуралык шарттарды түзө алдыкпы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстандын Туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Оморов, Туроператорлор бирикмесинин аткаруучу директору Нурбек Сапаров жана туризм боюнча эксперт Асылбек Раджиев катышты.

“Азаттык”: Кыргызстан эл аралык басылманын баалоосу боюнча туризмге ыңгайлуу беш өлкөнүн бири болуп аталып калышына негизги критерийлер эмне болду деп ойлойсуздар?

Нурбек Сапаров: Ал басылма кандай критерийлер менен ченеп жатканын билбейт экенмин. Бирок биздин өкмөт ондогон өлкөлөрдүн жарандарына визасыз режимди киргизгенден кийин Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйгөнү чындык. Алар Кыргызстанга келип кеткенден кийин социалдык тармактар аркылуу Кыргызстан жөнүндө досторуна, тааныштарына жакшы пикирлерин калтырып жатканын билебиз. Чет элдиктердин биздин мамлекет жөнүндөгү позитивдүү пикирлери Кыргызстанды алдыңкы орунга чыгарууга себеп болсо керек.

Чубак Оморов: "Lonely Planet" басылмасы дүйнөдөгү абройлуу басылмалардын бири. Алар Кыргызстанды эмне үчүн алдыңкы орунга чыгышынын себептерин айтышкан. 2018-жылы Интернет мейкиндигинде Кыргызстан жөнүндө аябай көп маалыматтар жарыяланган. Жөн эле маалыматтар эмес, ар кандай ой-пикирлер, сунуштар, каалоо-тилектер, кызыктуу видеолор, фотолор байма-бай чыгып турган. Ошол жаңылыктардын башында Үчүнчү көчмөндөр оюндары турат.

Мындан сырткары чет өлкөлүктөр Кыргызстанга келип ар кандай кинолорду тартышкан, аларды да Интернеттен көрүүгө болот. Биздин мамлекет жөнүндө жакшы пикирлердин болушуна туризм жаатында жүргүзүлүп жаткан маркетинг саясатынын үзүрү да өз таасирин тийгизген десек болот.

Өкмөт да туризм тармагына акыркы жылдары жакшы көңүл буруп, көп иштер жасалып жатканын чет өлкөлүктөр көрүп-билип, сезип жатышса керек. Ошол жагдайлардан улам аталган басылма Кыргызстанды 2019-жылга саякаттоого жагымдуу деген алдыңкы беш өлкөнүн бири деп баалап жатат. Тагыраак айтсак, жалпы дүйнө элине Кыргызстан эс алууга боло турган позитивдүү өлкө деп сунуштап жатат. Бул баарыбыз үчүн жагымдуу көрүнүш.

Асылбек Раджиев: Дүйнөдө мындай рейтингдер көп эле болот. Бирок мындай рейтингдердин күчүн мамлекет катары толук колдоно албай, баалай албай жатабыз.

“Азаттык”: Асылбек мырза, Кыргызстан ондогон мамлекеттердин жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берген эле. Бул жемишин берип жатабы, алыскы чет өлкөлүк туристтердин саны өстүбү?

Асылбек Раджиев: 2012-жылы 66 мамлекетке визасыз режим киргизилген. Статистика көрсөткөндөй жылдан жылга өсүш бар. Бирок ал өсүш өтө чоң эмес. Эмне үчүн өспөйт? Биринчиден, көп чет өлкөлөрдө Кыргызстанды туристтик өлкө катары билишпейт, тааныбайт. Кыргызстанды кайсы жерде жайгашканын да билбегендер көп.

Экинчиден, Кыргызстанга жетүү кыйын жана кымбат. Бизде Европа жана Азия мамлекеттери менен түз каттаган авиалиниялар жок. Кооз жаратылышыбыз бар, же руханий байлыгыбыз тереңде, байыркы элбиз дегенден эле туризм өсүп кетпейт. Ысык-Көлгө аэропорт салып койду эле, Орусиядан, Өзбекстандан учактар келип, ал жактан туристтер көбөйгөн. Алыскы чет өлкөлүк туристтер бизге Түркия же Орусия аркылуу гана келе алышат. Европалык туристтер аталган өлкөлөрдүн авиакомпанияларына ишенишпейт, өздөрүнүкүнө көбүрөөк ишенишет, учактар Кыргызстанга түз учса деп барат элек дегендер көп.

Нурбек Сапаров: Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын дүйнөгө жалпы таанылышына таасирин тийгизди. Бирок чет өлкөлүк туристтердин уюшуп алып Кыргызстанга келишине көп түрткү бере алган жок. Биз дүйнөгө ал оюндар тууралуу маалыматтарды өтө кеч бердик, жакшы жарыя болбой калды. Үчүнчү көчмөндөр оюндары жөнүндө маалыматтар май айынан тартып бериле баштады. Туроператорлор маршруттарына киргизип, пландап алыш үчүн маалыматтар бир жыл мурда эле берилиши керек болчу. Мисалы, Көчмөндөр оюндары жөнүндө маалымат 2017-жылы ноябрь айында айтыла баштаганда туроператорлор уюштуруу иштерин колго алып, жолдомолорду сата башташмак. Андай көрүнүш болгон жок.

Асылбек Раджиев: Бизде туризм тармагы боюнча маалымат дээрлик жок деп койсок болот. Негизги маалыматтар жеке компаниялар, эл аралык донор уюмдар аркылуу эле жүрүүдө. Кыргыз өкмөтү туризм тармагына болгону 7-8 миллион сомдун тегерегинде акча бөлөт. Ал акча туристтик чиновниктерди кармоого жана эл аралык туристтик жармаңкелерге катышууга эле жумшалбаса, дүйнөгө Кыргызстанды таанытууга акча каралбайт. Мамлекеттин ички дүң продукциясынын (ИДП) 4,7 пайызын түзгөнүнө карабай, туризмге ушундай мамиле кылып жатабыз. Кыскасы маалымат жагынан аксап жатабыз.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Туризмди тушаган тоскоолдуктар (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:40 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG