Өткөн бийлик тушунда “саясий шылтоо менен жазаланды” делген башка саясатчыларга байланыштуу сот иштерин кайра кароого болобу, президенттин бул иштерге кийлигишүүгө саясий эрки жетпей жатабы, ж.б.у.с. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.
Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жана юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев катышты.
“Азаттык”: Жогоруда кеп болгондой мурдагы депутат Текебаев, мурдагы министр Чотоновдун соттук ишине негизги күбө катары өтүп келген Маевскийдин камалышы жаңы жагдайларды ачат, кайра кароого негиз бар деген пикирлер парламентте айтылып жатат. Маевскийдин Москвадагы азыркы иши менен Бишкектеги мурдагы ишинин кандай байланышы бар, тиешеси, таасири болушу мүмкүнбү?
Бекбосун Бөрүбашев: Орусиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты, ишкер Маевский 16-ноябрда кармалып, 37 миллион доллар акчага байланыштуу эки айга камакка алынды. Ал иш менен Текебаевге козголгон иштин ортосунда эч кандай юридикалык байланыш жок. Биз мыйзам жолу менен кете турган болсок, байланыштыруу өтө оор. Эгер биз маселени саясий чайкоочулук жагынан алып караганда Кыргызстанда баары боло бериши мүмкүн. Текебаевдин ишин кайра кароо үчүн башка бир жаңы ачылган жагдайлар болуш керек, б.а. ал маселе Текебаев менен Чотоновдун иши менен түздөн-түз байланышы болуш керек.
Каныбек Иманалиев: Биринчиден, бир нече эл аралык уюмдар Текебаев жана Чотоновдун иши боюнча сот тарабынан мыйзамсыз чечимдер болгонун айтып, билдирүү таратып келишет.
Экинчиден, депутат Жанар Акаев Аэронавигация кызматынын Чотонов 2010-жылы Маевский айткан күнү аны менен жолукпай эле тик учак менен Ошко учканын далилдеген документ сотто негиз болуш керектигин айтты.
Үчүнчүдөн, кыргыз бийлиги ошол учурда жападан жалгыз ишенген күбөсү Маевский бул күндөрү эл аралык деңгээлдеги алдамчы экени далилденип, камакка алынды.
Ушундан улам биздин кыргыз сотуна, укук коргоо органдарына сурообуз бар. “Кыргыз соту соттук иште көрсөтмө берген Кыргызстандын 30дан ашык аттуу-баштуу мурдагы мамлекеттик жетекчилерине, белгилүү инсандарына ишенбей, эмне үчүн бийлик жалдап келген жалгыз, алдамчы Маевскийге ишенип сот чечимин чыгарды?”.
Эки жума мурда Кыргызстандын акыйкатчысы, Кыйноолор боюнча улуттук кеңештин жетекчилери болуп, 27-колонияда “саясий репрессияга” кабылып, сот жообуна тартылган: Дүйшөн Чотонов, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, Кубаныч Кадыров, Марат Султанов, Төрөбай Койлубаев менен жолугуп келдик. Алар бизге баарын айтып беришти, тергөөчү алардан бир эле нерсени “Атамбаевден кагаз жүзүндө кечирим сурасаң, түрмөдөн кутуласың” деп талап кылган. Тергөөчүлөр мындай суроону ар бирине эч кимдин катыштырбай берген. Алар азыр түрмөдө кайсы бир кылмыш кылганы үчүн эмес, Атамбаевден кечирим сурабай койгону үчүн отурушат.
Адамды ак жеринен күнөөлөп, түрмөгө отургузган көрүнүш тоталитардык жана нацисттик өлкөдө гана болот. Менимче, бул кырдаалга азыркы президентибиз өзүнүн позициясын билдирет деген ойдобуз. Жогорку Кеңештин жакынкы жыйындарында ушул маселе дагы көтөрүлөт.
“Азаттык”: Эми маселени адилеттүүлүк менен чечүүнүн мындан аркы мыйзамдуу жолу кандай болмокчу?
Каныбек Иманалиев: Мисалы, Текебаевдин иши боюнча Башкы прокуратура Жогорку Сотко кайрылышы керек, сот ишти биринчи инстанциядан баштап кайра кароого киришүүсү абзел. Сот чындыктын түбүнө жетиши зарыл. Керек болсо “Маевскийди ким тосуп алган, ким Ак үйдүн жетинчи кабатына, резиденцияга коштоп жүргөн, ага ким чоң акча сунуш кылган” деген сыяктуу суроолорго жооп табылышы керек.
Ал учурдагы кыргыз бийлиги Азиз Батукаевди, Леонид Маевскийди БУУнун баш катчысы келгенсип, ардактап тосуп алышып, жансакчы берип коргоп, узатып турушту. Бул мамлекеттин эгемендүүлүгүнө болгон чыккынчылык, алар жазаланмайынча мындай жоруктар улана берет. Алар боюнча комиссия түзүп иштешибиз керек.
Прокуратура Маевскийди кайрадан суракка алышы керек, мүмкүн ал эми чындыкты айтат. Бул маселени чечүүнүн негизинен үч жолу бар: биринчи, мунапыс берүү, экинчиси - кечирим берүү, үчүнчүсү - ишти кайра башынан кароо. Мындан сырткары түрмөдө отурган саясатчыларды ак жеринен соттогон тергөөчү, соттор да катуу жазаланууга тийиш. Биз кимдир бирөөдөн өч алуу эмес, мыйзамдуу акыйкаттыкка жетели, аны орнотолу деп жатабыз.
Бекбосун Бөрүбашев: Кыргызстандагы биз кеп кылып жаткан көйгөйлөр бийликте да, оппозицияда да жоопкерчилик жоктугунан болууда. Ал үчүн мамлекетте саясий, социалдык-экономикалык, руханий багытта түп тамырынан бери реформа керек болчу.
Азыркы президент ушундай терең өзгөрүүлөргө даярбы? Каныбек мырза адилеттүүлүк, акыйкаттуулук жөнүндө кеп кылып жатат. Ал өзү, санаалаштары менен 20 жылдан бери саясатта жүрөт, эмне үчүн алар бийликтин мыйзамдуу жоопкерчилигин орното турган система кура алышкан жок?
Азыр бийликтин жоопкерчилигин сурай турган каражат барбы, Конституцияда андай рычагды алып салышкан. Ошол эле мезгилде мамлекеттин алдында оппозициянын жоопкерчилигин сурай турган, анын статусун аныктай турган мыйзам керек. Биз кимди, кандай уюмду оппозиция деп тааныйбыз же бийликке сын айткандын баарын оппозиция дейбизби аны да чечүү керек…
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)