Бийлик Конституцияга жана Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдөн баш тартты. Мындай чечимге коомчулуктагы карама-каршы пикирлер жана парламенттик шайлоонун жакындыгы себеп болгону байкалууда.
Узап бараткан аптада жарандык коомдун өкүлдөрү Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыкты. Кумтөр кенине тиешеси боло турган Суу кодексине өзгөртүү киргизүү парламентте талаш-тартыш жаратты.
2010-жылдагы ыңкылаптан кийин башталган сот реформасы кыйрап, абалды түздөөнүн жолу катары Жогорку Соттун президиумун түзүү аталууда. Бирок бул мурда басып өткөн жол катары бааланып, анын келечегине ишенбегендер арбын.
“Газпром Кыргызстан” компаниясы газга бааны көтөрүүнү өкмөткө сунуштады. Бул көгүлтүр отко баа арзан болуп, компания кирешелүү болбой жатканы менен байланыштырылды.
Өкмөт быйылкы жылга экономикалык көрсөткүчтөрдү төмөндөтүүгө барды. Анын натыйжасында Ички дүң продукциянын көлөмү киши башына эсептегенде 246 долларга кыскарды.
Юстиция министрлигинин кызматкери экспертизага жөнөтүлгөн баңгизаттарын сатып жүргөн деп айыпталды. Министрлик өз кезегинде тергөө жүрүп жаткандыктан комментарий берүүдөн баш тартты.
Узап бараткан жумада кыргыз футболу дарамети бар экенин көрсөттү. Өкмөт бюджетке өзгөртүү киргизип, кирешесинен тартыштыгын көбөйттү.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга өзбек президенти Оштогу коогалаңды “согушка” теңеп, “кыргыз бийлиги эч кандай жыйынтык чыгарбады. Коогалаңга эл аралык деңгээлде баа берилиши керек” деп билдиргени айтылууда.
Узап бараткан жумада Кыргызстан июнь коогалаңынын беш жылдыгын эскерди. Буга тушташ Кыргызстанга БУУнун баш катчысы келди. Тажикстанда суу маселесине арналган эл аралык конференцияга кыргыз делегациясы катышты.
10-июнда Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык баяндамасын жактырбай койгон. Ага чейин парламенттин комитети ушундай эле мазмундагы чечим кабыл алган эле. Акыйкатчынын айланасында түзүлгөн кырдаал кандай өнүгөт?
10-июнда Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карады. Өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизилбесе, Кумтөр кенинин иши үзгүлтүккө учурарын билдирүүдө.
Кыргызстанда Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун 2-фазасы башталуу алдында турат. Бул үчүн Азия өнүктүрүү банкы 110 млн. доллар берет.
Электр энергиясына тарифтер 1-августтан тарта көтөрүлөрү жарыяланды. Мустафа Жемилевдин жардамчысынын кармалышы дипломатиялык жаңжал жаратты.
Кыргызстандын саясий майданына жаңы саясий партия кирип келе жатат. Мурунку губернатор жана аткаминерлер кураган жаңы партиянын бийликтин негизги өнөктөш партиясы болуу мүмкүнчүлүгү бар.
Өкмөт быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке жөнөттү. Бюджетти өзгөртүүнүн негизги себеби катары экономикалык өсүштүн басаңдашы, инфляциянын көбөйүшү аталган.
“Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы чатак өзүнүн логикалык жыйынтыгына чыгып бараткандай.
Президент Алмазбек Атамбаев электр энергиясына тарифтерди көтөрүүнү кайра карап чыгууну өкмөткө тапшырды.
Узап бараткан аптада Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча президенттин жардыгы чыкты. Канаданын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрүп, Кумтөр маселесин талкуулады.
Улутчул жана мекенчил күчтөр 1916-жылдагы каргашалуу окуяга тарыхый эле эмес, саясий дагы баа берилиши керек деп атайын комиссия түзүштү.
"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов парламенттик шайлоодо республикалык босогону көтөрүү, ал эми аймактык босогону төмөндөтүү сунушу менен чыкты.
Дагы жүктөңүз