Өзбекстан президенти Ислам Каримов 2010-жылы июнь коогалаңы учурунда буга “кыргыз да, өзбек да эли күнөөлүү эмес, ал үчүнчү күчтөрдүн жасаганы” деп атап, кыргыз бийлигинин жана элинин алкышын алган эле.
Бирок акыркы мезгилде Ислам Каримовдун кыргыз бийлигине карата позициясы жакшы эмес жагына өзгөргөндөй. Бул 8-майда Москвадагы жолугушууда Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевге карата одоно мамилесинен көрүнгөн. Эми Бириккен улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун менен жолугушууда коогалаңды “согушка” теңеп, андан “кыргыз бийлиги эч кандай жыйынтык чыгарбады. Коогалаңга эл аралык деңгээлде баа берилиши керек” деп билдиргени айтылууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Ислам Каримовдун Кыргызстандын дарегине айтылган сөздөрү тууралуу маалыматтар иликтенип жатканын билдирди.
Бирок Кыргызстан бийлиги кандай болгон күндө да коогалаңды иликтөө үчүн мамлекеттик, парламенттик комиссияларды түзгөнү маалым. Ал гана эмес, ЕККУнун өкүлү Киммо Кильюнен башында турган эл аралык комиссия түзүлүп, алар да өз баасын жана сунуштарын берген.
Ал эми 2005-жылы май айында Анжиян окуясында жүздөгөн адамдар өзбек бийлигинин огунан кырылганда эл аралык комиссия жакын жуутулбаганы да маалым.
2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров кооганы жөнгө салууда Ислам Каримовдун ролу абдан чоң болгонун танууга азыр да мүмкүн эмес дейт. Ошол эле учурда июнь коогасы жетиштүү деңгээлде иликтенгенин эске салат:
- Эл аралык комиссиялар иштеген. Ошто жүрүшкөн. Өздөрүнүн корутундусун чыгарган. Биздин парламенттик, улуттук комиссиялар жыйынтык чыгарган. Ал эми азыр Ислам Каримов ушул маселелер эл аралык деңгээлде иликтенбей калды дегенин бизден чыгарылган жыйынтыктар менен толук маалыматтын жоктугуна байланыштуу деп эсептейм.
Азимбек Бекназаров 2010-жылы Кыргызстан иликтөөлөр үчүн ачык болгонун, өзбекстандык өкмөттүк эмес уюмдар да өзүнчө иликтегенин кошумчалады.
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдирасулова июнь окуясында биринчи окту аскерлер чыгаргандыгы тууралуу фактыларды расмий деңгээлде алар дагы тастыктай албай келатышканын белгилеп, Ислам Каримов ушул жөнүндө айтып жатышы мүмкүн дейт. Азиза Абдирасулова Ислам Каримов Анжиян окуясын эч кандай деңгээлде иликтөөгө жол бербегенин да эскертти:
- Ошол эле Ислам Каримов Анжиян окуясын иликтөөгө эл аралык байкоочуларды, комиссияларды киргизбей койгон. Өздөрү комиссия түзбөй койгон. Керек болсо Өзбекстанда бүгүнкү күнгө чейин укук коргоочулар жана журналисттер куугунтукталып, биз Өзбекстандан качып келген укук коргоочу, журналисттерди бүгүнкү күнгө чейин коргоп келатабыз. Бирок ал деген Каримов коңшу өлкөдөгү мыйзам бузууларга, адам укугун бузууларга көз жуумп коюш керек дегенге жатпайт.
Азиза Абдирасулова коогалаң келечекте баары бир өзүнүн акыйкат баасын алат деп эсептейт.
Генерал Артур Медетбеков "Убактылуу өкмөт коогалаң учурунда шал абалга келип, чоң чатактын чыгышына жол берген, ошондуктан мына ошолор жазасын алышы керек" дейт. Ал Ислам Каримовдун сөзү Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө багытталган деген пикирде.
Өзбек президентинин Кыргызстанга карата сынынын күчөшүндө геосаясий кызыкчылыктар да болушу мүмкүн. Ислам Каримов өз өлкөсүндө чет өлкөлүк аскердик базалардын жайгашуусуна жол бербесин, Орусиянын интеграциялык жараяндарына катышпасын бекем билдирип келатат. Кыргызстан андан тескери саясат жүргүзүп келатат. Ал гана эмес, Москванын жардамы менен аскерин жаңы курал-жабдыктар менен камсыздоого киришүүдө. Бул маселе16-июнда Москвада Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушуусунда талкууланып, тийиштүү документтерге кол коюлду.
Кыргызстан менен Орусия мына ушундай келишимге жетишкени маалымдалар замат эле Кошмо Штаттар Өзбекстанга сооттолгон автоунааларды өткөрүп берүүнү аяктоо алдында турганы кабарланды.
Бул окуялар кыргыз-өзбек мамилесинин азыркы абалына геосаясаттын да таасири бар экенин кабарлайт.