Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду май айынын соңунан тарта долбоорлорду каржылоого киришүүгө тийиш. Өкмөт чоң үмүт артып турган фонд кайсы тармактарды каржылайт жана акчаны кандай шарттарда берет?
Узап бараткан жумада Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча бардык чечимдерди кабыл алды. “Вечерний Бишкектин” кожоюнуна 400 млн. сомго жакын айып салынды.
Биринчи Май райондук соту “Вечерний Бишкек” гезитинин кожоюну Александр Кимди Александр жана Галина Рябушкиндердин пайдасына 388 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирди.
20-майда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимди ратификациялады.
"Электр станциялар” акционердик коому 1 млн. 400 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча тендер өткөрдү. Эксперттер көмүр сатып алууда дагы эле ортомчу компаниялар марып жатканын билдиришүүдө.
"Жер үй" жең ичинен кеткен жок
Узап бараткан жумада кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү аталган адам “Вечерний Бишкекти” сотко берди. Саясий партиялар бейрасмий шайлоо өнөктүгүн башташты.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун датасы белгилене элек. Бирок күзгү шайлоого карата даярдыктар активдешип, саясий партиялардын лидерлери региондорду кыдыруусун, курултайларын чакыруусун баштады.
Узап бараткан жумада Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кабыл алынды. Кыргызстанда бийлик башындагылар менен байланышы бар делген молдовалык олигарх Илан Шор Кишиневдо камалды.
Кыргызстан 2015-2016-жылдардагы жылытуу сезонуна даярдык көрүүгө киришти. Бул жылы да мамлекет 1 млн. 400 миң тонна көмүр сатып алууну чечти.
Кайрадан беш жылдык мөөнөткө шайланган Казакстан президенти экономикада олуттуу реформаларды жарыялады. Бул реформалар Евразия экономикалык биримдигинин алкагында да өзгөртүүлөрдү көздөйт.
Бүгүн Конституция күнү. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин эле жаңы Баш мыйзамды жазууга киришкен.
Узап бараткан жумада Кыргызстанда жаңы өкмөт башчы шайланды. Конституциялык реформа фракциялардын биргелешкен жыйынында талкууланды. Энергетика тармагы оор кризисте экени айтылды.
Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция өкмөт башчылыкка экономика министри Темир Сариевди сунуштоону чечти.
Жогорку Кеңештин беш фракциясы 28-апрелде Конституциялык реформа боюнча биргелешкен жыйын өткөрүп, Баш мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча долбоорду талкуулады.
Жогорку Кеңеште өкмөт башчылыкка талапкерлер боюнча кызуу кеңешүүлөр жүрүп жатат. Өзгөчө чечүүчү таасирге КСДП жана “Ар-намыс” фракцияларынын тандоосу ээ болору айтылууда. Фракцияларда кайсы талапкердин ысымы көбүрөөк аталууда?
Узап бараткан жумада өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кумтөргө байланыштуу кызматынан бошоду. Өкмөт башчылыкка талапкерлер тандала баштады.
23-апрелде Жоомарт Оторбаев өкмөт башчылык кызматтан кетерин жарыялады. Бул күнү өкмөт башчы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берди. Жогорку Кеңеш аны канааттандырарлык деп тапты.
Кыргызстанга Oracle capital group компаниясынын өкүлү Лорд Клэнвильям келди. Ал бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, “Центерранын” жетекчилигин алмаштыруу боюнча сүйлөшүү өткөрөт.
Акыркы күндөрү доллардын курсу өйдө-төмөн болуп, финансы базарын бир топ бейпайга салды. Улуттук банк көп мезгилден бери биринчи жолу валюта базарынан доллар сатып алды. Доллардын курсунун өзгөрүүсүнүн себептери эмнеде?
Дагы жүктөңүз