Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 26-ноябрга караган түнү Бишкекте бир катар үйлөрдө тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, "10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталганын" кабарлады.
Мекеме алардын уюштуруучусу жана ээлери, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 кыз кармалганын, арасында борбордогу жогорку окуу жайларда окуган студенттер да бар экенин билдирди.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Интимдик кызмат көрсөткөн жайларды уюштурган 10 киши жана ээлери кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул берене менен кармалгандардын күнөөсү далилденсе айып пулга жыгылат же жети жылга чейин абакка кесилет.
Ушул тапта мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. (BTo)
Дагы караңыз
Судья алмашкандыктан Kloop порталынын соту жылдыТамекиге каршы мыйзамды бузган жайларга дээрлик миллион сомдук айыппул салындыЕАЭБ: Электромобиль импорту үчүн жеңилдиктердин мөөнөтү узартылдыШойгу ЖККУнун абадан коргонуу системасы дээрлик түзүлүп бүткөнүн айттыНаманганда кызамык жуктурган балдар көбөйдүУКМК Токтогул шаарынын мэри уулу менен кармалганын билдирдиПрофсоюздар федерациясынын мүлкү Президенттин иш башкармалыгына убактылуу алынат