Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Наманганда кызамык жуктурган балдар көбөйдү


Кызамыкка каршы вакцина.
Кызамыкка каршы вакцина.

Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш Наманган облусунда кызамык жуктурган балдардын саны кескин көбөйдү. Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо комитети билдиргендей, жыл башынан бери бул аймакта кызамык менен ооругандардын саны 735ке жетти. Учурда 255 бала ооруканада дарыланууда. Алардын 62% бир жашка чыга элек болсо, 25% үч жашка чейинкилер.

Аталган комитеттин билдирүүсүндө жалпы өлкө боюнча кызамык менен ооругандардын саны көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы кызамыкка чалдыккандар 18%, андан каза болгондор 40% көбөйгөнүн билдирген. Уюмдан белгилешкендей, бул вакцинациянын азайганына байланыштуу.

24-ноябрда Кыргызстандын Республикалык иммуннопрофилактика борбору өлкөдө жыл башынан бери кызамык оорусун жуктургандардын саны дээрлик 4,5 миңге жеткенин билдирген.

Быйыл Кыргызстанда кызамыктан үч бала чарчап калды. Алар бир, төрт жаштагы эки наристе жана 13 жаштагы бир өспүрүм. Үчөө тең эмделген эмес.

Коңшу Казакстанда да кызамык жуктургандар көбөйүүдө. 21-ноябрга карата өлкөдө кызамыкка чалдыккандардын саны 16 миңге жеткени кабарланган. Алардын 82% ашыгын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

XS
SM
MD
LG