Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:16

Тамекиге каршы мыйзамды бузган жайларга дээрлик миллион сомдук айыппул салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте быйыл жыл башынан бери коомдук тамактануучу жайда тамеки чегүүгө тыюу салган эреженин бузулушуна байланыштуу дээрлик миллион сом айыппул салынганын бүгүн 27-ноябрда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, борбор калаанын төрт районунда жалпысынан 11 ай ичинде жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында 74 протокол түзүлүп, салынган айыппулдун жалпы суммасы 962 миң сом болду. Эреже бузган коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине тамекини жарнамалоо да мыйзам бузуу болуп эсептелинери эскертилди.

Кыргызстанда 2021-жылдын 15-сентябрында “Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” деген мыйзам иштей баштаган.

Ал эми “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 84-беренесине ылайык, тамеки тарткандар үчүн милдеттүү түрдө өзүнчө жай бөлүп берүү эрежелерин, тамеки заттарын тартуу жайлары жөнүндө көргөзмө маалыматты жайгаштыруу же мындай жайды жабдуу тууралуу талаптарды бузган жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынат. (RK)

XS
SM
MD
LG