Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:28

Судья алмашкандыктан Kloop порталынын соту жылды


“Kloop” басылмасынын сайты.
“Kloop” басылмасынын сайты.

27-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызы боюнча соттук отурум болбой калды. Буга ишти караган судья алмашканы себеп болгонун “Клооптун” адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди.

“Соттун убактысы жок болгондуктан ишти башка судьяга өткөрүп бергени айтылды. Материал болсо канцелярияда экен. Иш башка сотко азырынча өтө элек экен. Биз ишти ала турган судьяга да кире элекпиз”, - деди юрист.

Кийинки соттук отурум качан болору азырынча белгисиз. Буга чейин ишти Элмира Барыктабасова карап баштаган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

Министрлик 9-октябрда Kloop.kg сайтынын орусча тилиндеги версиясын бөгөттөгөн. Кийин кыргыз тилиндеги версиясын да жапкан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануу билдиришкен. Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. (BTo)

XS
SM
MD
LG