Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

УКМК Токтогул шаарынын мэри уулу менен кармалганын билдирди


Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Токтогул шаарынын мэри Эркин Тойгонбаев кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурган, уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деген шек менен кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунундагы кварц кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурганы аныкталган.

2022-жылы Эркин Тойгонбаев кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, кендин ээсине кварцты чогуу иштетүү сунушун берген. Бирок ал баш тартканда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, маркум Чыңгыз Жумагуловдун Токтогул шаарындагы өкүлү болом деген дагы бир адам менен ишкерди коркутуп, компаниянын 50% үлүшүн уулуна каттатып коюшкан.

Кварц мыйзамсыз казылганы, Токтогул шаарынын мэри түшкөн кирешени уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен бирге алып турганы такталган. Өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу (Э.у.А.), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү (И.Б.А.) кармалып УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттары окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG