Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Профсоюздар федерациясынын мүлкү Президенттин иш башкармалыгына убактылуу алынат


Кесиптик кошуундар бирлигинин имараты, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Кесиптик кошуундар бирлигинин имараты, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 2028-жылга чейин Кесиптик кошуундар федерациясынын эсебинен санаторийлерге жолдомо берүүгө мораторий киргизди. Мамлекет башчы тиешелүү токтомго 22-ноябрда кол коюп, ал 24-ноябрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.

Документте эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун эсебинен Кыргызстандын бардык аймагында санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүүгө мораторий киргизилери жазылган.

Фондго түшкөн каражат санаторийлердин курулушуна жана аларды оңдоого, алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Андан тышкары Кесиптик кошуундар федерациясына ушул жылдын аягына чейин алардын менчигинде турган санаториялык-курорттук мекемелердин баарын Президенттин иш башкармалыгына убактылуу акысыз пайдаланууга берүү сунушталды. Алардын тизмеси бир жумада такталат.

Садыр Жапаров сентябрь айында Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин сынга алып, Башкы прокуратурага жана Эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин ирээтке келтирүү тапшырмасын берген.

Соңку бир нече жылдан бери федерацияда ички тиреш басылбай, түрдүү нааразылык акциялары уюштурулуп келген. 2020-жылы федерация мүчөлөрү эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Жалпысынан өлкөдө 26 тармактык жана облустук профсоюз бар экени айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG