Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) Жаңы медиа жана SMM бөлүмүнүн жетекчиси Усубалы Мамбетов 11-мартта өзү жазган арыздын негизинде жумуштан кетти. Бул маалыматты “Азаттыкка” УТРКнын директорунун орун басары Улан Сатиев ырастады.
2023-жылдын июнь айында “Чекит медиа” платформасы иликтөө чыгарып, “УТРК жасаган маалыматтарды социалдык тармактарда жайылтуу үчүн УТРКда 2022-жылы түзүлгөн медиа бөлүм фейк жана троллдордун фабрикасы болуп калганын” жарыялаган. Ал иликтөөдө Усубалы Мамбетовдун аты аталган.
“Чекит медиада” айтылган сөздөрдү ошол кезде президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жана Улан Сатиев четке каккан.
7-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Ал жолугушууда Усубалы Мамбетовдун жоопкерчилиги боюнча да маселе көтөрүлгөн.
- Фейктер же троллдор - социалдык тармактарда атайылап жалган, акылга сыйбаган же мазмунга тиешеси жок билдирүүлөрдү жайгаштырган активдүү аккаунттар. Алардын көбү кайсы бир топту же саясатчыны колдоп, идеясын жайылтат. Оппоненттерди каралап, далилсиз айыптоолорду таратат.
Дагы караңыз
Мамлекеттик ипотекалык компанияда 100 миңге жакын адам кезекте туратУкраинада Орусиянын чабуулдарынан бир нече өмүр кыйылдыКазакстан: Аялынын өлүмүнө айыпталган экс-министрдин сотун ачык өткөрүү талабы коюлду Министр Баатырова БУУда Кыргызстандагы аялдар укуктары жөнүндө баяндама жасайт 11 журналисттин иши: Сапарбек Акунбеков үй камагына чыктыУкраинадагы согуш: Рим папасы тараптарды сүйлөшүүгө чакырды Орусия онго жакын аймагы дрон чабуулуна кабылганын билдирди Афтандил Жоробековдун сотунда эксперт көрсөтмө берди