Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

Украинада Орусиянын чабуулдарынан бир нече өмүр кыйылды


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан фронтко жакын тилкедеги облустарда бир нече адамдын өмүрү кыйылганын 12-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Украин аскерлери абадан коргонуу системалары Орусиянын 22 дронунун 17син атып түшүрүүгө үлгүргөнүн билдиришти.

Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовдун айтымында, Купянск районунда миномет чабуулунан бир киши каза болду, дагы үч киши жараат алды, Изюм районунда жарылуудан бир кишинин өмүрү кыйылды, Чугуев районунда бир аял жараат алды, үйлөр талкаланды. Купянск шаарына ташталган бомбадан турак жай талкаланды.

Донецк облусунда, жергиликтүү администрациянын башчысы Вадим Филашкин билдиргендей, имараттар талкаланды, беш киши жараат алды, газ жана электр түйүндөрү иштен чыгып, эки миңдей үй-бүлө электр жарыгысыз калды.

Запорожье облусунда 45 жаштагы бир кишинин өмүрү кыйылды.

Херсон облусунда да бир киши каза болду, үч тургун жараат алды, калктуу пункттар жабыркады.

Ал эми Орусиянын маалымат каражаттары украин учкучсуз учактарынын чабуулунан өлкөнүн батышындагы Орел шаарында мунай базасында жана Нижегород облусундагы мунайды кайра иштетүүчү заводунда өрт чыкканын жазышты. (RK)

XS
SM
MD
LG