Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:15

Орусия онго жакын аймагы дрон чабуулуна кабылганын билдирди


Орел шаары. 2024-жылдын 12-марты.
Орел шаары. 2024-жылдын 12-марты.

Орусиянын онго жакын аймагы учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын бүгүн 12-мартта өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Мекеме бул үчүн Украинаны айыптап, Белгород облусуна ракеталык сокку урулганын кабарлады.

25 учкучсуз учак «кармалып, жок кылынганы», дрондордун 11и Курск облусунун, жетөө Белгород жана калгандары Брянск, Ленинград, Москва, Орел, Тула облустарынын аймагынан кармалганы айтылды. Украина бул боюнча комментарий берген жок.

Орел облусунда дрон мунай сактоочу кампага тийип, өрт чыкканы, жанындагы үйлөрдүн тургундары эвакуацяи болгону, Нижний Новгороддо да мунай базасы өрттөнгөнү маалымдалды.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG