Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:43

Украинадагы согуш: Рим папасы тараптарды сүйлөшүүгө чакырды


Pим папасы Франциск
Pим папасы Франциск

Католик чиркөөсүнүн башчысы Франциск тараптарды абал оорлоп кеткиче сүйлөшүп, мындай кадамдан намыстанбоого чакырды. Швейцариялык RSI каналына папа Франциск февраль айында маек берген, ал 20-мартта көрсөтүлөт. Канал өзүнүн сайтына маектин үзүндүсүн жарыялады.

“Менимче, абалды түшүнүп, элди ойлогон, сүйлөшүүгө бара алган тарап күчтүү. Абал оорлоп, иш ойдогудай жүрбөй жатканын көргөн соң, сүйлөшүүгө баргыдай кайрат болушу керек. Намыс деген менен дагы канча өлүм керек? Убагында сүйлөшүү үчүн ортомчу мамлекет издеш керек", - деген папа Франциск. Ал Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөргө көптөгөн мамлекеттер ортомчу болуу сунушун берип жатканын айтып, Түркияны мисалга тартты. Ал сүйлөшүү - капитуляция эместигин, өлкөнүн жок болуп кетишине жол бербөө экенин белгилеген.

Украина жана анын аймактык союздаштары папа Францисктин билдирүүсүн сындады. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба: " Эң күчтүүлөр – жакшылык менен жамандыктын күрөшүндө жакшылыктын тарабын колдойт, жамандык менен жакшылыкты бирдей шартка коюп, муну "сүйлөшүү" деп атоого аракет кылбайт ", - деп жооп берди.

Киевдин өтүнүчү менен Швейцарияда Украинадагы тынчтык жөнүндө саммит уюштуруу пландалып, ага 160тан ашык өлкө чакырылары күтүлүүдө. Орусия чакырылгандардын арасына кирбей турганын буга чейин президенттин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак билдирген.

South China Morning Post гезинин жазганына караганда Кытай мындай позицияга каршылыгын билдирип, тынчтык жөнүндө сүйлөшүү согуштагы тараптарынын бирисиз өтүшү мүмкүн эместигин билдирген.

Украина дүйнөлүк коомчулукка өзүнүн тынчтык планын сунуштоодо. Анда 1991-жылдагы чек аранын чегинде өлкөнүн аймагынан орус аскерлерин толугу менен чыгарып кетүүсү, Орусиянын репарация төлөп берүүсү жана согуш кылмыштары үчүн күнөөлүүлөрдү соттоо камтылган. Москва сунушту негизсиз деген менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан эмес.

XS
SM
MD
LG