Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:33

Министр Баатырова БУУда Кыргызстандагы аялдар укуктары жөнүндө баяндама жасайт


Кыргызстандан барган делегация.
Кыргызстандан барган делегация.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова баштаган делегация Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясына катышып жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы кабарлады.

Гүлнара Баатырова Кыргызстандагы кыз-келиндердин, аялдардын абалы гендердик теңчилик саясаты жөнүндө баяндама жасайт. Маалыматка ылайык, сессияда эки жүзгө жакын өлкөнүн өкүлдөрү гендердик теңчиликке жетишүүнү тездетүү, жакырчылык менен күрөшүү, институттарды бекемдөө жана каржылоо менен аялдар менен кыздардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Иш-чарага Кыргызстандан БУУнын Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева, финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева, Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева катышып жатат.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталып, Борбор Азия өлкөлөрүнөн эң артта жайгашты. Былтыр октябрда жарыяланган индексте аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жашоосуна катышы, укуктук дискриминация, билим берүү, саламаттык сактоо, жумуш менен камсыздоо жана зомбулук тобокелдиктери сыяктуу критерийлер эске алынган.

Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук фактылары утур-утур катталып келет. Алсак, былтыр сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилеп салган окуя коомчулукту нес кылган.

Былтыр Ички иштер министрлигине түшкөн үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 10 миңдей маалымат ырасталып, коргоо ордери берилген. Милициянын маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук фактысында 95% жабырлануучулар аялдар болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG