Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Афтандил Жоробековдун сотунда эксперт көрсөтмө берди


Афтандил Жоробеков
Афтандил Жоробеков

12-мартта Бишкектин Ленин райондук соту камактагы активист Афтандил Жоробековдун ишин кароону улантып, лингвистикалык эксперттин көрсөтмөсүн укту. Активисттин сүйлөгөнү тартылган тасма көрсөтүлдү.

Отурумда судья Темирбек Маматов активист Афтандил Жоробеков тасмада тынч чогулууга чакырганын белгилеп, эксперт Нурлан Сартпаевден тактап сурады. Эксперт ага тергөө башка тасманы жана стенограмманы бергенин айтты.

Адвокаттар экспертиза толук чыгарылбаганын жүйө кылып, кайра экспертиза кылууга өтүнүч келтиришерин билдиришти.

Афтандил Жоробековдун соту эми 19-мартта уланат.

Активист Афтандил Жоробековго "бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздикке, ага тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу" беренеси менен айып тагылган. Ал эки ай мурда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн камалган.

Афтандил Жоробековду абактан бошотуу маселеси парламентте дагы көтөрүлгөн. Активисттин апасы уулун бошотууну талап кылып, бийликке кайрылуу жасаган. Жоробеков социалдык тармактар аркылуу пикирин ачык билдирип, мамлекеттик мекемелердеги мыйзамсыз көрүнүштөргө сын айтып жүргөн активдүү жаран катары таанымал.

2019-жылы УКМК аны "Аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен камаган. Активистке "Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн" деген айып тагылган.(ASh/ZKo)

XS
SM
MD
LG