“Ата-Бейиттин” кыскача таржымакалы
1991-жылы жайында Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылынын (бул айыл азыркы тапта маркум Сүймөнкул Чокморовдун ысымын алып келет) түштүгүндө тоо тарапта сталинизмдин курмандыктары 1938-жылы ноябрда жапырт көмүлгөн жашыруун жай бар экендиги тастыкталган.
Кыргыз улуттук университетинде иштеген археолог Михаил Москалёв (1942–2013) тарабынан жана ал кездеги чекист офицер Болот Абдырахмановдун катышуусунда казуу иштери жүргүзүлгөн соң, мындагы маркумдарды аруулап кайра жерге беришкен.
Тоо бетиндеги жаңы ыйык көрүстөн жайды “мындан ары “Ата-Бейит” деп атайлы”, деп ыраматылык Чыңгыз Айтматов (1928–2008) атабыз өзү сунуштаган.
1991-жылы 30-августта "Ата-Бейиттеги" маркумдарды кайра аруулап жерге көмүү жөрөлгөсүнө мен да катышып калдым.
Эртеси күнү, 31-августта, жумуриятыбыздын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү тарыхый декларацияны кабыл алды.
“Ата-Бейитте” түбөлүк жай алган бабаларыбыздын арбактары колдогондой эле улуу иш жасалды.
Дагы караңыз "Бүбүйра апа болбосо "Ата-Бейит" ачылбай калмак"
Ушул көрүстөн жайды мурдагы Советтер Биримдигинин жалпы аймагындагы тоталитардык режимдин курмандыктарынын эскерүү жайларынын ичинен өзгөчөлөнткөн бир нерсе – мындагы 137 кишинин сөөктөрү кимдерге таандык экендиги мурдагы КГБнын архивиндеги маалыматтар аркылуу да тастыкталгандыгы болду. (Албетте, 138-кишинин, тагыраагы, айымдын, ким экендиги алигиче белгисиз).
Дал ушул “Ата-Бейит” эскерүү жайында Кыргызстанды советтик мамлекет катары түптөп, союздук жумурият макамына жеткирген жана жумуриятыбыздын коомдук-саясий жана айдыңдык турмушуна көөнөргүс салым кошкон бир катар бабаларыбыз түбөлүккө эс алып жатышат.
Маркумдардын арасында кыргыздардан башка дагы ар кыл этностордун жазыксыз курман болгон өкүлдөрү болгондугу азыркы көп этностуу калкыбыз үчүн дагы бул эскерүү жайынын орток маңызын баса белгилеп турат.
Бул эскерүү жайын эгемен Кыргызстанда өзгөчө баалап-барктап келишет. 1991-жылдан кийин бул жай тууралуу китептер, макалалар, даректүү тасмалар жарыяланып келди. Мында түбөлүк уктап жаткан айрым чыгаан бабаларыбыз жаатында илимий диссертациялар да корголду.
Бул жайды алгач ачыктаган карапайым, бирок чыныгы мекенчил жараныбыз Бүбүйра Кыдыралиева энебизди да ар качан каарман айым катары ыраазычылык менен эскерип жүрмөкчүбүз.
Дагы караңыз Бүбүйра Кыдыралиева. Тоталитаризмдин кылмыштуу пардасын сыйырган каарман
Албетте, XXI кылымдын башындагы эгемен Кыргызстандагы күрдөөлдүү саясий турмуш бул эскерүү жайынын мазмунуна өзүнүн жаңы өңүттөрүн да кошумчалады.
Бул улуттук тарыхый эстутум жайына аталыш берген залкар жазуучубуз, коомдук ишмер, элчи Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов 2008-жылы 10-июнда дүйнө салгандан кийин анын сөөгү ошол жылы 14-июнда ушул ыйык жайга коюлду.
Менимче, буга эч ким каршы болгон жок. Анткени Чыңгыз Айтматов “Манас” эпосунан кийин эле кыргызды дүйнөгө даңазалаган куттуу жана данакер аксакалыбыз катары өзүнүн көзү тирүүсүндө эле өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп келген болчу.
Анын чыгармачылыгын Евразияда жана жалпы дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөлөрдөгү айдыңдар аздектешчү жана аздектеп келишет.
Андан кийин 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылап маалында бакиевдик авторитардык режимдин коргоочуларынын огунан курман болгон жигердүү жарандарыбыздын сөөктөрү “Ата-Бейитте” жерге берилди.
Ошол кезде мекендештерибиз бул окуяга да жаран катары түшүнүү менен мамиле кылышты. Албетте, кээ бир курман болгон жарандарыбыздын жакындары тигил же бул маркумдун сөөгүн өз айылына барып койгон учурлар да болду.
2002-жылдын мартындагы Аксы окуяларындагы, 2005-, 2010- жана 2020-жылдардагы элдик ыңкылаптардагы каармандар эч качан улуттук эстутумдан өчүп калбай тургандыгы дал ушул 2010-жылдын 7-апрелинде шейит кеткен замандаштарыбызга багышталган айкел жана алардын мындагы бейиттери аркылуу да айгинеленип турат.
Дагы караңыз Садыр Жапаров: Апрель ыңкылабы демократияга жол ачкан
Андан кийин 2016-жылы жайында “Ата Бейит” тарыхый эскерүү комплексинин төр жагына кыргыз элинин 1916-жылдагы падышалык Орусиянын оторчулугуна каршы ири улуттук боштондук көтөрүлүшү маалында эрдик көрсөткөн эгеменчил эр-азаматтар болгон бабаларыбыздын жана оторчулар жүзөгө ашырган ырайымсыз жазалоолор учурунда, ошондой эле, бул жазалоолордон кийин башталган Улуу Үркүн маалында жазыксыз набыт кеткен жалпы ата-бабаларыбыздын элестерин түбөлүккө эскерип жүрүү үчүн атайын эстелик курулган.
Дагы караңыз Улуу Үркүн: 75 жылдык жана 100 жылдык мааракелер
Жүз жыл мурда, 1916-жылдагы окуяларда курман болгон бабаларыбызга багышталган бул жаңы эстелик 2016-жылы 2-сентябрда салтанаттуу ачылган.
Ал эми ошол жылы 17-сентябрда Бишкектеги саммитке келген мамлекет жана өкмөт башчыларынын арасында Орусиянын президенти Владимир Путин да бул эстеликке келип, маркумдарды эскерип, гүлдесте койгон.
(Бишкектеги саммитке келген казак президенти Нурсултан Назарбаев менен тажик президенти Эмомали Рахмон "Ата-Бейиттеги" бул эскерүү жөрөлгөсүнө негедир катышпай коюшкандыгы да эсте калды).
Ошол 2016-жылы Кыргызстанда, Казакстанда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө ар кыл университеттерде жана илимий мекемелерде жалпы Түркстандагы, Жети-Суудагы, Кыргызстандын бир катар аймактарындагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыхына арналган эл аралык илимий жыйындар өткөрүлгөнү жадыбызда. Айтмакчы, Орусиянын өзүндө да (кыргызстандык тарыхчы окумуштуулардын катышуусу менен) 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыхына арналган илимий шеринелер өткөрүлгөн.
Кыргызстандын тарыхчылары менен архив таануучулары да 2015–2016-жылдары Орусиянын архивдеринде ушул тема боюнча иликтөө жүргүзүүгө мүмкүндүк алышкан.
Анан Тажикстандан келген айрым террорчу топтор Баткен облусундагы кыргызстандык айылдарга капысынан чабуул жасаган каргашалуу окуялар орун алды. Албетте, кирип келген баскынчылар катыгын алышты.
Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы куралдуу кагылыш маалында өз Атажуртун коргоп жатып шейит кеткен баатырлардын – кыргыз танкчылары Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Тилек Жаңыбай уулунун сөөктөрү 2022-жылы 26-сентябрда “Ата Бейит” эскерүү жайына арууланып коюлду.
“Ата-Бейит” эскерүү жайы, ошентип, 1916-жылы жана 1930-жылдары набыт кеткен ата-бабаларыбыздын гана эмес, азыркы тапта дагы Кыргызстандын эгемендиги жана демократиялык келечеги үчүн жан аябай күрөшкөн маркум каармандарыбыздын дагы бейиттери жайгашкан ыйык көрүстөнгө айланды.
1916-жылы эрдик көрсөткөн жана Улуу Үркүндө набыт кеткен бабаларыбыз, бул ыйык жайга сөөгү коюлган бабаларыбыз жана каармандык менен курман болгон замандаштарыбыз улутубуздун эстутумунда түбөлүккө калаары шексиз.
Ошол эле учурда коомчулукту, анын ичинде айдыңдарды, бир олуттуу ой санааркатып келет. Аны ачыктабай коюуга эч мүмкүн эмес.
Тасма. "Ата-Бейит": тарых унутулса, трагедия кайталанат. Болот Абдырахманов менен маек. 31.3.2024.
“Ата-Бейит” – четинен чоюла берген желим жай эмес.
“Ата-Бейит” эскерүү жайынын мамлекеттик өзгөчө маанидеги макамын болочокку урпактар үчүн көз карегиндей сактап калуу зарыл.
Болочокто ар кандай “дүжүр чалдар” же башка мыкчегерлер өз сөөгүн ушул жайга койдурууга азгырылышы деле мүмкүн.
Алар антпесе, алардын айрым жакындары дагы бийликтеги тийешелүү кишилер менен карым-катнашын жана маркум алган ар кандай расмий наамдарды пайдалануу менен өзүнүн жакыны болгон тигил же бул маркумдун сөөгүн “Ата Бейитке” койдуруу үчүн алпурушу ыктымалдан алыс эмес.
Эгерде “Ата Бейитке” улам жаңы кишинин сөөгү коюла берчү болсо, анда анын көзгө басар улуттук тарыхый-мемориалдык комплекс катары макамы жана кадыр-баркы бөксөрүшү ажеп эмес.
Айтмакчы, дал ушул көйгөйдү үстүбүздөгү жылы айрым кыргыз айдыңдары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине таасын маалымдашкан.
Арийне, бул министрликке кайсы бир президенттин же өкмөт башчынын тушунда жогортодон деле ар кандай буйрук келе бериши ажеп эмес.
Ошондуктан бул министрлик гана эмес, Кыргыз президенти, Кыргыз Өкмөтү, Жогорку Кеңеш жана кыргыз жарандык коому дал ушул маселени калайык алдында ачык талкуулашы зарыл.
Бул – майда көйгөй эмес. Бул – тарыхый эстутум маселеси.
Биз “Ата Бейитти” өзгөчө улуттук макамы бар жана мекенчилдикке, эгеменчилдикке жана демократиялык асыл-нарктарга тарбиялоочу жай катары, ошондой эле, эл аралык коомчулук алдында да бабалар мурасын жана элесин ыйык барктай алган заманбап демократиялуу мамлекет катары Кыргызстандын аброюн чыңдоо үчүн кызмат кылып жаткан олуттуу жай катары азыркы калыбын бузбастан сактап калуу керек, деп санайбыз.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.