Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Сталиндик репрессияны иликтөө: "Бийлик архивди ачкандан чочулайт".


"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.

7-8-ноябрь – Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. Бул күндөрү 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктары да эскерилет. Тарыхчылар Кыргызстан совет мезгилиндеги кандуу жылдардын таржымалын иликтөөдө Борбор Азия өлкөлөрүнөн артта калып жатканын айтып келишет.

"Ата-бабаларды эстөөдө чолок мамиле кылып жатабыз..."

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумагул Байдилдеев учурда сталиндик репрессияга укуктук баа берүүдө кайдыгер мамиле болуп жатканын айтат:

Жумагул Байдилдеев.
Жумагул Байдилдеев.

“Репрессия курмандыктарын эстөө – бүгүнкү күндөгү актуалдуу тема. Анткени атылгандардын көпчүлүгү өз кызыкчылыгынан дагы мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон кызматкерлер болгон. Биз адатта ата-бабаларды, репрессия курмандыктарын 7-8-ноябрда эле эскерип, башка күндөрү унутуп калабыз. Коңшу өлкөлөрдү карасак, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөгөндөрдү иликтөөдө эки-үч жыл алдын ала даярданышат. Биз болсо жылнааманы карап туруп эле, Касым Тыныстановдун 110 жылдыгы экен, Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы экен деген өңдүү чолок мамиле кылып атабыз.

Биз бүгүн эгемендигибиздин 31 жылдыгы деп атабыз. Бирок Кыргыз автоном облусу түзүлгөн 1924-жылдан берки 100 жылдык тарыхыбыз бар да. Биз аны кенен айта да, жаза да албай жатабыз. Жазып атабыз, изилдеп атабыз, бирок мамлекеттик деңгээлде колдоо жок болуп турат. Илимий изилдөөлөрүбүзгө мамлекеттик деңгээлде көмөк керек”.

Кыргызстан эгемендигин жарыялаардан бир күн мурун, 1991-жылы 30-августта Бишкектин Эски аянтында 1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгүн кайра жерге берүү расмиси өткөн.

Тарыхчы Аида Кубатова дагы катаал доордун куугунтугунун курмандыктары тууралуу жасала турган иштер али көп деген пикирде.

Аида Кубатова.
Аида Кубатова.

“7-8-ноябрдын “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” деп белгиленип калышын бир жагынан туура деп ойлойм. Анткени СССРдин тутумунда турганда 70 жыл бою 7-ноябрды Улуу октябрь социалисттик революциясынын жеңген күнү деп ушунчалык шаан-шөкөт менен майрамдап жүргөнбүз. Көрсө, бул күн кыргыз эли үчүн өтө чоң трагедия болгон экен. Мындай маалыматтарды эгемендикке ээ болгондон кийин эле биле баштадык. 5-6-7-ноябрь күндөрү 137 кишинин атылганы тууралуу кабардар болдук. Бирок бул маселеге бүгүн олуттуу көңүл бурулуп жатат деп айта албайм. Анткени саналуу гана изилдөөчүлөр изилдеп жатышат. Ошол изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жалпы элге пропагандалоо жагы дагы деле аксап турат”.

Коопсуздук кызматынын кол жетпеген архиви

Кыргызстандын 20-30-жылдардагы тарыхынын бир бөлүгү архивде сакталуу. Бирок изилдөөчүлөрдүн айтымында, ал жакка кирип, архивдик документтерди карап чыгууга мүмкүн эмес. Аида Кубатова архивди ачууга бийлик башындагылар батынбай жатат деп эсептейт.

“Бийликтегилер архивди ачкандан коркушат. Биз архивди ачуу маселесин көтөрүп чыкканда, эмнегедир чет жактагы эксперттер да биздин ички тарыхыбызга кийлигишип, "архивиңерди ачсаңар, Кыргызстанда жарандык согуш башталышы мүмкүн" деген кооптонууларын радиодон айтып, гезитке жазып жатышты. Мени таң калтырганы - эмне үчүн архивди ачканда жарандык согуш болуп кетиши мүмкүн? Азыр адамдардын аң-сезими абдан эле жогорулап калды. Албетте, майда-барат пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн. Атайын кызмат чындап эле бул маселеден чочуласа, анда архивди изилдөөчүлөргө аны коомго кеңири жарыялабоо талабы менен бериши керек. Мен архивдердин ачылбай турушунан улам алар бир мезгилде жок болуп кетеби деп тынчсызданам”.

Жогорудагы кеп болгон жашыруун архивдерди Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери, учурда запастагы полковник Болот Абдрахманов гана карап чыгып, 2020-жылдын февраль айында “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары” деген аталыштагы он томдук китепти жарыкка чыгарган. Абдрахманов атайын кызматта бир топ жыл эмгектенгендиктен, ага башка изилдөөчүлөргө буюрбаган мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Анын китебинде 1920-1953-жылдар аралыгында репрессияга дуушар болгон миңдеген адамдардын тагдыры баяндалган. Бул эмгеги башка кызматкерлерге да изилдөөгө жол ачканын белгилеген Абдрахманов он томдук эмгектеги орчундуу статистикаларды айтып берген.

Болот Абдрахманов.
Болот Абдрахманов.

“Кыргызстанда саясий репрессияга дуушар болгон адамдардын тизмесин көп жылдан бери архивден изилдеп отуруп чыгарган эмгегибиз 10 том болду. Ичинде 20 миңге жакын репрессияланган кыргызстандыктын тизмеси кирди. Бул биздин тарыхчылар үчүн чоң ачылыш деп ойлойм. Анткени бүгүнкү күнгө чейин божомолдоп эле сандар айтылып келди. Бирок китепке киргендердин саны конкреттүү түрдө аныкталгандар. Ал жерде жалпысынан 55 улуттун өкүлү бар. Саны боюнча 1-орунда кыргыздар, 2-орунда орустар, ал эми 3-орунда уйгурлар турат. Мен социалдык анализ кылып көрсөм, репрессияга дуушар болгондордун 44 пайызы айыл чарбада иштегендер, 20 пайызга жакыны жумушчулар, 9 пайыздайы интеллигенция өкүлдөрү, 600гө жакын киши аскер кызматкерлери. Мунун баары НКВДнын (колу менен болду деп айтсак туура, бирок ошол эле учурда НКВДнын 125 кызматкери да репрессияга кабылган. Негизинен китепти барактасак, Кыргызстандын бүт аймактарынан куугунтукка учураган адамдарды табабыз”.

Коңшу өлкөлөрдөгү колдоо

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов каражаттын айынан Борбор Азиядагы айрым өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан тарыхый маалыматтарды тактоодо аксап жатканын айтты.

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

“Коңшу Өзбекстанда репрессия боюнча кем дегенде эле 10го жакын музей ачылып, совет бийлиги орногондон баштап 40-50-жылдарга чейинки репрессияланган жарандарынын баарынын тизмеси такталды. Казакстанда дагы “Алаш ордочулар” деген айып менен репрессияга дуушар болгон бүтүндөй жарандарынын архивдик документтерин табышты. Керек болсо "Сибирге сүргүнгө айдалгандарды да изилдегиле" деп, мамлекет кеңири каражат бөлүп койду. Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенти деле "тарыхка өзгөчө көңүл бурабыз, репрессия тууралуу маалыматты коркпостон ачыкка чыгаруубуз керек" деген пикирин айтып жатышат. Бирок тарыхыбызды тактоодо кеңири масштабдагы иштер болбой жатат. Тарыхтын актай барактарын изилдөөгө мамлекет акча бөлө албай жаткандыгы тарыхчыларды өкүндүрүп турат. Анан да репрессияга байланыштуу “Ата-Бейитке” жакшы заманбап музей курулат деп көптөн бери айтылып келе жатат. Жакында 254 млн. сомдой акча бөлүнөт деп уктум. Ошол музей эртерээк курулса, сталиндик репрессиянын курмандыктары болгон мыкты саясий элитаны коомчулукка дагы кеңири жайылтууга жол ачылмак”.

"Кайдыгер мамиледен улам жаштар тарыхты билбей калды"

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин мурдагы директору Гүлнара Турсунбекова Тарыхты жана ата-бабаларды эстөө мурдагыдан солгундады дейт:

Гүлнара Турсунбекова.
Гүлнара Турсунбекова.

“Мунун себебин Орусиянын таасиринен жазгануу деп деле ойлойбойм. Анткени бул деген тарых да. Маселен, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Үркүндүн 100 жылдыгында карата "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине эстелик орнотуп, орус лидери Путинди чакырбады беле. Репрессияны айталбайм, бирок Путин Үркүн боюнча “Орусиянын падышалык системасы күнөлүү” деп моюндабады беле. Чынында мунун өзү чоң иш-чара да. Азыр болгону биздин чоңдордун репрессияга убактысы жок окшойт, башка иштер көп болуп жатпайбы. Мунун айынан биздин жаштар азыр тарыхты билбейт, репрессия темасын түшүнбөйт. Биздин көсөм ата-бабалар өмүрүн садага чаап, бизге ушул эгемен мамамлекетти тартуулаган эмгеги унутта калып баратат. Керек болсо китептерде да репрессия темасы кыйратып берилген эмес. Студенттердин да кызыккандары эле окубаса, көбү түшүнбөйт. Муну өзүмдүн балдарыман эле билем”.

Турсунбекова “Ата-Бейит” буга чейин Бишкек мэриясынын карамагында турганда жыл сайын октябрь айынын соңунда митинг-реквием өткөрүлүп келгенин, тарыхый комплекс Маданият министрлигинин карамагына өткөндөн кийин бул иш-чаралар өтпөй калганын кошумчалады.

“Мурда Бишкек мэрин же президенттик аппараттан атайын өкүлдөрдү, репрессия курмандыгы болгон бабалардын урпагын чакырып, иш-чара өткөрчүбүз. Репрессиялангандардын уул-кыздарына Социалдык фонддон атайын каражат бөлүнүп, 2-3 миң сомдон берилчү. “Ата-Бейит” министрликке карап калгандан кийин азыр анын бири жок, эч ким эстебей калды. Мен эки жыл мурун чуркап жүрүп эч нерсе өткөрө албай койдум, "демөөрчү таап өзүң өткөрө бер" деп коюшту. Себебин сурасаң, "акча жок" дешет. Булардын кайдыгер мамилесинен көңүл калды”.

"Куугунтук курмандыктарын эстөө - азыркылардын милдети"

“Эсимде” изилдөө аянтчасы жыл сайын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чараларды, атайын жүрүштөрдү уюштуруп келет. Быйыл октябрь айынын соңунда да “Аттарын кайтаруу” деп аталган акция өткөрдү.

“Эсимде” изилдөө аянтчасынын жетекчиси Элмира Ногойбаева мындай акциялар адам өмүрүнөн баалуу эч нерсе жок деген маанилүү принципти эске саларын белгиледи:

Элмира Ногойбаева.
Элмира Ногойбаева.

"Биз репрессиялангандар тууралуу кеп кылганда, бул биздин өткөн чак эле эмес, учур чагыбыз жана келечегибиз экенин түшүнүшүбүз керек. Биздин дагы бир миссибябыз алардын ысымдарын эстөө. Алар ар түрдүү тармакта зор эмгек жасаган, өлкөбүздү өнүктүрүүгө салымы чоң күнөөсүз адамдар эле. Биз аларды унутпашыбыз керек. Алар жөн гана жалаа менен атылып кетпестен, көпчүлүгүнүн ысымы тарыхыбыздан чийилген. Биз алардын ысымын кайтарып, эстеп жүрүшүбүз керек".

Мурдагы СССРдин лидери Иосиф Сталин бийликте турган 1924-1953-жылдары миллиондогон адам саясий репрессиянын түз жана кыйыр курмандыгы болгон. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен 15 союздук республиканын баарында репрессия жүргөн. Бирок “Ата-Бейит” сыяктуу табылга жалгыз гана Кыргызстанда табылган. Калгандарынын дареги белгисиз бойдон кала берген.

"Ата-Бейитте" Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков баштаган кыргыздын 100дөн ашуун интеллигенция өкүлдөрү жатат. Алар менен катар 1938-жылы 19 улуттун өкүлү атылганы айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG