Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Мурдагы тоталитардык доорду сагынуу кимдин тегирменине суу бурат?


Киевдеги “Украин эне” айкелине эски советтик энбелгинин ордуна эгемен Украинанын үчилтик учтуу энбелгиси чапталды. 06.8.2023.
Киевдеги “Украин эне” айкелине эски советтик энбелгинин ордуна эгемен Украинанын үчилтик учтуу энбелгиси чапталды. 06.8.2023.

Мурдагы Советтер Биримдигиндеги “Кайра куруулар доорунун” соңку жылдарында жана постсоветтик эгемендик заманында төрөлгөндөрдүн мууну Кыргызстандын совет мезгилиндеги турмушун улуу муундардын баяндары, көркөм чыгармалар, архивдик маалыматтар аркылуу гана билишет. Ал эми улуу муундагылардын айрымдары мурдагы тоталитардык доорду үшкүрүнө эскерип калган учурлар деле аз эмес. Деги тоталитаризмди сагынууга болобу? Тарыхчынын блогу.

“Эсимде” эске салат

Жакында “Эсимде” аянтчасы “Посткоммунисттик Борбор Азия – ой жүгүртүү мейкиндиги” аттуу эл аралык жыйынды өткөрдү.

“Эсимде” аянтчасы тарабынан 2024-жылдын 17–19-октябрында Бишкекте өтө кызыктуу алкакта өткөрүлгөн Төртүнчү эл аралык илимий жана коомдук жыйында постсоветтик Түркстан чөлкөмүндөгү тарыхый эстутум жана этностук өздүк (иденттүүлүк) маселелери кеңири чагылдырылды.

Жыйынга Кыргызстандын ар кыл облустарынан келген айдыңдардан тышкары АКШ, Германия, Казакстан, Нидерланддар Орусия, Өзбекстан, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдөн тарыхчы, этнограф, тилчи, саясат таануучу, өнөр таануучу, өнөрпоз, эколог ж.б. айдыңдар онлайн жана оффлайн тартибинде катышты.

“Эсимде” аянтчасынын IV Эл аралык жыйынынын алкагында “Орусташтыруу” деген аталыштагы казакстандык даректүү тасманын режиссёру Алия Ашым (Aliya Ashim) айым менен кызыктуу жолугушуу жана талкуу өткөрүлдү. Бишкек. 18.10.2024. Фейсбук.

Жыйындагы бөлүмдөрдүн бири Түркстандагы (анын ичинде Кыргызстандагы) эгемендик үчүн күрөштүн тарыхына арналды. Мурдагы Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) жөнүндө өзүнчө отурум өткөрүлдү.

Жыйындан сырткаркы жолугушуулар, көргөзмөнү кезүү, чай-пай ичүү маалында да ар кыл көйгөйлөр талкууланып жатты.

Дал ошол кызыктуу жолугушуулардан соң тоталитардык коомдун эстутумдагы издери жөнүндө өзүнчө блог жазууну эп көрдүм.

Тоталитардык коомду кимдер сагынат?

Албетте, бул суроонун жообун издегенде мурдагы бир гана партияга (Советтер Биримдигинин Коммунисттик партиясына – КПССке) таянып алып, коомго жалпы үстөмдүк кылган чакан бюрократтык топтун – “партократтардын” жана аларга шерик “комсократтардын” көзү тирүү өкүлдөрү жана алардын бала-чакасы дароо эле эсибизге түшөт.

Алар “жеңген пролетариат” үмүт кылган алыскы болочокку коммунисттик жаркын келечектин үзүрүн өз замандаштары жапырт жакырчылыкка белчесинен батып жашап жаткан чакта, демек, өткөн чакта эле көрүп, жыргап жүрүшчү.

Баары-жоктун баары – карапайым жумушчу жана колхозчу үчүн “таңкыс” делген товарлардын бардыгы – оңой табылган тымызын дүкөндөр дал ушул азганактай топтун кызыкчылыгы үчүн иштеп турган. Ал түгүл курчоодо калган Ленинградда карапайым калайык ачкадан кырылып жаткан кезеңде, партократтардын үй-бүлөсүнүн дасторкону дүр-дүйүмгө толуп турганы кийин ачыкталды.

Бул топтун “чирип жок болуп бара жаткан Батышка” саякат кылуу шыбагасына ээ болгон өкүлдөрү ар дайым демократиялык Батышты жамандап турушаар эле (антпесе алар “алтын акырдагы жемден” куру калышмак).

Карапайым эмгекчилердин балдары окуу жадыбалын үзгүлтүккө учуратып, пахта жана апийим талааларында, тамеки өндүрүшүндө, сакманда, кыркында, чөп чабыкта, эгин жыйноодо жана башка айыл чарба жумуштарында бир нече айлап же апталап бекер иштеп жаткан маалда, коммунист төбөлдөрдүн балдары пионер лагерлеринде жана башка эс алуу жайларында “ата-энелерин сагынып азап чегишээр” эле.

Албетте, мындай “каймактар” ошол доорду биринчилерден болуп сагынышат жана “эмне үчүн башкалар биздей болуп сагынбай жатат?” деп аң-таң калышат.

Советтик империя маалында кыргыздарды келгин орустар “националы” деп кемсинтип аташкандыгы, кыргыз тили 1989-жылы 23-сентябрда гана мамлекеттик тил макамына жетишкендиги, үй-жайсыз кыргыз тургандары 1989-жылдан тартып аргасыздан жер ээлөө (“сквоттердик”) кыймылы аркылуу өз таламдары үчүн күрөш жүргүзгөндөрү сыяктуу көйгөйлөр өз эне тилин унута баштаган жана өзүн “каймак” (“элита”) сезген далай партократтар үчүн жана алардын бала-чакасы үчүн түшкө д кирбес көйгөйлөр болчу.

Чынында, ар ким өзүнүн бала чагын жана жаштык кезин канчалык жекече мүшкүлгө кириптер болгонуна карабастан сагынаары деле бышык.

Далай карапайым кишилердин ичинен Советтер Биримдигиндеги арзанчылыкты жана теңчиликти терең улутуна эскерген өкүлдөрдү азыр деле учуратабыз.

Маселен, тээ 1920–1970-жылдарда туулган мындай замандаштарга “бул тоталитардык коомдо теңчилик деле болгон эмес да” деп жогорудагы мисалдарды келтирип айтсаңыз:

“Ооба, кыйналып-кысталчубуз. Жакыр болчубуз. Бирок, эстейличи, 1970-жылдары бир сомго эмнелерди гана сатып алууга мүмкүн эле! Октябрчы болдук, кызыл жагоо тагынган пионер, анан комсомол болоор элек! Шаңдуу параддан өтөөр элек!” – дешип, бала чагына жана жаштык кезине чаң жугузбай жооп кайырышат.

Ал эми жаштыкты сагынуу ошол жаш кездеги коомдук турмуштун оош-кыйыш жактарын калыс таразалоого эч бөгөт болбошу керектиги да түшүнүктүү.

Советтик доордогу демократиячыл өзгөрүүлөр (аялдардын теңдиги, билим берүү системасынын жеткиликтүүлүгү, электр жарыгы жана башкалар) XX кылымдагы адамзат тарыхындагы ири жетишкендиктердин бири болгондугу талашсыз.

Бирок мурдагы Советтер Биримдигинде “тап күрөшүнө” шылтоо кылуу менен миллиондогон жазыксыз кишилерди жана диссиденттерди абакка салуу, атуу, сүргүндөө, ондогон элдерди өз атажуртунан алыскы аймактарга күч менен көчүрүү (депортациялоо), жүз миңдеген балдарды тирүүлөй жетим кылуу, коммунисттик цензурага шайкеш келбеген маданий мурасты ойрон кылуу, диний ишеним эркиндигин басмырлоо, жарандарды жеке менчик укуктарынан ажыратуу, базар экономикасына таандык эркин соода мамилелерине бөгөт коюу, көп партиялуу саясий башкарууга уруксат бербөө, чакан этностордун эне тилин сакташына тымызын же ачык кедерги жаратуу жана акырындап аларды орусташтыруу сыяктуу көрүнүштөр инсандын жеке керт башынын өмүр жолунун бир катар мурда ачык айтылбаган өңүттөрүн чагылдыраары дагы тарыхый чындык болуп саналат.

Батышты мындай коёлу, азыркы Австралия, Жаңы Зеландия, Жапония, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдө коммунисттерсиз эле заманбап цивилизациялык жетишкендиктер камсыз кылынып жатпайбы.

Тарыхый эстутумду калыбына келтирүү – жеңил иш эмес

Азыркы тапта жалпы Түркстан чөлкөмүндөгү жана анын ичинде Ала-Тоодогу саясат таануучулар жна башка илимпоздор, ошондой эле жарандык коомдун жигердүү өкүлдөрү “декоммуналаштыруу”, “десоветтештирүү” деген сөздөрдү байма-бай колдоно башташты.

Бул сөздү биз коомчулуктун эски түшүнүктөгү өкүлдөрүнүн аң-сезимин Советтер Биримдигиндеги тоталитардык түзүлүш мээге сиңирип салган эски идеологиялык чидерден арылтуу жүрүмү катары чечмелээр элек.

Бул жүрүмдүн башкы куралдарынын бири – Советтер Биримдигинде жаап-жашырылып келген болшевиктердин (коммунисттердин) жана башка империячылардын кылмыштары менен жосунсуз жоруктарын факттарга жана так даректерге таянуу аркылуу калыс ашкерелөө.

Ооба, тарыхый эстутум аркылуу өтмүштөгү чыныгы турмуш калыс таразаланууга тийиш.

Мына, үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда Кара Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип жатат.

Дал ушул мааракелик иш-чаралар маалында бүгүнкү кыргызстандыктар ошол эле кыргыз совет автоном түзүлүшүн жана андан кийинки Кыргыз АССРи, Кыргыз ССРи сыяктуу түзүлүштөрдү негиздөөгө жетишкен чыгаан мамлекеттик ишмерлердин дээрлик бардыгы 1930-жылдардын ичинде сталиндик режим тарабынан жазыксыз атылганын, абакка салынганын жана башка куугунтуктарга туш болушканын эскеришти.

Коңшу Өзбекстанда “басмачылык кыймылы” делген кыймылдын бараандуу өкүлдөрү чын-чынында эгеменчи баатырлар болушкандыгы жөнүндө расмий жарыяланды.

Кыргызстанда мурда “басмачылардын акыны” деп жаманаттыга калган Казыбек Мамбетимин уулунун ысымы эми Ат-Башы районунун эң батышындагы ири кыштактын (мурдагы “Пограничник” айылынын) аталышы болуп калды.

Казакстанда мурдагы алашчылар жана жадиттик кыймылдын өкүлдөрү Казак мамлекетинин башкы тарыхый инсандары катары кадырланып жатат.

Кыргызстанда “алашчы” жана агартуучу, совет дооруна чейин эле кыргызча окуу китеп жарыялаган Эшенаалы Арабай уулунун (Ишеналы Арабаевдин) ысымы Кыргыз мамлекеттик университетине ыйгарылды.

Казакстан менен Өзбекстанда мурдагы тоталитардык режимдин курмандыктарына арналган бир нече музей негизделди.

Кыргызстандын борборуна жакын Чоң-Таш айылынын тоо тараптагы өңүрүндө тоталитардык режимдин 137 курмандыгынын сөөгү арууланып кайра коюлуп, “Ата Бейит” эскерүү жайы ачылган.

Эми советтик архивдик маалыматтар чет-четинен ачыкталууда. Запкы чеккендердин өздөрүнүн жана урпактарынын жекече архивдик маалыматтары жана эскерүүлөрү аркылуу да мурда көмүскөдө кала берип келген жагдайлар ачыкталууда.

Бирок бул акыйкат эскерүү жүрүмү азыр деле посткоммунсттик өткөөл доорго таандык башаттык деңгээлде кала берип жатат.

Империячылар эскини сагынуу сезимдерин пайдаланышат

Советтер Биримдиги – мурдагы падышалык Орусиядагы орус шовинисттеринин империясынын жаңыча ыкмалар аркылуу сакталышынын бир аргасы болгондугу эми гана кеңири калайык тарабынан аңдала баштады.

Мурдагы Советтер Биримдиги деле дүйнөдөгү баскынчыл мамлекеттердин бири болгондугу улам жаңы архивдик маалыматтар менен тастыкталып келет.

Кремл, Маскөө. 23.8.1939.
Нацисттик Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп (cолдон биринчи), советтик диктатор Иосиф Сталин (солдон экинчи) жана тышкы иштер эл комиссары Вячеслав Молотов (отурган) айтылуу Молотов-Риббентроп пактына кол коюу аземинде. Кремл, Маскөө. 23.8.1939.

Маселен, 1938-жылдын 23-августунда диктатор Иосиф Сталиндин кашында туруп, СССРдин тышкы иштер эл комиссары Вячеслав Молотов менен нацисттик Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп кол койгон келишимдин 1989-жылы ачыкталган жашыруун протоколу СССРдин нагыз баскынчы (агрессор) дөөлөт болгондугун таасын далилдейт.

Дал ушул документке таянып, 1939-жылы 1-сентябрда нацисттик Германия эгемен Польшага кол салса, ал эми сталиндик Кызыл аскерлер 17-сентябрда Польшага чыгыш тараптан басып киришкен. Ошол жылы 22-сентябрда польшалык Брест шаарында гитлерчи жана сталинчи баскынчы аскерлер “достук парадын” салтанаттуу түрдө уюштурушкан.

1939–1940-жылдагы Советтер Биримдиги эгемен Финляндияга каршы баскынчыл согуш жүргүзгөн. 1940-жылы болсо СССРде өзгөчө “Карел-Фин ССРи” аттуу союздук макамдагы жумурият түзүлгөн.

Бул “көптөн үмүттөндүргөн союздук жумурият” түбү барып жалпы Карелия менен Финляндияны бириктирген он алтынчы советтик союздук жумурият болууга тийиш эле. Бирок СССРдин эгемен Финляндияны каратып алуу ниетин таш капкан соң, 1956-жылы бул “союздук жумурият” биротоло жоюлуп, Карелия РСФСРдиин курамындагы чакан Карел АССРине айландырылган.

1940-жылы Балтика боюндагы эгемен өлкөлөр менен Бессарабия Кызыл армия тарабынан күч менен каратылган.

1944-жылы Түштхк Шибердеги эгемен Тува (Тыва) Элдик Жумурияты сталиндик режим тарабынан РСФСРдин курамындагы Тува автоном облусу болуп каратылган.

1949-жылы эгемен Чыгыш Түркстан демократиялык жумурияты (уйгурча “Шәрқи Түркистан Җумһурийити”) деген эгемен мамлекеттин коммунисттик Кытайга кошулушуна дагы сталиндик режим шыкакчы болгон, деген жоромол айтылып келет.

1956-жылы советтик танктар Венгрияга (Мажарстанга), 1968-жылы болсо Чехословакияга киргизилгендиги маалым.

1979–1989-жылдардагы совет-ооган согушу СССРден келген баскынчылар үчүн майнапсыз аяктаган.

1990–1991-жылдары ыдырай баштаган Советтер Биримдиги ар кыл жумурияттардагы демократиячыл жүрүмдөрдү ойрон кылууга майнапсыз далаалат кылган.

Дал ушул саясий окуяларды постсоветтик окуу китептерде, жалпы адабиятта жана медиада ар тараптуу чагылдыруу тарыхый эстутумду чыңдоого огожо болууда.

Орусиядагы азыркы империячылар болшевик Ленин РСФСРден тышкаркы советтик жумурияттарга мамлекеттүүлүктү жок жерден жаратып, “белек кылып берген” деген куру чечен сөздү кайталап келишет. Бул – президент Владимир Путиндин сүйүп кайталаган “жомокторунун” бири.

Чын-чынында, Финляндия, Украина, Түштүк Кавказ, Кырым, Эдил-Урал, Ыраакы Чыгыш жана Түрстан чөлкөмдөрүндө эгемен мамлекеттер жана демократиячыл автономиялуу түзүлүштөр болшевиктер Орусиянын Чыгыш Европадагы бөлүгүнө өз бийлигин тыңгылыктуу орното албай алпурушуп жаткан кезде эле, – демек, Лениндин эч кандай катышы жок туруп, – негизделген болчу.

Бул советтик эмес аймактарды болшевиктер куралдуу күч менен каратып алышкан жана аларды колдон чыгарбоо үчүн советтик союздук же автономиялык мамлекеттик түзүлүштү сунуштоого аргасыз болушкан.

Империячылардын дагы бир жомогу – бирдиктүү ири мамлекеттин ичинде башка чакан жана эгемен мамлекетти түзүүгө болбостугу тууралуу жоромол.

Азыркы Италиядагы Сан-Марино жана Ватикан мамлекеттери, Батыш Европадагы Монако, Лихтештейн сыяктуу айрым башка эгемен, чакан өлкөлөр дагы демократиялык көз караш үстөмдүк кылган шартта чакан мамлекет ири мамлекеттин ичинде же ага чектешип жанаша жашай ала тургандыгын айгинелешет.

Ал эми мурдагы Советтер Биримдигинин жана союздук жумурияттардын баш мыйзамдарында СССРди негиздеген бул жактар Советтер Биримдигинен өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө акылуу экендиги таасын жазылган болчу.

Ушул конституциялык норманы таасын эскертип жазгындыгы үчүн эле кыргыз укук адиси, укук илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Нурбеков (1928–1985) атабыз тээ 1970-жылдары адилетсиз куугунтукка учурагандыгы да кыргыз улутунун эстутумунда калды.

Вологда шаарындагы И.Сталиндин айкели. 11.10.2024.
Орусиянын Вологда шаарындагы Иосиф Сталиндин айкели. 11.10.2024.

Ошол эле мезгилде азыркы путиндик Орусияда Иосиф Сталиндин жана мурдагы чекисттердин айкелдерин улам жаңы шаарларга орнотушууда. Бул жүрүм – жалпы советтик тоталитардык доорду жана падышалык империяны актоо далаалаттарынын алкагында жүргүзүлүп жаткан демейдеги иш-аракетке айланды.

Империячылардын падышалык доорду жана советтик тоталитардык өтмүштү сагынуу (носталгия) сезимине жооп кылып, ар кыл постсоветтик эгемен өлкөлөрдөгү айдыңдар өз элдеринин эгемендик үчүн көп баскычтуу күрөшүнүн бай тарыхын терең чагылдырышууда.

Орусиядагы көп этностуу демократиячыл айдыңдар дагы “декоммуналаштыруу”, “десоветтештирүү” жүрүмдөрүнө ар тараптуу жана бараандуу салымдарын кошуп келишет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG